агыш
- Ак түскө башка бир күңүрт түс кошулгандан келип чыккан, таза ак эмес, бозомук ак түс.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— деп; / Ысыккөлдөн Медербек: / “Жетимиш миң аскерге, / Жеке тиер менмин — деп, / Түп атам Агыш, Кулетен, / Бул сапар сайып жоо албай, / Куру кантип мен кетем?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Үрбүдөн калган балдары, / Үрбүдөй боло албады, / Кулетендин алп агыш, / Андан тукум калбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эшилменин кумунан, / Сурнайдын үнү чуркурап, / Асман туман буркурап, / Абаң Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак, эр Сыргак, / Алдынан тосуп караса, / Кулетендин эр Агыш, / Токсон бир санча кол менен, / Келип калды котолоп, / Керүүлөй тартып жол менен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кара тер бойдо суу болуп, / Орой торой чалышып, / Койун-колтук алышып, / Кочкордон бетер койушуп, / Кээ-кээде башы кагышып, / Ооруганга чыдабай, / Маңкалары агышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Төрүндө катар тартылган, / Музбурчак, Агыш, Керкөкүл, / Үрбү, Сынчы, Төштүк ал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →