агар
- Ак болуу, ак түскө айлануу, бара-бара ак өңгө өтүү.
- Жарык болуу, жарык түшүү.
- Билимдүү, маданияттуу бол.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…лгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душман камаса, / Жатаар элең козголбой, / Таң агарды бүгүн түн, / Үшкүрүнүп көз жумбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кең деңиздей жомокту, / Кемечен кечтим, арыдым, / Кара чачым агарып, / Жетимиш ашып карыдым, / Улуу дастан “Манасты”, / Отуз жыл айттым узартып, / Жаагым качан талыдым?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…рыктап урчтанган, / Дөөлөр менен беттешкен, / Күч ортосун чектешкен, / Чепечеп шаанын шаары ошо, / Кытайга бери аралаш, / Айтылып калган кеп ошо; / Бир карасаң агарып, / Жайнап жаткан мелтиреп, / Мылтыкка дары ичер туз, / Кайнатып жаткан шор ошо; / Бир карасаң карарган, / Кургакка деңиз кошулуп, / Кайсы экени билинбей, / Күл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сыйпап койсо күмүшкө, / Аппак кылып агарткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эртең менен эрте, таң агарып атканда, тараза жылдыз батканда келин:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →