адаш2

китептерде 91 жолу, 10 китепте адаш 1 →
  1. Жаңылыш, туура эмес.
  2. Бараткан жолду, багытты же бара турган жерди ж.б. таппай, жаңылып калуу.
  3. Жолдошторду таппай, кездеше албай калуу, кимисинин кайда экенин билишпей калышкан абал.
  4. Жаңылуу, жаңылыштык кетирүү, бир нерсенин туурасын, аныгын же жөнүн биле албай калуу.
  5. Алыстап кетүү, эл ичинде бирге боло албай, оолактап калуу.
  6. Мурдагы калыбынан танып калуу; жаңылышуу, жаман жолго түшүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бул жерде жалгыз мен өлүп, / Теңдеше албай Асылга, / Саранжа калмак ал өлүп, / Тете, Салаа дагы өлүп, / Хан Каракөз кошулуп, / Калбай хандын баары өлүп, / Маңгыттан келет хан Калдык, / Адашып жүрүп ал өлүп, / Беш жылга уруш узарбай, / Биз калбайлы түгөнүп”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Шум дүйнө алдайт адамды, / Напсиңди ачып адашсаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ “Алты күндөн бери жакка, / Аркамдан кабар болбоду, / Кененим калган белем деп, / Изимди таппай адашып, / Жоодарды сойуп кетем” деп, / Качып жүрүп жаны ачып, / Кез дайранын бойунда, / Жоодарга калды капташып, / Дүйшөмбүнүн шаарынан, / Кененимге баратып, / Көрө с… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жойкуманы кындады, / Найзаны кармап ыргады, / Өкүрүп атын сабашып, / Ойрон Сыргак баатырга, / Жетти булар жанашып, / Качырып барып эр Сыргак, / Кылт эте берди буйткарып, / Калды булар адашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Адашып кеткен Сейитек, / Атанын тапты конушун, / Аралап келди жер көрүп, / Жетитөрдүн баарысын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →