XIV
Эгин орогу болуп калган. Карыялар «быйылкыдай эгин чыгып көргөн эмес» деп жүрүүчү. Бирок чанда бир болбосо, элдин көбү бирдемеге алагды болуп тургандай, апийимден бөлөк жумушка баштагыдай баспайт. Апипийм — кайда болсо пул. Эл муну жакшы билет. Мындан башка жумушка кирүүнүн ордуна элдин көбү жоого аттанчуудай ат жаратып минип, ээр токумун жабдып, айбалта, найза жасатып, күн-тун дебей чакылдатып, усталарды узантып жаткан сыяктуу.
Бая күнү да бирөөнүн:
— Не бар, не жок, даяр болуп туруш керек. Замандын түрү жаман...— деп отурганында да бир мандем бар өңдөнгөн эле.
Кыдырма, Беккул, мен үчөөбүз тышка жатчубуз. Бүгүн күндөгүдөн эртелеп:
— Тургула,— деп бирөө жабуусун сыйрып кетти. Ыксыраган ширин уйкудан эрксиз ойгонуп кетип, уйпалактап, көзүбүздү ачсак, жер билинер-билинбес агарып келе жаткан экен. Биз ашыгып кийинип, бирден кокозону белибизге байлап, камынгыча бирөө жол баштап, жогору карай жөнөп да калды. Апийим кыштактын башында, жолдун боюнда. Күндө жанынан өтүп жүрүүчү бир кара үйгө жете бергенде, алдыбызда бара жаткан Көчкүн:
— Бас ой! Ок, кибиреген атаңдын көрүлөр! — деди бизге бир жеринен эсесин кетирип койгондой.
— Ичибизден кырмачыбыз Айылчы менен Түлөбай деген жигит. Сүт жакшы чыккан күнү булардын ар бири эки чыныдан (эки жарым кадак) алат. Айылчы — арамза неме, кээде Кыдырма менен менин кокозомду карап коюп:
— Алганың ушул элеби? — деп суракка ала берүүчү. Бул биздин кыра албагандыгыбыздан эмес, кымтып алдыбы деп, шек уруп айтканы. Мындайга көнгөндөр апийимди жалбыракка ороп туруп, ычкыр кашатына катып алат. Же кетип баратып, солдун арасынан бир жерди болосоп туруп таштай салат. Бул көбүнчө кытайлардан калган адис дешчү. Бирок Кыдырма экөөбүз мындай кылбайбыз.
Апийимди жалган түшкө чейин кырдык. Түштө үйгө келсек Солто менен Абийир (анын агасы) кечээтен берки апийимди жыйнап, эки жың, үч жыңдан кылып таңып, тактанын алдына кулатып жаткан экен. Апийим мындай көп болорбу. Бая бир түнү кыштоодон ороо казып, үч пуддай апийимди дагы көмгөн. Бирок бизге көрсөтпөйт. Апийим көмүшкө келгенде, же бир өз ара жашыруун сөз кылышмак болгондо, бизге:
— Силер бара тургулачы,— дей салышат.
Бир күнү кечинде дагы баягы үчөөбүз тышта, отко картошка салып коюп, кемегенин жанында отурат элек. Үчөөбүздүн тең көйнөгүбүз апийимге чылап алгандай сарала болуп, каңырсып турат. Үстүбүзгө жуккан апийим, чимкиригин үнөмү жеңине сүртүп жүргөн жаш баланыкындай болуп, какачтанып катып калган.
Биздин ылдый жагыбызда, бир үйдүн үзүгүн сыйрып алып, бир эки катын кийиз жамап отурган. Ары жактан ийик ийирген бир катын келип кошулду. Акырын гана күңкүлдөп, бирдемени кобурап отурушат. Ары жактан келген катын, бир убакытта кыштоонун артында тартак-тап, саржан салып жүргөн замчыларды карап алып (алар орус эле):
— Ушулар келип жер ченегенден бери жарыбадык. Жылдан-жылга тегеректин баарын кууруп эле келе жатат айтор...— деди.
— Бу жерден бизди дагы бир жакка оолатат экен деп жүрүшөт го,— деди кийиз жамап жаткандын бири.
— Апей, койчу! Ушуну менен кыштообуздан үч жолу которду эми...
— Анысын ким билсин. Бая күнү бирөө «бу жерге дагы мужуктар келип түшмөк болуптур» дегенден улам айтам...
Алардын сөзүн коюп, биз өзүбүзчө кеттик. Кыдырма бир кезде Кызыл-Кыя жактагы карагайлуу, бийик тоону карап алып:
— Бүгүн түндө качпайлыбы? — деди мага.
Бул биздин көптөн берки жашырын сырыбыз эле. Вирок качкан менен анда баргандан жыргабай турга-нымды, андан калса Элебестин «мына, баягы желмогуз дагы келди» дей турганын ойлоп, мен убада бериштен баш тарттым. Кыдырма ач талаада калган жаралуу жандай муңайып, чыгыштагы тоону дагы бир карап алды да, бир аз ойлонуп калып:
— Силер качпасаңар койгула, мен качам,— деди.
— Сага эчтеме эмес, биз барсак Элебес жакшы көрбөйт,— дедим мен.
— Мында кайсы чекең ысып отурат? Же таманыбызды тындырбаса, же бир уйку бетин көрбөсөк. Үстүңдү карачы, ушинтип жүрүп чирип өлөбүзбү? — деди көйнөгүнүн жеңине катып калган апийимди ушалап коюп.
Бир себептен качсамбы деп да ой кылдым. Мындагы мен эш тутканым Жыргалаңда орустун малын багып турган бир кыргыз бар эле. Былтыр ошондо мал багып үч айдай жүрүп келгем. Мен качып барганда көп болсо ушуга берер деп ойлондум. Мага бул Солтонукунан алда канча жеңил көрүндү.
Биз ушинтип отурган убакта, Айылчы тышка чыгып, бизге жакын жерге келип, саара кылып туруп жатып:
— Атакөйү, жамандардын эчкиче бөлүнүп алып отургандарын! — деп кекээрдүү, какшык күлкүсүнө салып жымыйып койду. Менин көзүмө буларга биз күнөөлүү иш кылып жатканыбыздай көрүндү.
Убадасына жетиптир, бир күнү эртең менен туруп жатсам — Кыдырма жок. Жаткан ордунун жылуусу көп кете элек экен. Буга карап, мен таңга жуук туруп кетсе керек деп жорудум. Бирок артынан түшкөн куугунчу шордууну куткарбаптыр. Күн шашке ченде, бирөө алдына салып алып, биз апийим кырып жаткан жерге өкүр-түп айдап келди. Кыдырманын көз жашы салаасалаа болуп ыйлап жүрөт. Бизге жакындай бергенде, айдап келе жаткан кишиси:
— Сенин атаң Ырай эмес — мен. Бас ылдам! — деп камчы менен желкеден ары түртүп жиберди.
Алар келе жатканда Айылчы мага жаман көзү менен алайып:
— Мынабу жамандар кеңешип туруп качырса керек,— деди. Артынан — силер менин кулумсуңар. Силерге кожоюн мына мен! — деп өзүнүн төшүн көрсөттү.
Бир айдан кийин Элебес келип, Беккул экөөбүздү учкаштырып алып кетти. Апийим тилими бүтүп, эми биздин анча керегибиз деле жок болуп калган. Мен да жарытып жумушка баспай жана баягыда «Кыргыздан солдат алат» деген кабар аскарлап алып, «эми заман кандай болор экен» деп, элдин санаасы бир жерге токтобой калтылдап турган убагы эле. Анын үстүнө «Солдат бербесе падыша уруш чыгарат экен, айылга солдат чыгарып, элди кырат экен...» деген өңдүү кептер бир жактан тарап кеткен. Бул убактарда ат жаратып минип, айбалта, найза жасатып, элден элге чабарман жибертип, кабар алып, күн мурун күтүнүп жаткан жерлер да болду. «Убаданы бир кылып, бар жерди текши кабарландырып туруп бир күнү кирели» деп камынып жаткан элдер бар экен деп да угулуп жатты.
Мен эң артына учкашкамын. Эңишке келгенде эс ала түшүп, өргө келгенде артына шыпырылып кетип барам. Күн бешим ченде жолдо, карагайдын арасында бир жалгыз үйгө түштү. Эркеги жок экен, үйдүн катыны бизди кош көңүлү менен тосуп алып, отко чай койду. Элебес тааныш экен. Экөө кобурашып отурат...
Ушундан жарты сааттай убакыт өтпөй, күтпөгөн жерден алыстан, айкырыкөкүрүк менен келе жаткан топ кишинин жалаңкычтай, ачуу дабышы чыгып калды. Үйдүн катыны менен Элебес сөздү коё коюп, өңдөрү бир заматта кубулуп, делдейе калышты. Жабыла тышка чыктык. Биздин маңдайыбызда, токой аралап кеткен жалгыз аяк жолго салып, тебетейин булгалап, үстү-үстүнө камчыланып, кыйкырык-өкүрүк менен кетип бараткан бирөөнү көрдүк. Токойдун биз жак четиндеги бал челектин жаны менен бир топ малды чаңдатып айдап жана бир топ адам өттү.
Элебес, карагайдын ачыгына чыгып, аңды-дөңдү карабай чапкылап кетип бараткан элге карай:
— Ой, эмне? — деп дабышынын барынча унчукту. Ашыгып бараткан элдин эч кимиси жооп берген жок. Берегинде бир, алдындагы койго шашып баратып, артынан кууп келе жаткан койчуга караган карышкырдай алактап, кетип бараткан бирөөнү көрүп, Элебес дагы жаңкыдай кыйкырып, иштин жөнүн сурады эле, ал:
— Падыша менен кыргыз урушуп калды! — деди да буйдалбай чаап кете берди. Бар укканыбыз ушул.
Ушинтип мындан бир нече мүнөт мурун жайбаракат жаткан дүйнө заматта бүлүнүп, чакчалекей түштү да калды.
Биз үйдүн чайына күтпөй аттанып кеттик. Күн батарга жакын Кызыл-Кыяга жакындаган кезде, тору бышты-сын энтиктирип, Бейшемби алдыбыздан чыкты. Ошондон бизди баштап алып, калың токойго салып, кайра төмөн карай алып кирип кетти. Бул убакта түн кирип калган. Баягыда биз отун алуучу калың токойду аралап, күңүрт тартып үн-сөз жок кетип барабыз. Алдан бир аз убакыт-тан кийин калың токойдун ичинде бир жерден билектей от жарк этип, кайтып өчүп калды. Биз ошону карай тарттык. Барсак баары биздин үй-бүлө! Башариндин чоң, кызыл бээси менен карагер кунаны жүрөт. Айраң каласың... Элебес менен сүйлөшүп жатып бир кезде Бейшемби:
— Кызыл-Кыяда жолчулардан жан калган жок. Башарин бүтүн мал-мүлкүн таштап качып кетиптир,—деди акырын гана, бирөөдөн жашырып, кеп уруп отургандай.
Мага көптөн бери сагынып келе жатып, Кызыл-Кыяны көрбөй калганым арман болду. Бабайдын үйүнүн артындагы тектир эсиме түштү. Бул тектир мени далай жубаткан. Ушунун кылда чокусуна жалгыз чыгып алып, эки жагыма карап, менден алда канча төмөн турган Башариндин үйүн көрүп, жер жүзүнөн тандап келип ушул жерге чыккандай, көйкөлгөн, сулуу чөптөрдү теңселтип, жибектей жылып турган таза желге, көкүрөгүмдү тосуп турганымда бир көңүлүм сергип, өзүм сансыз жылдан берки туткундуктан азат боло түшкөндөй болуучу элем. Чарчаган денеме жаңыдан бир кубат кире түшкөндөй сезээр элем.
Тектирдин тескейинде, бир жыбытта жылып аккан булак бар. Ушул булактын түбүндө отуруп алып далай жолу ойлонгонмун. Кэзде үйдөгүлөр урушуп жаныма кайгы батканда өзүм атайы жалгыздап, ушул жакка кетип калар элем. Ушул тектирден караганда тээтиги Каркырага кетчү жакты, алыстан бүлбүлдөп турган Түптүн көпүрөсү анын күнгө чагылышып, быжырап турган сайма жыгачтары көпүрөнүн үстү менен кербендер чубап, узун тартып, акырын гана каалгып жылып, өтүп бараткан өгүз арабалар, андан ылдый Чоң Булактын оозундагы Василийдин жаркыраган үйү, мен уй кайтарган жерлер, Башариндин Ак-Сайдагы бал челеги, Бабайдын чөп чабышы, мен чөмөлө тарткан ой, Серкенин кашаасы, Кыдырма болуп ышкын терчү чоң күңгөй — баары да саналып, көрүнүп туруучу.
XV
Биз эки күндөн кийин Сарытологойго көчүп барып, элге кошулдук. Элдин баары тоо таянып конгон...
Бир күнү Каркырадан Караколду карай өтүп бараткан он бештей казак орус ушунда тие кетип, маңдайда атыш болду. Буга мергенчилерин алдыга салып, эркек аттуунун баары кеткен. Күн бешим болучу. Атылган мылтык үндөрү сайдагы айылга жазбай угулуп турат.
Ушунун кечинде:
— Жапа баласы менен окко учту,— деген кабар угулду.
Бу жолу кыргызда булкунган катуу күч — калың букара-кедей, батрак, орто чарбалар болуп, көтөрүлүш-түн тизгинин баштаган да ушулар эле. Бий, болуш, манаптар өңдөнгөн кыргыздын эл билермандары болсо, ушул окуя башталгандан тартып, бир бет алып кете албай, эки ортодо жалтактап калып, аягында калың букаранын күчүнө көзү жеткен соң, көпчүлүккө эрксиз баш ийип, элдин кур шарданында гана жүрүп калган эле. Ошондуктан булардын көпчүлүккө кошулуп, согушка кириши — чын дили менен кириши эмес, анчейин гана калың элге кадырымды сактап калайын деген ой менен, жүзүн саткандык болуп көрүндү.
Элде тынчтык жок. Күндө бир жерге которулуп конобуз. Түн болсо эркек аттуунун баары айбалта, найзаларын кармап, бир жакты көздөй тартып беришет.
Бир күнү Бейшемби:
— Жоодон мал алып жаткандар көп болду... Мен эчтемеге тийгеним жок,— деп келди. Аныкын туура көрүп, Бурмаке:
— Албаганың жакшы, балакетиңди алайын! Бирөөнүкүнө кара санап кереги жок. Замандын түрү минтип турганда, кишиники эмес, өзүбүздүкү буюрарын кудай билет,— дейт.
Болуп жаткан окуялар тууралуу элде кулак элүү:
— Байсоорунду алып коюптур дейт.
— Саяк көтөрүлүп, бери карай көчүп калыптыр.
— Арык тукуму беш жүздөй кол курап, Караколго кириптир...
— Сарыбагыш эли кол курап, «урушабыз, качпасын» деп элди токтотуп жатат дейт.
— Саруу, Желдең, Кызыл сууга кирип, бир топ кыргын болуптур.
— Замандын шыйкы жаман. Элдин кача турган түрү бар.
— Кыргыз жеңилип калыптыр...
Ушундай алып качты сөздөр саат сайын, мүнөт сайын жаңылап угулуп жаткандай болот. Эл кимисине ишенерин билбейт. Ушунун артынан дагы бир күнү — «Пишпек менен Караколдун ортосундагы зым карагайларды жыгып, көпүрөлөргө өрт коюптур...» деген кабар угулду.
Арадан бир кыйла замандар өттү. Элдин түрү баштагыдай эмес, үй буюмдарын жеңилдетип, алганын алып, таштаганын таштап, камынып калган. Кээ бирөө дүнүйөсүн талаага таштап кетүүдөн кыйбай, салыкка салып жатып:
— Эми бул дүнүйө кимге буюрар дейсиң,— деп коёт.
— Залим падышанын кылганы!
Ушинтип эл ары-бери толкуп туруп күндөрдүн биринде четинен бузулуп-жарылып, көчүп да калды. Көчкөндө бүтүн эл түбүнөн көтөрүлө катуу толкугандай, жер бети шыкай толуп, камалышып, айдаган малдай каптап, эгин-тегин дебей тепсеп, кытайды карай бет алып, агып алып бир жөнөп берди дейсиң — «кудай», тирүү пендесине бербесин!.. Кээ бирөө жолду катар кетип баратып, ар кай жердеги бирин-серин байлардын зайымкелерине, бал челектерине, үйлөрүнө, эгин, чөптөрүнө чаап барып, от коюп, жалын асманга зуулап, чатырап күйүп, жердин бетин жоо тийгендей кылып, сыйпады да кетти. Ушулардын катары менен Башарин, Василий, Метрейдин үйжайларынан, бал челектеринен, үйүп койгон сары кыр чөптөрүнөн ыпын неме калбай күйүп, малдары жоонун алдына түшүп, Кызыл-Кыянын бети бүгүн жылас болду. Эл кумурскадай аралашып, чуркурап, ата-баладан адашып, ар бир уруу журт өзүнчө белги кылып, желегин асманга көтөрүп алды. Орулбаган эгиндер, чөптөр, ак сарай үйлөр күйүп, түтөп артта кала берди...
Мен Жолбун деген байдын тору тайын жайдак минип, коюн айдашып алгам. Башариндин кызыл бээсине сылай жүк жүктөп, анын үстүнө Беккул менен Эшпайды мингизип алдык. Бурмаке да бир бээге минип, эки баланы учкаштырып алган. Айтор, ушундай болуп жүк жүктөгөн унааларга экиден, үчтөн бөлүп учкашып чиркешип элден калбай эптеп, биз да жүрүп келебиз...
Эки күн дегенде Каркыранын башына келип түштүк. Бул жердеги Албан казагы алда качан жөңкүлүптүр. Шашканынан: ар кайсы журттарда чечилбеген үйлөр, казан-аяктар жатат. Ээсинен адашып калган иттер жүрөт. Деги дүнүйөгө кайрылган жан жок, эл өзөндөй агып, чыгышты карай кете берди.
Эми жолдогу бар жорукту терип кереги эмне, көчүп жүрүп отуруп, Каркыра, Туз, Капкак, Текес, Нарынкол деген жерлерди басып, кытай чек арасына да келип жеттик. Ушул кезде арттан сүрө түшкөн аскерлер да жакын калган. Мындан бир-эки күн мурун:
Кыргыздын бешиктеги баласынан өйдө дымын чыгарбай кырсын,— деп түркестан губернатору беш жүз солдат жибериптир,— деген каңшаар угулган. Көкүрөк элинен кийин, төмөнтөн көтөрүлгөн саяктар жүрүп отуруп Корумду, Чоң-Ташка келгенде артынан аскерлер кууп жетип капчыгайга камап алып элди кекилик уулагандай кылыптыр Ата-энесинин көзүнчө кыздарын зордуктаптыр. Бул кабар да жеткен. Балким ошолорбу, ким билсин!
Ушундай бирдеменин шек-шыбаасын билгендей, бүгүн элдин түрү да башкача болуп, көчтү таң заары менен жүктөгөн.- Шашке кез болучу.
Күн сурданып тумандап, чыкыроон тартып турган. Мелтиреген талааны каптаган көч кытайдын жерине өтө албай ары-бери толкуп, ийрилип турат...
Так ушул убакта арт жактан удаасы менен эки жолу күрсүлдөп замбирек атылды. Кай жерден атып жатканы маалым эмес. Баятан араң турган эл муну көргөн соң илгери карай дыр коюп жөнөй берди эле, чек арада турган кытай черүүлөрү (аскерлери) алдынан тарсылдатып аткылап дүркүрөгөн калың элди кайра жапырып таштады. Койлор мылтык үнүнөн чочуп, дыркырап кайра ачты. Эл кызарган өрттөй эки жоонун ортосунда калды! Калың көч уюлгуй түшүп, бир аз кидирип туруп булкунду эле, черүүлөр дагы жаңкыдаи жооп аларды. Тарсылдаган мылтык сүрүнө чыдай албай толкуган көч кайра жапырылды... Ошентип, бирде илгери карай каптап, бирде кайра тартып, уюлгуп, калый элдин тагдыры бир ууч болуп, акыр заман айланып турду.
Акебай эй! Мына мындан кыргын табат экенбиз дейт берегинде суру кетип турган бирөө.
Кетип калды!..— дешет.
Замбирек күрсүлдөп жана бир эки жолу атылды. Жаңкыдан жакын. Эл чуркурай түштү!..
Ошол кезде баятан бирөөнүн чегине батпай толкуп, тирешип турган калың журт «эми өлсөк да сенден өлөлү, сен өлтүр!» деп башын өлүмгө байлап, бардык күчүн жыйып бир таштагандай, черүүлөрдүн тарсылдатып, ок жаадырганына карабай калың көч, дүркүрөп каптап алып жүрүп берди. Ошол замат ээн жерде койго тийген ач бөрүдөй эми калмактар да чын оюнду баштады. Туш-туштан тарсылдатып аткылап, элдин үрөйүн алып, үйүрдүү малды үйүрү менен, жүктүү малды жүгү менен четинен тизип алып жөнөдү. Бара-бара тандап, малга, дүнүйөгө тойгондон кийин, көчтү аралап, сулуу кыздарды, келиндерди коштой качып кетип жатты. Муну көргөндөн кийин кыздарын жаман кийинтип, түрүн бузуп алгандар да болду.
Эл кара талашып алактап кетип баратып, бир кезде Музарттын күркүрөгөн, тайгак суусуна көч-мөчү менен, бешиктүү катын бешиги менен камалыша чуркурап барып, чогуу бойдон бир күрүлдөп кирди дейсиң — эми мындагы кыргынды сураба! Чуркураган сансыз үндөр адамдыкы экенин, айбандыкы экенин айрып болбойт. Бир жерде жүктүү мал агып бараткан, бир жерде элечеги чубалып, бешиктүү катын агып келе жаткан, бир жерде өлүп, суунун четине тырайып чыгып калган, бир жерде көмөлөнүп сууга кетип бараткан баласына чыркырап түшө калып жаткан, бир жерде селейген өлүгүнүн жанында боздоп турган... Эми кайсы бирин айталы! Кимди-ким билген заман. Өмүрдө түгөткүс бир жомок болуп жатты...
Мына мында адамдык ажарынан кетип турган бир катын безеленип, жүгүрүп келип:
— Кагылайын журт, жалгыз калып барам! — деп жоон топ көчкө жетип барды эле, эч ким кулак салбаган соң, сууга кирип бараткан бир жүгү бар өгүзгө барып жармаша кетти.
Мен Жолбундун коюн айдашып кийин калгамын. Өзүбүздүн көч кайда кеткенин билбеймин. Эл түгөл Музартты кечип, ары өйүзүнө чыкканда түн кирди. Эртеден кирген черүүлөр, калмактар али тынчытпай, элдин заманасын кууруп, таң аткыча тынчытпай жылкы тийип, жогору айдап барып, бир караңгы сайларга жыйнап жатты. Коктулар малга шыкай толуп, тетиги күңүрттөгөн караңгы терең сайларда үйүрүн издеп, чуркураган жылкылардын үнү түштөгүдөй создугуп угулуп турду-
— «Кызасыз кыямат жок» деген ушул. Илгери кыргыз да калмакты ушундай кылып бир чаап алганда «мунун эсеси кырк жылда кайтарылат» деп калган экен. Ошого быйыл кырк жыл...— деп бир кур карыялар кетип баратып, өзүнчө кобурап коёт.
— Дүнүйөгө көз тойбогон ач көз байлар, демейде кедейге бир тайдын күчүн берчү эмес эле, эми кантип жаны калып жатат экен?! — деп коюшат дагы бир катындар.
Эл Музарттан өтүп, жүрүп отуруп бир мейкин талаага келип токтоду. Бул убакта түн жарымы болуп калган. Аттын үстүндө башы шылкылдап бараткандар да мындан көп. Бакка жаңыдан учуп келип, жайланып жаткан таранчыдай, жандын баары кожурап, жүгүн түшүрүп, уук, керегелерин бузуп жагып, дароо казан асып жиберишти. Эл эки, үч күндөн бери казан асканы ушулдур! Көчтүн баш-аягына көз жетип болбойт.
Ошентип, эл бир аз тынчып баратты эле, бир кезде күтпөгөн жерден бир топ мылтык атылып калды. Баягы-дан бетер эл дагы чакчелекей түштү! Караңгыда эчтеме көрүнбөйт. Жандын үрөйүн алып, тарсылдатып, кирип келе жаткан черүүлөр экенин, же кууп келе жаткан аскер жетип калганын билип болбойт. Айтор эмнеси болсо да жандын баары чочуп, бүлүнүп, жаңы түшүрүп отурган жүктөрүн ашыгып кайра жүктөй баштады. Шашкан бойдон коломтодо жалбырттаган оттор жанган бойдон, асылуу казандар асылган бойдон жайнап кала берди. Бирине кайрылган жан жок.
Тарса-тур жаңкыдан күчөп кирип келди. Калың жоонун кучагына түшүп, кырылып бараткандай чуркураган эсепсиз үндөр эмне экенин адам түшүнбөй калды...
XVI
Көп болду. Кыш түшүп калган. Эл катуу кысылды. Малдын баары качып келе жатып жолдо бүттү. Падыша солдаттарынан кийин Кытай Калмактын куралдуу черүүлөрү чек арадан кезигип, эң акыркы малдарын ажыратып калды. Ак кардуу бийик ашууларда, күнсүз капчыгайларда калды. Кыямат кайым төрт жактан кысып, ач-арыктар чындап кысыла баштады. Бир табак данга катын-балдарын сатты. Ачарчылык залдарынан элди келте оорусу каптап, тунжурап, четинен кырыла баштады. Ата-баладан, бала энеден ажырады. Баягы баш аягына көз жетпеген сансыз көчтүн эми дайыны да жок. Кытай жерине келгенде чилдей тарады. Алды Үрүмчү, Жылдыз, Күчөргө чейин кетип, арты Чолок-Терек, Көк-Терек, Кулжа, Текестерде калды.
Ошентип кыш-күрөө кирип келгендиктен, ар ким өз башын арачалап, куу жанды куткарар бир тешик издеп, алда качан сызган.
Мына, берегинде көптөн адашкан жетим козудай сербейип, өмүрдө укпаган Көк-Теректи көздөй бет түзөп, көк жылгаяк муз басып, мынабу сур булут минип турган бийикте, жалгыз көч менен сандалып, биз да кетип барабыз. Бурмаке бөкчөңдөп, күчү жок бутун араң шилтеп, тайгактан тая-тая кетип баратып, кыямат кайым эми орногондой кезек-кезек бирдемелерди кобурап коёт.
— Кудай ай! Ак кар, көк музда чиедей жаш балдар менен эми кандай көргө алып барып тыгаар экенсиң! Кыш-күрөө бул...
Эзели кар өксүбөгөн бийик ашуу чаңыттап, аязы зыркырап күчөп алды. Калың бубак турган талдын баштары сынып кетчүдөй болуп ийилип турат. Бул чөйрөдө бизден башка мыдыр эткен жан жок. Батыш жакта гана бир тоонун арасынан үй өңдөнгөн бир-эки кара көрүнөт. Алыс. Мындан башка дүйнөдө тырс эткен неме көзгө илинбейт.
Элебес кызыл бээни жетелеп баратып, чыгыш жакты шыкырайып бир карап алды да:
— Бороон болбогой эле! — деди.
— Кудай, айланайын, жамандыгыңа ала көрбө! — дейт Бурмаке.
Агыяздан чыккандан кийин үч күндө Көк-Терекке жеттик. Эки тоонун арасында, сайдын боюндагы жети-сегиз түтүн Кызайдын айлына кеч курун суукта келип, жүк түшүрүп жатсак айылдын катын балдары бизге таңыркагандай жабалактап чыгып, карап турушту. Дөөлөт-бак деген Кызайдын жанына түшүп, көлдөн ала чыккан бир аз ууктарды жерге сайып жиберип, алачык жасап алдык. «Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы» дегендей каптаган он үч бүлөнүн токумдай алачыкка сыйба-сына ылаажы барбы! Башка түшсө ким көтөрбөйт. Ушул алачыктын ирегесине чейин шыкай камалып, айбандан айырмасы жок, болумсуз өмүр өткөрүп, биз да кыштан чыктык го!
Көп өтпөй бу жердиктер менен үйүр алышып кеттик. Мурун «Кызай» десе «кандай эл болду» деп таңыркаар элек. Эми көрсөк адаты, тили, турмуш салты — казактан айырмасы жок.
Бу жердиктер бирин-эки субай салтаңынан башка малынын көбүн Боз адыр деген жерге кыштатып, колунда калган малдарына тоодон чокулап, чөп чаап алышат экен. Тоолору бийик. Ошондуктан кышында чөптү сырганактап ташыйт экен.
Сырганактагандын адиси мындай болот: ары жаткан чөптү колтырмоочтоп, көтөрүп келет да чыңк ылдыйга келгенде чанага отуруп муз тепкен балдардай бийиктин башынан чөмөбү менен өзүн коё берет. Ошондон зуулдап отуруп, сайга барып бир түшөт. Сайдан көтөрүп алып дагы жогору чыгат.
«Сырганактап» деп ушуну айтат экен. Ушул зоолордон чөп ташып жүрүп, мен да далай сырганак көрдүм.
Бир күнү Дөөлөтбактын баласы — Нуржан экөөбүз келдик. Мындан мурун сырганак көрө элекмин. Үймөк карагайдын арасында экен. Чактап таң десем болбой жатып, мага чоң көтөртүп коюп, бийиктин башына араң жеттим. Сыргалай турган жерге келгенде Нуржан мени алдыга салмак болду. Буга мен салгандан көнө койбой:
— Мунуңду билбеймин, абалы өзүң жүр,— дедим. Ал чөбүн жерге коюп, менин жаныма басып келди да тааныбай жаткан кишидей эңкейип, бетиме карап туруп:
— Ой! Өлсөң кунуңду берейин. Жүр, түш алдыга!— деди. Бул сүйлөгөн сайын карагайдын арасы тилин туурагандай чаңкылдап, тең унчугуп турду.
Бул алдыга түшкөндөн эмне тартынат деп ойлоп, мен кол тырмоочумду мыктап, жиптин учун бышыктап кармап алдым да чөпмөбүм менен бийиктен өзүмдү коё бердим. Зыркырап кетип баратып, бир кезде көчүгүмдөн сыз өтүп кеткен соң, сунуп жиберген бутумду бүгүп алайын десем, учу кайрылып калып күүлөнгөн бойдон барып оңкомон түштүм. Андан оңоло бергенче болбой, артымдан зуулдап келе жаткан Нуржан коюп өтүп, эки-үч ала салып кеттим.
-----------------------------
Бир күнү Бейшемби мага бир кат алып келип окутту. Ошол күнү бир жакка барып келген. Катты мен окуй электен мурун анын маанисин ал Элебеске түшүндүрүп:
— Арыз. Эртең ушуну Кулжага берип жиберебиз,— деди. Кат үч барак кагазга жазылып, бир бетине жалаң кол коюлган. Бери болгондо эки жүз адамдын колу бар. Печет басылыптыр. Аягына коюлган колдорун киши тааный турган эмес. Каттын өзүн да кыйналып жатып араң аягына чыктым. Кээ бир ариптерин ажырата албай, бир сөзгө көпкө токтой берип, сөздүн маанисин кемитип алып «ошол жерин кайра окучу» дегизип отурдум.
Кат мындай жазылган.
«Орусиянын Кулжадагы Консулунун атына, Пржеваль үйөзүнүн кыргыздарынын суранычы.
Биз Пржеваль үйөзүнө караган Куртка мерген, Күңгөй, Ак-Суу, Түп, Күрмөнтү, Кең-Суу, Түргөн, Бирназар, Сөгөттү болуп баары сегиз болуш элинин кыргыздары 4595 түтүн эл кытай жерине келдик. Келгендердин көбү Кара Букара кедейлер. Жетим-жесирлер. Суранаарыбыз төмөнкүдөй: падыша өкмөтү биздин жерибизди, суубузду тартып алып, өзүбүздү тоого-ташка кууп чыкты. Бирок ошол карагайлуу тоолор да бизге тийбей, кийин казыналык болду. Отурган үйдүн орду, малдын жайыты акылуу болду. Ошентип талаа мужуктарга, тоо — казынага өтүп, биз күн көрүштөн калдык. Жадаганда от жагуу да кыйын болду. Бир түп карагайдын баасы он эсе кымбаттап, уч сомдон он беш сомго жетти. Белетти бир жылда эки жолу ал деп күчтөдү. Кедейлер муну кылууга колунан келе албады. Эгер бир түп карагай кыйсак, карагай башы он түп карагайга пиртөкөл жасады. Ар бир болуш жылына бир нече миң сом штраф төлөп отурду. Ошондо да колунда барлар төлөп, эчтемеси жок кедейлер түрмөгө камалды. Урушка жардам бер деп буйрук этти, биз буга беш жолу жардам бердик. Үй ичибиздеги кийим ,кечек, жипшуубуздан өөдө бердик. Тигип отурган үйүбүздү алды. Жылына бере турган эки налогдон башка түтүн башына дагы беш сомдон салык салып отурду. Гүбурнатордун буйругу боюнча бизге апийим айдатып, бир кадак апийимге он эки сомдон такси койду. Эгер муну башка жакка сатсак, төрт айдан түрмө кесип же болбосо беш жүз сомдон штраф салды. Мындан биз зыяндан башканы көргөнүбүз жок. Эң аягында келип, өзүнүн убадасын унутуп, он тогуздан отуз бир жашка чейин урушка барып, ор казууга киши бересиң деп буйрук чыгарды. Эл муну көргөндөн кийин солдатка алат экен деп түшүндү. Бу да биздин мойнубузга түштү. Кыргыздын эл билермандары өзүлөрүнүн балдарын, тукум журттарын спискеге кийирген жок. Байлар болсо сатып алып калды. Биздин он жети жаштагыбызды он тогуз кылып, кырктагыны отуз кылып каттап берди. Биз буга нааразылыгыбызды билдирсек, четинен түрмөгө камады. Анда жаткандарды атып, аса баштады. Түрмөдөн жаралуу болуп качып келгендер кабарды жаман деп угузду, ал атып өлтүрүп жатат деди. Мына ушундай катуу кабарларды уккандан кийин бизден тукум койбойт экен деп чочуп, кытай жерине карай тартып бердик. Жолдо катар кезиккен паселкөлөр бизди тосуп туруп, мылтыктын алдына алды. Арттан аскер түшүп, бизди койдой кырды. Мал жаныбыздын көбү Текестин оюнда Музарттын суусунда калды. Кытайдын черүүлөрү бизди чек арадан камап, эң акыркы калган мал-мүлкүбүздү тартып алды. Азыр биздин үй-жайыбыз, тамак-ашыбыз жок, бир татым тузубуз жок, кыш-күрөө болсо кирип келди. Ачарыкпыз. Абалыбыз кыйынга түштү. Ошондуктан биздин көз жашыбызды көлдөтүп сураган арыз-арманыбызды, ыракым этип, биздин башчыбызга жиберүүңүздү сурайбыз. Бечара карыптарга көрсөтө турган жардамыңыздар болбос бекен? Колубузду коюп, печет бастык».
Каттын сөзү ушул. Мунун натыйжасын бир айдан кийин уктук. Консулдан ракым болбоптур.