адыл
- диал. Адил.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Башкарып элди турганда, / Ким билет деп Калдыкты, / Элден муну сураса, / Беттибеттин алдына, / Жайылма барды ал айтып: / — Мына бу келген Бекбача, / Башкача адыл кең пейил, / Кем-керчи жок эр экен, / Карап көрсөм Бекбача, / Телегейи тең экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…н ээрин калмакча, / Атка чыңдап токунуп: / “Кара кыргыз уруугу, / Кан ичме жинди улугу, / Жакыптын уулу Манаска, / Ата-журту алашка, / Ат изин салып көрөйүн, / Адылдыгы чын болсо, / Алдына төөдөй чөгөйүн: / Коңурбайдай олчойсо, / Коржоңдошуп көрөйүн, / Быдыратып күч жетсе, / Кабыргасын сөгөйүн, / Эби келсе тирүүлөй, / Көкчөгө …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…нөсүн, / Сасыган нечен бай өттү, / Күндүк токоч сурап жеп, / Күн кечирген дагы өттү, / Жүзүн көрбөй эл качкан, / Залым бааша жана өттү, / Өмүрүн эли тилеген, / Адыл нечен хан өттү, / Миңге чыгып кары өттү, / Энеден туулуп дагы өттү, / Курт – кумурска, бөй – чайан, / Кыймыл эткен тирүү жан, / Баарын өлүм түгөттү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
жардырып, / Жаманбайды жыргатты, / Желмогуздун тукумун, / Мына минтип кууратты, / Көкбука менен Жетилбай, / Сүйгөнүн колго тийгизди, / Карадөө жеген атасын, / Адылдыгын билгизди, / Балыкчынын баласы, / Абылды такка мингизди, / Кыстумбал менен испандын, / Ийинге элин сийгизди, / Кызыгышкан душманга, / Кыйындыгын билгизди, / Бил…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Ошондо Адыл, Мадыл жана Жалын: "Бул келин өзү сулуу болгону менен акылы ашкан шум келин экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →