аалам
- Бүткүл дүйнө жүзү, галактика.
- Бүткүл жер жүзү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…де, / Камбыл тууган Кененим, / Ар иштин жолун так билген, / Даңгыл тууган Кененим, / Тогуз жаштан бер жака, / Тоодой нечен дөө сайып, / Азуусун айга бүлөгөн, / Ааламды ьузар эр сайып, / Күндөй тийген табы бар, / Борошодой каары бар, / Көргөн адам жалтайган, / Ажыдаардай заары бар, / Андай нечен эр сайып, / Адис болгон Кененим…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бул ааламдан жоголду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ыз балбан, / Атынан түшүп жетелеп, / Тизеси жерге бүгүлүп, / Урмат кылып жүгүнүп, / Күмбөздү көрүп туралбай, / Көзүнүн жашы төгүлүп: / — Атагы алаш болгондо, / Ааламды алган кулданып, / Моңгулдан айрып бөлгөн, — деп, / Алтымыш уруу алаш деп, / Атагын алып берген, — деп, / Адам ата жаралып, / Андан адам таралып, / Жер бетине ш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Тагдырым ушунун колунда тургандай, ааламга аян болгон байбиченин алдында, анын чечимин күтүп, байлоого түшкөн кулдай уңкуюп, мен отурам.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бир күнү Султаналы баласына той берип шаардын падышасын вазирлери менен чакырып ааламда жок даамдарды тасторкон жасап, аябай тан калтырды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →