Куу түлкү
Жолборс бир түлкүнү кармап алат. Түлкү куйругун буландатып, тумшугун жогору көтөрүп:
– Мени жей албайсың! Мен мына бул калың токойдун кожоюну болуу үчүн келгенмин, – дейт.
Жолборс ары карап, бери карап анын сөзүнө ишенбейт. Анда түлкү:
– Жоке, ишенбесең мени менен бирге токойго баргын. Андагы бардык айбанаттардын менден кандай корко тургандыктарын өз көзүң менен көргүн! – дейт.
– Көрсө көрөйүн, – деп жолборс түлкүнү ээрчип жөнөйт.
Түлкү анын алдына түшүп алып, абайлап жүрүп отурат. Жолборсту көргөндөрдүн жүрөктөрү түшүп, туш-тушка качып, жым-жым жок болушат. Канаттуу куштар уяларынан уча качышат. Түлкү жолборско:
– Жоке, менден коркпой турган эч ким жок экендигине эми көзүң жеткендир-дейт.
Анда жолборс:
– Чындыгында сен абдан барктуу экенсиң. Айбанаттардын баары сыйлап, абдан коркушат тура. Сени менен эрегишип, жамандык кылуу болбойт, – деп түлкүдөн коркуп, кое берет.
Ошентип куу түлкү куулугунан өлүмдөн кутулган экен.