аары

китептерде 14 жолу, 6 китепте
  1. Өсүмдүктөрдүн гүлүнүн ширесин соруп жашаган, чакса уусу бар чымын-чиркейлердин бир түрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ушуга акыл токтотуп, / Белин бекем буунуп, / Учуп чыкты Кызылкыз, / Сары аары болуп кубулуп / Каптап кирди кыргызды, / Моңгулдун эли чуу туруп, / Ошо күнү кечинде, / Таласка барып Кызылкыз, / Болуп жаткан жумушту, / Бекбачага угузду: / —… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыйалында Шермат хан, / Багдатты чаап алмакчы, / Келер жылы камынып, / Мисирге колун салмакчы, / Андан аары оолугуп, / Ооганга чейин бармакчы, / Жеңе алса мисир,ооганды, / Индистанды алмакчы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аарынын күчү бал менен, / Айымдын күчү хан менен, / Хандын күчү эл менен, / Катын күчү эр менен, / Кыйандын күчү сел менен, / Булуттун күчү жел менен, / Буудандын күчү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аарынын баары чогулат, / Кара чымын комоктоп, / Кескелдирик, көк кене, / Бөйөн, көгөн, дагы бар, / Чагуучу жандын баары бар, / Чачыкей жайы ушундай, / Деп бүтүрдү бар кебин, / Кайтарып жүргөн Сетертай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Оболу аарыны эстеп, анын берген кылын отко жакты эле, аары учуп келди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →