агым
- Суу ж.б. суюк заттын агуу кыймылы, агыны.
- Абанын, газдын ж.б. жылуу кыймылы.
- Белгилүү бир тарапты карай агылган топтун, массанын кыймылы.
- Кандайдыр бир нерсенин өөрчүү, өнүгүү же багыт алуу, алга карай жүрүү кыймылы.
- Көркөм-адабий же коомдук-саясий багыт.
- Топ-тобу менен келип-кетүүнүн, жүрүүнүн ырааты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Нечен агым суу келди, / Туйуктанып калбады, / Нечен токой чер келди, / Чулганып ага калбады, / Ашуусу бийик тоо келди, / Буйдалып мында калбады, / Үч ай - токсон күндүк жол, / Үч күндө жетип барганы, / Кеңкула минген кишинин, / Калбады бекен арманы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Оңду таштап оолугуп, / Алакең кирди сол колго, / Абал кудай кез кылган, / Алтымыш жигит осолго, / Көңүлү кетип бириндеп, / Көлдөттү ойун ошондо: / “Жалгыз агым жараткан,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Адам ашкыс бел окшойт, / Агымы катуу сел окшойт, / Үй токтоткус жел окшойт, / Карааны башка көрүнөт, / Кайраты бар эр окшойт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…ан адам таралып, / Жер бетине шаар салып, / Каканчын эли болгону, / Адам уулу барбаган, / Падыша арбак бак бурчун, / Кайнап жаткан Каканчын, / Кызыл деңиз терс агым, / Ошондон бери карата, / Орто жери Чынмачын, / Ат изин ага ким салган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Агымдап келе жаткан калың кол эми шаардын аягына жакындап калган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →