аарчы

китептерде 15 жолу, 5 китепте
  1. Бирдемеге жуккан кирди же башка нерсени сүртүп тазалоо, кетирүү.
  2. Бир нерсенин кабыгын сыйыр, кабыгынан ажыратып тазала.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эркекче кийим кийинип, / Белине кемер илинип, / Көзүнө сурма / тартынып, / Көзүнөн улам жаш чыгып, / Аарчыган болуп сурманы, / Көзүнүн жашы аарчынып, / Адагы келип турду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Арданган Күдүк алайып, / Ачуусу келип карайып, / Энтиге түшүп дем алсаң, / Текечердей танайып, / Энтелей басып алыптыр, / Жоолугун алып колуна, / Терин аарчый салыптыр, / Таң кашкайган маалда, / Алмамбетке барыптыр, / Күдүктү көрүп Алакең, / Айран азыр калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сүткө кошуп Айчүрөк, / Как ушундай дарыдан, / Кулагына тамызып, / Көзгө сыйпап жиберип, / Сулумсур деген жоолук бар, / Артына аарчып имерип, / Аңгыча Бакай абаңыз, / Кыл мурутун сылады, / Сылап кайра тарткыча, / Бир мурут чыга калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алты киши түк тынбай, / Маңдайдан аккан терлерин, / Арытып, аарчып алалбай, / Күнү-түнү дем албай, / Бек кыйналды шордуулар, / Ташып тамак бералбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бир күнү ысык ичкен, суюк чычкан, коко тикен менен көчүгүн аарчыган мастен кемпир баланын келинчегине келип: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →