← Сомбилек 2/5

Өз ойунда Калдуубет, Өлүп кетти Сомбилек, Эки буту сынды, деп, Сасып жатып өлгөндүр, Бүткөн бойу ириң жеп, Курттун богу болгондур, Сөөгү куурап калды, деп, Ойунда жүрөт Калдуубет, Ким тосот менин алдым, деп. Кабар айтып саа бардым, Атам өлүп калды, деп. Буйта баштап нечен дөө, Өлгөнүн көзүм көргөндө, Көөнүм өсүп толкудум, Атамдын кегин алдым, деп, Сен жарадар болгондо, Сар санаа болдум кайгы жеп. Менин мындай ишимди, Билген белем Калдуубет, Айдап жүрүп ат багып, Далай жерге бардым, — деп. Быйыл үчкө жыл толду, Таласка барып кабарга, Сен келгели болжолу, Сени көрдүм көөнүм ток, Калтырбадым Сомбилек, Мындан башка кебим жок, Туралбаймын каңгайда, Тирүү койор пейли жок, Калдуубет өлбөй турганда, Уруксат кыл Сомбилек, Кийинки күндү ким билет, Өз ойумда так бүгүн, Табылгыс мага келди кез, Үй-бүлөм менен кеңешип, Барар жерим белгилеп, Жоголойун мындан тез. Деп ошентип баарыга, Айтып болуп абалды, Бура тартып кетишке, Тизгинин жыйа кармады, Бери карап тургун, — деп, Сомбилектин айтканы, Айтканың чын сөзүң ак, Тура турчу адам, — деп. Көчөмүн дейсиң шаарыңдан, Бул айтканың жаман, — деп. Көрүп тургун сен болсоң, Өлбөй тирүү мен болсом, Калдуубет менен Ойроттун, Кызыл канын агызам, Көөнү чердүү сендейдин, Өчкөн отун тамызам, Өлгөн атаң тиргизем, Ордуна сени мингизем, Суроосуз берем тагыңды? Султандыгым билгизем. Билмексен болуп сыр тарткан, Кара ниет жан болсоң, Сени да жерге киргизем, Мен сураймын бир кепти, Билесиңби сен? –деди, Барлык элге дайындуу, Бекбача мында келгени, Беттибетти хан кылып, Шаарды ага бергени. Айтылып жүргөн кабар бар, Мындан катын алганы, Анык кабар айтылбайт, Барбы, жокпу балдары? Ачык эмес бир кепти, Кулагында калганы, Бар болсо атам балдары, Атажурту Таластан, Неге кабар албады? Же болбосо эл журтун, Издеп не үчүн барбады? Уламалап укканда, Эки бала бар деген, Коктукаттын шаарында. Эстесем көөнүм зилдеймин, Аттары ким билбеймин, Алар билбей жүрөбү? Бар болсо ага, мен ини, Табылып калса тууганым, Ошого берем билгини. Унутканы тууганды, Алардын жайы билинди, “Ким өлтүрсө атаңды, Энеңди алып бер” – деген, Унутпаймын ал кепти. Таап алса инисин, Көзүн көрсө кимисин, Саа бербеймин бул шаарды, Туугандарга беремин, Атама ууну ким берген, Аны сурап билемин. Беттибеттин ордунда, Тактысы болсун белегим, Тийип калсын аларга, Инилик менин керегим. Сомбилек мындай дегенде, Айабаймын агадан, Шаар беремин дегенде, Баш тартпаймын өлүмдөн, Барды берем дегенде, Арам сийдик бул доңуз, Кара нээт болжогус, Оозу ачылып ыржыйып, Көзүнүн жашы кылгырып, Уйалбай айтат мылжыйып: — Жашырбай айтам билгенди, Элдер айтып бергенди, Мен билбеймин Бекбача, Ушул жерге келгенди. Укмуш кулак эл айтат, Көрбөдүк, уктук, деп айткан: “Бекбача мында келгенде, Бой тартып келет балдары, Алып берип кетет деп, Айалына бар малды, Беттибет кылган жамандык, Айабай ойлоп амалды, Бекбачага уу берип, Уу берди деп айалы, Бүткүл элге дуу берип, Аз келгенсип анысы, Үй ичине от койуп, Такыр күйүп өлдү деп, Шаар ичине чуу берип” Санаасын басып калыптыр, Ишенген киши Беттибет, Мындай калба салыптыр. Агаң сенин мен болом, Укканымды ойлосом, Уктабай көөнүм кир болом, Кудайга болдум ыраазы, Сага кошуп койгон соң, От койгондо Беттибет, Суу тартуучу кудукка, Түшө качып экөөбүз, Өлбөй тирүү калган кез, Уу берди деп катыны, Элге тарап жалган кеп, Атыбызды которуп, Эмгичекти жүргөн кеп. Мурун издеп жер таппай, Ак калпак кыргыз эл таппай, Атажуртум мен таппай, Жашырынып жүрөмүн, Ардангандан унчукпай, Бекбачадан туулган, Эки бала мында биз, Агамдын аты Окмогой, Эптеп оокат кылабыз. Менин атым Чокмогой, Беттибеттен корккондон, Эт жүрөк жүргөн токтобой. Кара нээт Беттибет, Жала жаап, айтып кеп, Каралык кылып келди, деп, Атамдын шаарын бергин, деп, Бир күн чатак кылат, деп, Атабыз кылат келип бул жерге, Хан көтөргөн Беттибет, Эл бийлетип каңгайга, Зал көтөргөн Беттибет, Атын атап барбасам, Мени кайдан эл билет, Ошол үчүн Таласка, Мен барышым мындай кеп. Сезип болду Сомбилек, Серпилип баатыр унчукпай, Ичинде турат жымыйып, Сыр алдырып туйгузбай: Аталаш бизде туугандык, Энебиз башка болсо да, Бир кишиден туулганбыз, Эки башка чоңойуп, Билише албай курганбыз. Окмогой менен Чокмогой, Чиренип жата берүүчү, Элиң мында жок ногой. Калдуубет менен Ойроттон, Качабыз дебе түк коркпой. Бирөөңө берем Коктукат, Ээлик болуп элди бак, Эмгегин тартып элиңдин, Андан кийин даамын тарт, Бириңе берем бул шаарды, Сен экөөңө каратам, Кара кырым каңгайды, Алдыңда кызмат кылдырам, Манжу, калмак буларды. Агаңа барып кеңешип, Ай балта кылыч, найзанын, Курчутуп мизин эгешип, Атанын уулу болгон соң, Тууган кылып койгон соң, Каралды болуп бергиле, Жат душманга теңдешип, Күрөшөлү айанбай, Көркоолор менен белдешип. Келбесе шайың андайга, Үйүңөрдө жаткыла, Сыр алдырбай бир жанга, Калдуубет, Ойрот өлгөндө, Мени карай чапкыла, Сени билип келдик, деп, Калмакта жүргөн караандаш, Билинбес тууган биз-биз, деп Мен беремин ал күнү, Шаарды экөөңө белгилеп. Угуп болуп Чокмогой, Коктукаттын шаарына, Эми эле улук болгондой, Алып учуп калдастап, Сүйүнгөнү ошондой: “Билбейт экен Сомбилек, Бекбачага уу берип, Бизди өлтүрүп койду, деп, Сыр алдырбай мен туруп, Тактыга чыксам болду” – деп. Көзүнүн жашын имерип, Тууганымды таптым, деп, Шолоктоп ыйлап жиберет, Ичинде турат Сомбилек, “Кектүүнүн баарын таптым, деп, Окмогой менен Чокмогой, Жер кучактап жаткын! – деп, Уу берипсиң атама, Азабын анын тапкын, — деп, Колуңа берип дартыңды, Чыгарбасам тарпыңды! Өзүңөр кылган ишиңер, Өз башыңа келтирип, Тарпыңды таштап талаага, Тамтыгыңды кетирип, Албасамбы өчүмдү, Олубасам көзүңдү, Өлүгүңдү кажырга, Талатпасам өзүңдү, Атама берген зарыңды, Каратып туруп бербесем, Жыпжылма кылып барыңды, Талпагыңды какырга, Таштуу жерге кербесем! Саман тыгып териңе, Дарбазага аспасам, Калганыңдын баарысын, Бешенеге жазбасам! Дал ошондой кылбасам, Канткенде болом мен адам!” Эликтирип эритип, Сени улук кылам, деп, Адаштырды мейитип. Чокмогой бала үйгө кайтканы, Уккан-көргөн кептерин, Окмогойго айтпады, Талашып кокус калат, деп, Коктукаттын шаарына, Ушул туруп алат, деп. Калдуубет келди аңгыча, Сомбилектин караанын, Көрүп калды бир чакта, Бастыралбай ыргылжың, Ой ойлоду бир канча: “Төрт айдан бери кыдырып, Ак карлуу тоону сыдырып, Жалтырак кара таш басып, Айырмачтай бел ашып, Ашууда азап көп тартып, Чөлдө жүрдүм кыйналып, Ысыкта суудай тер агып, Кашкардан бери айланып, Жардамга жан таба албай, Каңгайга келсем сандалып, Буйтанын кунун куусак, деп, Ойротко жүрсөм жалданып, Кабыл болуп айтканга, Ойрот мага алданып, Келгенин көрчү Сомбилек, Баскалы турсак камданып. Кайдан келди балакет, Эки буту тең сынык, Мен жүргөмүн өлдү деп, Дегеле ойдо жок эле, Темтейип жетип келет деп. Ойлорум калпка кетиптир, Карбаластан турганда, Кан ичер кыргыз жетиптир. Таласына кыргыздын, Баралбадым такыр, — деп, Талабыма жете албай, Өлмөкчү болдум акыр, — деп, Дүрбөтүп аскер кол менен, Ат арытып жол менен, Таласты барып бир көрсөм, Арманым анда жок элем!” Деп ойлонуп Калдуубет, Ойротту барып шаштырып, Жөнөдү булар бастырып.