ажал

китептерде 357 жолу, 10 китепте
  1. Өлүм. Адамга, жалпы эле жандууларга чектелген тирүүчүлүктүн – жашоонун бүтүшү. Тирүү жүрүүнүн, жашоонун аяктоо чеги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ажалың айдап жан шашып, / Кыргызга Таңгыт не тийдиң?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…рүп, / Так башыңды кесейин” / Деп ойлонуп Кененим, / Жалгыз жүрүп көптү алган, / Нойубаган эреним, / Эрлик жолдон тайбаган, / Эч кимге алын айтпаган, / Көрүнүп ажал турса да, / Башын булгап качпаган, / Сан- санаксыз жоо келсе, / Сабылып коркуп шашпаган, / Көптү көрсө күч алган, / Өрт жалындай тутанган, / Намыска белин буун… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Туубай туна чөгөйүн, / Тумшугу жок курган жан, / Бир беттешип көрөйүн, / Ажалым жетсе өлөйүн, / Өлбөй тирүү ким калат, / А дүйнөгө жөнөйүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Андан кийин калгандар: / “Өлгөнүн киши көргөн жок, / Көр казып аны көмгөн жок, / Бей ажал өлбөйт Семетей, / Батадан бүткөн бала” деп, / Айтып жүргөн ошол кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Киши колдуу болуп өлгөнү, жок өз ажалынак ооруп өлгөнү маалым эмес: кийин Ыйманкулду өлдү деп уктум. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →