адыр

китептерде 181 жолу, 9 китепте
  1. Майда дөңсөөлүү жер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…а, / Чыгышты карай тартканда, / Шор дайраны жакалап, / Чыгышка бара жатканда, / Кээде агын суу бойлоп, / Кээде керүү жер бойлоп, / Кээде деңиз жакалап, / Кээде адыр аралап, / Кээде тулаң күр басып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аттын изин кубалап, / Ар күнү топо дубалап, / Адырды басып аралап, / Кырга чыгып олтурса, / Өргөн иттей сабалап, / Ойдо жатат көп калмак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Адырда малың алты сан, / Алтының аккан суу болсун, / Таалайлуу болуп эл көктөп, / Тагыңа өчпөс кут консун, / Оомийин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аркайган нечен тоо калды, / Айнектей нечен түз калды, / Аккан адыр суу калды, / Кайкалаган бел калды, / Караңгы токой чер калды, / Адыр-адыр жер калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Аруулап жолун чалайын, / Адырда жүргөн эл болсо, / Айттырып сөзгө канайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →