адис

китептерде 38 жолу, 8 китепте
  1. Кандайдыр бир иштин аткарылыш жолу, ыгы, методу.
  2. Белгилүү бир ишке, кесипчиликке адистешкен, машыккан же ал боюнча атайын маалымат алып, үйрөнүп чыккан кызматкер; ишбилги.
  3. Кандайдыр бир иштин же бир нерсенин ыгын мыкты өздөштүргөн, машыккан, чебер, устат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Абыдан адис атмашка, / Ашкере жетик жөө машка, / Атагы бар манжууда, / Аты анын Бадала, / Далай эрди дардайтып, / Сайып алчу майданда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Адис болгон эриң кел, / Аңтара сайчуу тыңың кел, / Ааламды суудай чайкоочу, / Арылбаган чырың кел, / Үч күндөн бери чыдадым, / Туралбаймын эми мен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Дабытай үнү чыкканда, / Талана таамай укканда, / Андестик кылып шапа- шап, / Чокморун сууруп алганы, / Күүлөп- күүлөп чокморун, / Кененимди чапканы, / Адис көнгөн Кененим, / Балтаны кармап сабынан, / Талананын чокморун, / Кагып ийди алдынан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Этеги колдон кеткен кез, / Буйтадан калган найзага, / Эр Сомбилек жеткен кез, / Бергиси келсе жараткан, / Жакшылыгы өтө тез, / Өзү адис шамдагай, / Адамдан башка чабандес, / Адис болгон кара көк, / Найзаны эңип алганы, / Алаканга түкүрүп, / Бекемдеп сабын кармады, / Найза колго тийгенде, / Жалт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Сырганактагандын адиси мындай болот: ары жаткан чөптү колтырмоочтоп, көтөрүп келет да чыңк ылдыйга келгенде чанага отуруп муз тепкен балдардай бийиктин башынан чөмөбү менен өзүн коё берет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →