аган
- диал. Ал деген жактама ат атоочтун барыш жөндөмөдөгү формасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бура карап Бекбача: / — Бер кел, — деди Матанды, / Кеңешкор кылып, жаныңа ал / Конушбайдай агаңды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Угуп туруп, кулунум, / Мадана агаң турабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жакып бай турду Чыйырга, / Уккан кебин бүт айтып: / — Жүрүүчү эле сур тайды, / Агаң Балта дөө айтып, / Берип койуп алдында, / Чыңгыш алды бир тартып, / Жете келди аркамдан, / Жетелип келдим мен кайтып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күүлөнүп Кыйаз токтолду, / Кыңк эткен киши жок болду, / Кутубай агаң ошондо, / Баш көтөрүп козголду, / Айткан кеби бу болду: / — Ханым Кыйаз, не болдуң, / Акылың кайда жоголдуң?: / Калк бийлеген хан болсоң, / Өзүң байкап ойлогун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Агаң сенин мен болом, / Укканымды ойлосом, / Уктабай көөнүм кир болом, / Кудайга болдум ыраазы, / Сага кошуп койгон соң, / От койгондо Беттибет, / Суу тартуучу кудукка, / Түшө качып экөөбүз, / Өлбөй тирүү калган кез, / Уу берди деп катыны, / Элге тарап жалган кеп, / Атыбызды которуп, / Эмгичекти жүргөн кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →