Опсуз Ойрот, чоң Калдай, Чогулткан эрден далайды, Манжудан келген канча аскер, Анжудан келген нечендер, Калмактан бар канчасы, Моңгулдан бар мынчасы, Маңгыттан бар Калдуубет, Тыргооттон бар Татакей, Баш айагы алптары, Отуз эки санаты, Ойрот өтө шок экен, Кылган ишин карачы, Кара-сары, көк желек, Кылкылдап аскер жык толду, Шаар менен тоонун арасы, Өзүнчө болуп упурак, Ошентип адам баласы, Келе жаткан көпчүлүк, Арасын байкап карачы, Көргөндүн көөнү бөлүнүп, Токтобостон санаасы, Алда канча түрдөнүп, Көпчүлүктүн арасы, Кошоктой найза өңөрүп, Коржоңдогон андан көп, Өңөрө албай атка артып, Сүйрөгөнү андан көп, Караанга келген чуркурап, Дүрбөгөнү андан көп, Караанын көрбөй баатырдын, Сүрдөгөнү андан көп, Көпчүлүктүн көөнү айнып, Кусуп жаткан андан көп, Үрөйү өчүп, өңү азып. Сөлдүрөгөн андан көп, Жан үзчүдөй эми эле, Өлдүрөгөн андан көп, Чокморум кана меники, Сүйрөп келгин бери, деп, Күжүлдөгөн андан көп, Өлөбүз бүгүн эртең, деп, Бүжүрөгөн андан көп, Таранчыдай бужурап, Кужураган андан көп, Жаны тынбай кымылдап, Күдүрөгөн андан көп, Улук болбой жерге кир, Кыргыз менен урушуп, Кырат экен бизди, деп, Кудураган андан көп, Найзасын ташка түйрөйтүп, Кылычын чаркка бүлөтүп, Тайарланып урушка, Дактайганы андан көп, Чокморун артып ийнине, Айбандын минип пилине, Чакчайганы андан көп, Түк бүткөндөн бер жакка, Дык тийбеген денеге, Саксайганы андан көп, Кере сакал, аргын жүн, Бакжайганы андан көп, Өрттөнгөн токой кептенип, Какжайганы андан көп, Адам билгиз арпы көп, Арбаңдаган алпы көп, Аттанып чыкты нечен сан, Айтып болгус салты көп, Апкаарып койбойт Сомбилек, Атасын тарткан таш жүрөк, Коргошун жүрөк жел билек, Коркпой турган кара көк. Булар минтип жатканда, Кара мендер басканда, Азабы кыстап жакалап, Акылынан шашканда, Окмогой менен Чокмогой, Көңүлүндө каралык: — Жүр экөөбүз баралык, Сомбилек менен Ойроттун, Урушун көрүп туралык, Кимиси жеңип баратса, Сыр алдырбай кишиге, Күч жакта тура калалык. Бүгүн да бар булардын, Жүрөгүндө арамдык, Булар чыгып бийиктен, Түздөгү элди карашып, Сомбилек, Ойрот – эки дөө, Бирин –бири марашып, Кан кумары айбандар, Балбандары бук болду, Жин жыттанып, бок сасып, Кан төгүлөр чак болду. Кан төгүлбөй неткени, Калмакка кезек жеткени, Каарданып Карөпкө, Карааны башка бөлөкчө, Жекеге чыгып беттеди, Качырган бойдон жеткени. — Отуз эки эр келген, Ошолордун ичинде, Менден тыңы ким деген, Атым менин Карөпкө, Кантип берем кезекти, Карап туруп бөлөккө! Кара буурул мингени, Кара темир кийгени, Чоң чынардай бойу бар, Бул дүйнөнү чогултуп, Соромун деген ойу бар. Күүлөп чокмор колго алды, Көрүнүп турган урчукту, Күрс дедире бир салды, Оморулуп урчук таш, Түзөлүп орду калганы. Көрсөттүм деп күчүмдү, Күүлөнгөн бойдон барганы, Күрзүсүн күчкө илбеди, Күүлөнгөнүн билбеди, Сомбилек күрзү чаптырбай, Көмө сайып жиберди. Карөпкө жерди кучактап, Найзаны тартып алгада, Кара кан жерге бурчактап, Балта менен коборбой, Чыкыйга чапты ошол чак, Жүрө берди Сомбилек, Карөпкөгө жер жастап. Тогуз ай жатып бир тоодо, Тор этине толуптур, Күчү толкун болуптур, Мен-мен деген дөөлөрдөн, Ошо күнү Сомбилек, Эки чаппай бирден чаап, Жыйырма бирди сойуптур. Өлгөндү көрүп өчөшүп, Каптап кирбейт өмдөшүп, Өлгөндөн өөдө менмин, деп, Сомбилек менден өлдү, деп, Бирден-бирден келишет, Бирден жарак көтөрүп, Жан алычу периште, Жанын ага тапшырып, Сомбилек турат көшөрүп. Күн уйага жашынып, Көз байланган чак болду, Жылдыз жайнап жыбырап, Көк асманга карк толду, Окмогой менен Чокмогой, Түшкөндө тайар болушту, Садага чапчу улагын, Тайар кылып койушту, Тууган боло калышты, Бала баатыр беренге, Садагасын чабышты, Садага чапкан улагын, Тайгандарга салышты, Тайгандар басып барбады, Талаада улак калганы, Ар жакка моңгул элине, Түк билдирбей бул ишти, Улагын жебей койгондо, Жаман көрүп эки итти, Сомбилекке бүжүрөп, Кеңеш кебин беришти: — Мында өзүң келгели, Эшик ачып моңгулдан, Бири үйгө кирбеди, Эки жеңең тең бой кат, Үйгө барып келели. Эптүүлүк кылдык дегенсип, Үйлөрүнө кетишти, Бастырбай кайра тайгандар, Алардын жолун бекитти. Тайгандар камап арсылдап, Эки тайган аргымак, Бастырбай атты такымдап, Жара тартып жесек, деп, Атырылып жакындап, Ажал ээси тайганга, Кара кашка ат айтат: — Андай эмес тайгандар, Азуулуудан балбандар, Арамзада кыйарлар, Караан болуп турушу, Жаман эмес бир иш бу, Билмексен болуп туралы, Күнү бүтүп суу түгөп, Боло элек мунун убагы. Аргымактан кеп угуп, Ачуу үнү басаңдап, Эки тайган соолугуп, Аргымак андай дебесе, Жегели турган оолугуп. Агарып чыгып таң атты. Жайнап аскер аттанды, “Жыйырмасы өлдү кечээ, — деп, Бирден чыгып жекелеп, Эркине койсом буларды, Бүгүн калбайт бирөө, — деп, Өзүм Ойрот барам, — деп, Буйта баштап өлгөндүн, Өчүн мындан алам, — деп, Кыргыздан келип Сомбилек, Далай жерди курутту, Куршугум менин кармады, Соо койбоймун бурутту, Чоң Буйтаны баш кылып, Көптүн көзүн жаш кылып, Катындарын улутту, Жетим кылды балдарын, Жеткилең элдин чанданын, Же жарадар кетирбей, Жер жастады барганын!” Өкүнчү батпай ичине, Өлгөндү алып эсине, Каары келип камыгып, Бар жарагын жам кылып, Калтырбай алып ат минип, Кабаттап темир тон кийип, Бастырып жөнөй берерде, Манжулардын Ботогой, Ал Ойротко жол койбой, Ачуусу келип акырып, Ойроттоп манжу бакырып, Калдайлыгын карабай, Атынан айтып чакырып: — Уккун Ойрот сөзүмдү, Эр санайсың өзүңдү, Мойнуңду толгоп болбойсун, Тазалаймын көзүңдү, Мен Ботогой турганда, Калдайлык ордуң сактагын, Мен барамын майданга, Балбандыгың чагынча, Ойрот, Буйта сен экөөң, Улуктукка жөлөнгөн, Калдайлыгың жоо билбейт, Алың канча көзгө илбейт, Улук болсоң Ойрот сен, Мен да улук билгин, — дейт, Намыс үчүн бул жерге, Тагымды таштап келдим! – дейт, Сомбилекке бет келип, Көрө элек киши кептенип, Тогуз ай жатып томолок, Эми турдуң сенделип, Оолугасың не мынча, Качан күчүң бар эле, Билесиң өзүң менчелик! Айабай айтып жемени, Оолукпай Ойрот тур, — деди, Минген тору Тобурчак, Атынын оозун бурду эми. Оройу суук кызталак, Орто бойлуу өзү чак, Булчуңдуу жилик, кең далы, Ботогой болбой камданды, Оолукккан менен Ойроту, Кой деп айта албады. Кер сары тарткан өңү бар, Кек толтуруп ичине, Келген капыр түрү бар, Андан мурун балбандан, Адам тилин түк билбес, Айбан мүнөз наадандан, Утур келген нечен жан, Учуратып көрбөгөн, Мындан мурун Сомбилек, Бул өңдөнгөн адамдан, Жекелеп келди Ботогой, А капырай наалат түн, Караанын көргөн бендеге, Караңгы болот жарык күн! Кара күчкө келгенде, Кагышып бенде жеңбеген, Күн чыгыштын тарабы, Туруштук буга бербеген, Тумтак күнүн түгөтүп, Эрдин баарын тилдеген, Калдайлык өкүм колунда, Кат жазып Ойрот ушуга, Өкүм менен кел деген, Алып учуп жүрөгү, Аслии тынчтык бербеген, Каарданды, бузулду, Ач карышкыр түрдөнүп, Сомбилекке умтулду. Тумпуйуп кабак бүркөлдү, Башына туулга чүмкөдү, Белгисин көрүп чочконун, Белдүү шерге күч келди, Мындай кеп ойго кетти эми: “Карсылдашып кан чачып, Теңдешер эми келгенби, Алы келсе Ботогой, Алып мени жеңгели?” Эрди көрсө эр теңдеш, Ал Сомбилек баатырдын, Жүрөгү чочуп желдеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.