Конуп өтсөң бир үйгө. Жүрөгүм дегдеп желдедим, Бурулбай кетип калат деп, Учураша келгеним. Ар ким сага зар урат, Көрбөйүн деп ким ойлойт, Арстан Манас белегин, Элдин баары бар, деди, Баатырдан кабар ал, деди, Жүз көрүшүп калалы, Баштап келе кал, деди. Айттым ини бар кебим, Ошол менин келгеним, Келгенимди урматтап, Каңгайлыкка тааныттың, Жүгүнүп салам бергениң. Эми менден калган жок, Айтаарым жок кебим, Медеркан айтып токтолду, Кара чаар жолборстой, Эр Сомбилек октолду: — Медеркан ага, мен ини, Каңгайды жеңди иним, деп, Кубангандан келдиңби? Каңгайдан алчу олжо мал, Өткөрдүм сизге билгини. Койдун саны кырк миңче, Койду кошкун койуңа. Ырааккы жерге баралбайт, Таратып берсең канетет, Жакынкы казак тобуна? Каркырадан ар жакка, Он миң жылкы соогатты, Мен Таласка барганча. Алтын-күмүш бербейт, деп, Таарынып Медер сен калба. Жылында берет арбын мал, Айдап аны маа барба, Казак-кыргыз боору бир, Короосу бир, койну бир, Арстан Манас, эр Көкчө, Элден уккан кабарда, Булардын сыйы бөлөкчө, Семетей менен Үмөтөй, Эрегишип эрекче, Өчүгүшүп кийинче, Үмөтөйдүн Медетбек, Семетей көккө көтөрүп, Бөлөмдөн калган белек, деп, Эки хан казак элине, Хан көтөрүп койуптур. Айдаркан, Көкчө -эки ата, Үмөтөй менен Медетбек, Алар менен төрт ата, Медеркан өзүң турасын, Сени менен беш ата, Кол үзүшпөй келебиз, Ошондон бери карата. Биз жактан кетти алты ата, Мени менен жетиге, Жетип келдик бул кезде, Жүз көрүшүп турабыз, Сен экөөбүз бул күндө. Бейкут жаткан тынч элге, Катышып каңгай чыр салды, Кыргыз келип Таластан, Каңгайдан жылкы албады. Маңгыттан келип Калдуубет, Таңгыт менен моңгулду, Шибе, солон, манжуну, Кара кытай, анжуну, Катары менен алдады, Калдуубеттин кебине, Алданып булар калганы, Жер дүңгүрөп көпчүлүк, Кылбаганы калбады, Жети улук эли чогулуп, Жаныңда турган иниңе, Алы келе албады, Колдоду мени кар кылбай, Айкөл атам арбады. Айагында маминтип, Алтын, күмүш, зар ал, деп, Ага кошуп мал ал, деп, Эр-айалдан кул-күң, деп, Сулуусунан жүз кыз, деп, Кол куушуруп турганы, Акылынан адашып, Амалсыздан кылганы. Коркутуп алдык дегенсип, Айтканындай кылбайлы, Унчукпай алып баралы, Алтын, күмүш, мал-пулун, Такыр алып калалы, Жат-жаттыгын кылбайбы, Алып барып калмакты, Ак калпак кыргыз казактын, Арасына жыйбайлы, Алтымыш уруу алашты, Аргын кылып тынбайлы, Өз элиңе кеткин, деп, Кетирип ийип тыналы. Сенче кандай Медеткан, Ар жылы келип бергенин, Айдап кетип сен калсаң. Алдыңа барса жыгылып, Алымын азайт иш кылып, Кечирим кылсаң өзүң бил, Кайгыдан элди куткарып, Казак, кыргыз калкы бай, Жардысы жок жалпы бай. Бир жылдан кийин өтүп бер, Кек кылгансып дыңкыйбай. Ээ болду Медер аларга, Элүү күн өттү арада, Коктукат кеткен Сатайы, Келип калды калаага. Атайлап Сатай барганда, Окмогой менен Чокмогой, Энеси кемпир кошулуп, Баарысы келип калыптыр, Кырдакы кепке ишенип, Кошо келген каңгайга, Кожойун болуп алыптыр, Кээ бирин тилдеп сөз менен, Кээ бирин кардап көз менен, Кээ бирин уруп салыптыр, Жашырбастан, жаппастан, Сатай айтып барыптыр. Сатай, ылдам, болгун, — деп, Кемпир менен балдарды, Жай-жаткызып кондур, –деп, Сомбилек баатыр шаштырып, Алып барып аларды, Айабай сыйлап жаткырды, Бирине бештен кызматкер, Так алты күн бактырды, Артып келген жүктөрүн, Өздөрүнө ачтырды, Бекбачага берген заар, Кол сандыктан таптырды. Угузуп турут өзүнө, Каратып туруп көзүнө: Көтөргөн атам Бекбача, Көп кыйналсын баары, деп, Алып келгин тапкыла, Кошуучу буга даары, деп, Өлтүрчүдөн таптырып, Көп күнгө болжоп жаткырып, Кемпир менен эки уулду, Кел бери деп чакырып: — Эне болдуң сен мурун, Катын – балам бардыр, деп, Атайлап келсе силер деп, Арамдыкка көөн бурдуң, Ырысына кыргыздын, Бекбачадан мен туулдум. Уулу болсоң сен экөөң, Издебейт белең жериңди? Таппайт белең элиңди? Мен келгенде жабырап, Жасап айттың кебиңди. Үйүбүздү Беттибет, Өрттөп ийди дедиңби? Арам сийдик айбандар, Мага да буздуң пейлиңди. Калдуубетке ат токуп, Жер кыдырып келдиңби? Өз кылган ишиң өзүңө, Бурулбай бүгүн келдиби? Карап туруп ичкин! –деп, Чылаган заарды бердирди. Энеси кемпир кары ичти, Окмогой менен Чокмогой, Улуу-кичүү баары ичти. Кыймыл эткен ал үйдө, Кыбыраган жан ичти, Аз ичпеди көп ичти, Суусуну тунуп, кана ичти, Коркуп калды каңгайлык, Тиктеп калды далдайып: Барыбызга берет, деп, Баш билгини калтырбай, Үйүбүздө кырат, деп. Карсылдашкан кыргында, Канчасы барган каңгайдан, Караса баатыр Сомбилек, Ал көзүнө таанымал, Элүү бирге бердирди, Чакыртып келип андайдан. Ошол шаарга Сатай хан, Эрдиги ошол Сомбилек, Айтканына жанбаган. Калдуубет айткан сегизи, Качып кетип жоголгон, Анда Сатай жок болчу, Уккандан өлдү элүү бир, Мындайды кулак укпаган. Мана минтип баатырың, Каңгайдын элин башкарган. Баш кишиң өлсө силерден, Медерканга бар, деди. Медеркан кимди көрсөтсө, Ошонуң болуп ал деди, Түп атасы шер Манас, Көкчө өкүм бергендей, Медерканга дөөлөттү, Түгөнбөскө бериптир, Мал-пулун берип каңгайга, Араң жүргөн Медеркан, Калдайлыгы каңгайдын, Өкүмү колго келиптир, Баары ишин бүтөп болгондо, Сомбилек жөнөй бериптир. Каңгайдан чыгып баатырың, Таласка кетип баратат, Жер танапташ эмеспи, Элдин баары угуптур, Каңгай менен Таластын, Арасында бардык эл, Баатырдан соогат алсак, деп, Камданып булар туруптур, Үч жерде кыргыз топ болгон, Үч күндөн анда токтолгон, Тогуз күн конуп өткөндө, Он миң жылкы жоктолгон, “Эрлигиңе ыракмат!” Эл ыраазы кош болгон. Төөлөрүн чиркеп топтошуп, Калмактар барды Таласка, Капкара болуп окшошуп, Олжого келген кыз-келин, Аа кошулган эркегин, Төө жетелеп баргандар, Андан калган үч жүздү, Элиңе кайта кет, деди, Кет десе болбой кетпестен, Эл аралап кеткени. Эрге тийди кыздары, Келин, уулдар, тууганы, Калмак, кыргыз элдери, Аралашкан убагы. Үч миң төөдө алтын–зар, Казынага төктүрдү, Ойлогону ал эле, Көөнүндө ишин бүтүрдү. Эр Семетей бар чактай, Казына зарга жык толду, Төөлөрдөн бөлүп олжо алып, Таластакы эл тойду, Атбашы, Нарын кыргызы, Баатырдан олжо суратып, Арага киши койгону, Аркан тартып жүк артып, Төө жетелеп жөө басып, Араң келген калмактан, Соогатың ушул болсун, деп. Аларга кошуп койгону, Чогултуп келип кыргыздар, Атбашыга койуптур, Атбашынын ичинде, Калмак арык деген сөз, Как ошондо конуптур, Олжого келген калмакка, Жер айдатып тунуптур, Мына мындай кыргыздар, Жыргалга жетип толуптур. Каңгайга барып салышып, Карсылдашып чабышып, Өзөктөн канды агызып, Таласка кайра келгинче, Беш жылга саны толуптур, Эсептесе ай-күнү, Накай беш жыл болуптур, Бойунда калган Тынымкан, Эркек төрөп койуптур. Төрткө жашы келиптир, Атасы келип калаар, деп, Сүннөт кылбай ат койбой, Мана минтип жүрүптүр, Баласын көрүп Сомбилек. Сүннөт кылыш, ат койуш, Тойун берсем эми, деп, Тойдун камын ойлоду, Сырынын четин кылайтпай, Чакырчуу жерин болжоду, Отургузду алдына, Кат жазуучу молдону. Кара калпак, түркмөндү. Татар, тажик, өзүбек, Андайдан канча жүргөндү, Бадакшан менен Балыкты, Батышпай жаткан калыкты, Ламдын бели кыйманы, Боз үй тиккен кыйбаны, Чакырса тойго келүүчү, Үргөнчтүн журту кыйланы, Жетисуунун жерине, Жедигердин элени, Жеткире кабар берүүгө, Чоң ополдун бетине, Чоң Кашкардын четине, Жеркен, Хотен, Лопнурга, Кумарык, Арал, Азыкка, Ак калпак кыргыз эл жердейт, Ошолордун баарына, Наманген, Ташкен, Самаркан, Алты шаар, Анжыдан, Кетментөбө, кең Жумгал, Үстүнкү бөксө Алайдан, Калбай келсин баары адам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.