ади

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Чек, өлчөм.
  2. Укук, акы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Перилердин баашасы, / Нурзат келип жолукту, / Ала келди колуна, / Адимиден жоолукту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эт менен эки жалбырак, / Бир кишиге куйган суу, / Кош колдоп келип сунду эле, / Адимий тууган эр неме, / Этке, сууга карабай, / Жалбыракты колго алды, / Кеңкуланын жанына, / Айарлап басып барганы, / Көк жалбырак бир чөптү, / Кеңкуланын оозуна, / Өзү алып барып кармады, / Кеңкула ирмеп чайнады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Төш жарыдай бир сынык, / Аңырайган Адиктин, / Оң көзүнө мадалат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Адими асыл Чүрөктүн, / Сыйнатын көрдүм мен бүгүн, / Ак нике кыйып алсам деп, / Көңүлүмдө жүргөнүм, / Билбедим мурун немемдин, / Айтпай жүргөн шашырын, / Деп Семетей айтканда, / Айчүрөк туруп ойлонуп, / Акылымда толгонуп, / Кыз Чүрөк туруп ойлонуп, / Кыйалында толгонуп, / Жоготкон жогу шумкары, / Жоого минген тулпары. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →