Ар кандай эрдин тушунда, Өзүнө теңдеш эри бар, Моңгул менен кыргыздын, Ата-баба кубар сан, Түгөнбөгөн кеги бар, Ушул турган Ботогой, Соо койбостой пейли бар, Келе жатат Ботогой, Кең дүйнөнү кылып тар. Бура тартты Сомбилек: — Олуйа жардам бергин! – деп. Ат оозун бура тартканда, Баатыр менен бир жүрдү, Кара чаар жолборс жанаша, Жолборстун түрү кара чаар, Душмандын күнү болуп саал, “Манасты жолборс ээрчийт” – деп, Жер бетинде элдерге, Угулган кеп таанымал. Кара чаар жолборс карсылдап, Аргымактын табышы, Алтымыш аттай дабырап, Бир канаттуу кушу бар, Күн тийгизбей баатырга, Канатын жазып калкылдап, Сыр көрүндү бар жанга, Ким теңдешет андайга? Олуйа Гүлүс жар болуп, Көрсөткөн сыйкыр мындайда. Кара чаар жолборс көрүнгөн, Кашындакы тайгандар, Аны кайдан биле алсын, Көрбөгөн мурун калмактар. Калкылдап күндү бүркөгөн, Байакы куштун канаты, Төбөсүндө калдаңдап, Куштар учуп баратты. Көрүнгөн элдин көзүнө, Жолборс менен канаттуу, Арстан шердин тукуму, Мана мындай санаттуу, Көрүп туруп Ботогой, Эсинен бир аз адашты, Бала жолборс ошондо, Карматмак болду адатты, Каарданган Ботогой, Тик качырып жанашты. Бири өлсө бири бар, Атасы өлсө уулу бар, Агасы өлсө ини бар, Манас менен Коңурбай, Ак калпак кыргыз, моңгулдар, Арада канча кан акты, Өксүтпөй намыс талашты. Кезенип келген Ботогой, Чокмору бар колунда, Калканы бар жонунда, Туулгасы бар башында, Көмөрө кийген кашына, Беттешер киши жок эле, Беш уруктун элинде, Караандай күч карууда, Чарайна тартып көөдөнгө, Чама келип, чарк жетип, Жеңген эмес эч бирөө. Калбасы тийген ар элге, Ал Ботогой бар жерде, Беттеше албай жалтанган, Мен-менсиген ар бенде. Келатканын карасаң, Чакчелекей – будуң чаң, Жер жарылат тумандан, Асманды карай созулуп, Аркасынан топурак, Жөө тумандай уйулгуп, Күндүн нурун далдалап, Боз топурак буруксуп, Казаптанган бул чочко, Бала жолборс беренден, Ардангандан чыдабай, Аты-жөнүн сурабай, Айабай жанын үрөдү. Айанбай чаап жиберди, Чокмор менен салаар, деп, Кокустан тийсе чокмору, Бир балааны табаар, деп, Камынып турган Сомбилек, Найзаны кармап кез керип, Тайарданып сыкымдап, Кармаган чокмор колуна, Кар жиликтин булчуң эт, Эр Сомбилек муштады, Булчуң этти аралап, Найзанын учу чыкканы, Чаптырбастан чокморун, Түшүрүп жерге таштады. Чокмору түшүп арданды, Каар бетине айланды, Жети муундуу чайандай, Бүт бойуна заар алды, Сендеки найза менде, деп, Күүлөп найза кармады, Эп келтирип көкжалды, Как далыга бир сайды. Оодарылып козголбос, Адамда мындай тоо болбос, Козголуп койбой кара таш, Ботогойдун найзасы, Токсон барча быркырап, Найзадан сынган жыгачтар, Ар кайда учуп чыркырап, Алдында минген аргымак, Токтобой турат ыргыштап. Ошол кезде баатырдан, Кездемдин боосу чубалды, Кез керген найза чунайды, Алдында минген аргымак, Сайып өтө бергенде, Аркасынан чурады. Кылчайтып артын каратпай, Ээрдин арка кашы, деп, Омуртканын чени, деп, Сооттун ачык чети, деп, Сайганын жазбас кара көк, Мындай нечен санат көп, Андайдан канча сулатып, Алып жүргөн адат көп, Тамырын тартып кууратып, Ат үстүнөн кулатып, Калгандарын чуулатып, Көкжалдан найза жеткени, Көк дөбөдөй Ботогой, Көмөрүлүп кеткени, Томолонду Ботогой, Талабына жетпеди, Муштаган найза нетиптир, Ичеги боорун аралап, Өпкөгө учу жетиптир, Жүрөгүнөн кан акты, Эми эле тирүү Ботогой, Жер кучактап ал жатты. Баатырдын уулу Сомбилек, Маңдайда элге көрсөттү, Салакалуу адатты. Атырылып аргытып, Артынан чаң баргытып, Инимдин өчүн алам, деп, Каңгайдан Ойрот келатты. Минген кара алайак, Кара бойу турушу, Адамдан башка кызталак, Түрүн көргөн адамдын, Кең дүйнөсү кысталат. Узун эмес соройуп, Кыска эмес кодойуп, Кабагы бийик, өңү саз, Эки бети томолок, Жаткан иттей турат каш. Далысы кең, буту кууш, Бүткөн бойу тарамыш, Көмөрүп башка туулга, Кийгенинен жарашык, Алдындакы Алайак, Мингенине жарашып, Аттанып чыкты бул бетбак, Баатырлык жолун талашып, Ажал алып жакадан, Акылынан адашып: “Кылычты канга жууйум, — деп, Кыргыздан өлгөн эрлердин, Эр менен бирге эрлердин, Калтырбай кунун кууйум, — деп. Аттандым өзүм барам деп, Жети атамдан бер жакка, Өткөн өчтү алам!” – деп. Эки жагын каранып, Койго тийчү карышкыр, Ээрди-мурдун жаланып, Көрүнүп турат көзүнө, Көргөн күнү саналып. Кармагандан кан чыгып, Карагандан жан чыгып, Аркасында айдары, Сайга чыккан тал чыбык, Ыдыгына чыдабай, Алдынан шамал дуу чыгып, Кара жүздү байкаса, Кудай бетин нары кыл, Кужулдаган куу чыгып, Куйругунан атынын, Созула түшүп, буу чыгып, Кара тил найза колго алып, Чокморун артып, жонго алып, Кылычын салып кынына, Айбалта байлап жанына, Кетелеги такымда, Баары курчтан такырда, “Келе бери жарак деп, Элди карап жүргүнчө, Ала барсам болот, — деп, Бирөөнүн кеми болгондо, Тетиги турган Сомбилек, Жексен кылып койот”, Аты менен куралга, Аркандай адам таң калат, Адамдан чыккан нааданга, Ушул кезде бул Ойрот, Жыйырма беште бар жашта. Салкыны сырттын шамалдай, Ачуудан өңү татарып, Кырманда калган самандай, Алдымда өлдү канчасы, Өлүмдөн коркуп жазганбай, Өңөрүп өңкөй жарагын, Бастырып чыкты бул кандай? Эрки менен кудайдын, Эр жаралат ар кандай. Баатырлык менен Сомбилек, Эчтемеден элебейт, Мен-менсиген Ойротту, Бендеби деп бейлебейт, Бучкагына теңебейт. Зым-зым өтүп зымырап, Сүйүнгөндөн кара тер, Бүткөн бойдон жыбырап, Кара кашка аргымак, Токтобой турат тыбырап. Каңгайлардын Ойроту, Карааны калктан бөлүндү, Ойлогон жок ал чочко, Өз башына өлүмдү. Камандай болуп күркүрөп. Катуу келет бул бетбак, Кер сары тартып өңү азып, Ачуу келет бул бетбак, Берилеп элден чыкканда, Ажал алып жакалап, Алкымынан сыкканда, Атына камчы урганы, Куу найза болду алганы, Буудан бала баатырга, Бурулбай найза салганы. Эрлик кылып ченебей, Турган болчу кенебей, Күмөнү жок ойунда, Жолдошу көп немедей. Ойрот сайган куу найза, Боорунан тешип өтпөдү, Тик тигинен жарылып, Куу найза иши бүткөнү, Ушаланып жоголду, Найза тийген Сомбилек, Кыйшайып барып оңолду, Башынан багы кетпеди, Оодара сайып салууга, Ойроттун күчү жетпеди. “Байкабай туруп неттим, — деп, Элебесем мен муну, Элөөсүз өлүп кеттим” – деп. Арстан Манас баатырдан, Ата мурас санаты, Баатан айак барышы, Душмандан өлсө жаралуу, Күч алып берчү адаты, Жаралуу болгон ханы жок, Катуу тийген куу найза, Былк этээрге шайы жок, Көзү көрбөй күүгүмдөп, Гүлгүн тартып үлүңдөп, Кирпик ирмеп караса, Ойрот турат коройуп, Одурайып бир четте, Томолонуп түшөт, деп, Аттан ооп бир кезде. Өлдү го деп ойлонуп, Ойунда сонун иш болуп, Качырса сайып алмакчы, Байкап туруп билип ал, Ажалы жеткен калмакты: “Найзамдын жок темири, Ичине кирип кетти, — деп, Жыгылып калат бир демде, Жык ылбаса нетти” – деп, Жалмадым деп баланы, Жалаңгыч калмак турганы, Жаны ачыган Сомбилек, Эми карап турбады, Бөрү тилдүү көк найза, Булгап колго алганы, Буудан күлүк кара атты, Бучкактан нары бир салды, Жанаша түштү калмакка. Башына түйшүк салмакка, Карачкыдай чочойгон, Карааны жок арбакка. Бөрү тилдүү көк найза, Бөйрөктөн нары муштады, Найзасы эки бөлүндү, Оодарып аттан жыкпады, Солк этип койбойт бул чочко, Салмагы тоодой көрүндү, Сенин да алың канча? деп, Балакет баскан бул Ойрот, Баланы карай өмөлдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.