← Сомбилек 4/6

Убайлуу кылдың мени сен, Ошончолук зар кылдың, Кай жеримен жаздым мен?! Жаш балапан кезимде, Жардамың барбы жетимге? Ак карлуу тоонун боорунда, Жан баспаган корумда, Ар нерсе түшөт ойума, Аман эсен жандыргын, Ак калпак кыргыз тобума. Жазганым болсо кечиргин, Жардамың болсо жеткиргин, Адам келбес туйукка, Амириң менен жеткирдиң, Киши көрбөс туйукка, Кимге мени жеткирттиң? Көк асман турса мелмиреп, Көк тиреп зоолор мелтиреп, Күн көрө албай жаш кезде, Көңүлүм азат темтиреп. Каралды болду үч айбан, Мындан башка карашар, Кара баштан жок болду! Көздөн агып кандуу жаш, Бала баатыр Сомбилек, Карып болду жалгыз баш, Ырп этерге ал калбай, Кырданып калды алсырап, Ээсинин көрүп абалын, Эки тайган кыңшылап, Алда эмне болду? деп, Аргымагы кишинеп, Жетип келди аркырап, Эки тайган кыңшылап, Аргымакты карасаң, Эриндери шалпылдап, Сүйлөшүп жаткан шекилдүү, Асманды-жерди карашат: “Балапанын учуруп, Алып кетти канаттуу”. Эки тайган сүйлөшүп, Кеп-кеңеши токтоду, Далай чөптү карашты, Мен табамын сен тур, деп, Эки тайган талашты. Ыркырашып урушат, Ырсайышып турушат, Ага чейин аргымак, Арага түшүп кеп айтат: “Азаматтын канаты, Ат болот” деп эл айтат, Жалганы жок чынды айтат. Адатыңдай экөөңөр, Аркар-кулжа баштаган, Ар түрлөнгөн аңдардан, Айдап келип таш-таштан, Арстан эрди баккыла, Жанынан кетпей жаткыла. Мен аргымак жол тартып, Баш бурган жакка оң тартып, Күнгөй менен салайын, Гүлдөрүн чөптүн карайын, Тескей менен салайын, Текченин чөбүн карайын, Ой-тоонун баарын аралап, Он күндө келе калайын. Тайгандар туруп кеп айтат: — Кой, аргымак, — деп айтат. Эки күн ууга баралы, Семизинен кайыптын, Кырк-элүүчө алалы, Айдап келип бул жерге, Азыган жээрге, Ушул жерге жаралы, Эр канаты сен элең, Ээбизге болгон каранды, Күнгөй, тескей араандап, Чөптү биздер карайлы. Азамат аман айыкса, Сен чуркайсын талыкпай, Кызматына жарайсын, Чапканына чаалыкпай. Ачык жерге чыкканда, Карышкыр келет кабышып, Тобу менен жарышып, Тобурчак, сени жеп кетет, Томуктай койбой талашып, Душманды кантип жеңе алат, Эр Сомбилек жөө басып? Ардык алып туруптур, Жоо жарагын асынып, Айыкканда кара көк, Сага минсин жарашып. Кемчил жериң сенин бар, Жедиресиң бөрүгө, Билбеген соң жыт кандай, Көргөнүң жок сен чөптү, Табасын кандай тааныбай? Чөптүн өзүн көргөнбүз, Жытын алып билгенбиз, Талашпагын сен бизден, Чөптү таап келебиз, Алып келип чөптү биз, Өз колуңа беребиз. Ит оозунан эр жейби, Сен бересиң баатырга. Тайгандардын айтканы, Туура келди акылга, Аргымак айтат аларга: — Арстанымдын жолуна, Мен болойун садага, Талаада жаттың, күчүктөр, Ачылбай көзүң жылтырап, Курсагыңда ашың жок, Чыдай албай кыңшылап. Ичи ооруду силерге, Мен тайармын минерге, Кара саным оорута, Каптыра чапты камчыны. Эки күчүк, сен үчүн, Кайыптан атты алтыны, Эт жаңылап жегизип, Айабастан бакты бу. Алынча кылып кызматты, Арстаным кара көк, Адам, айбан дебестен, Ар кимге иши жакты бу. Силерди бакты эт берип, Күптүү кылбай көп берип. Ачка койбой шимшитип, Антип жүрүп чоң кылды, Сен экөөңдү жетилтип. Мени бакты жем берип, Суусунума сүт берип. Арпадан берди түктөйтүп, Күркүлдөк болуп калат, деп, Чуркаганда күч келип, Өпкөсүнө тап кетип, Күрүчтөн берди жемимди, Жетилтти антип демимди. Душмандан кастык болот, деп, Кандагай менен каптады, Кара бойум чаптады. Өлтүрөлү атын, деп, Кездеп атты нечендер, Жебенин огу жетпеди, Найзанын учу тешпеди, Кылычтын мизи кеспеди, Ачкөз душман маа кылган, Кастыгы бекер кеткени. Чогулуп кылып тилекти, Дары чөптү издейли. Кеңеш кеби бүтүштү, Тайгандар кетти адырга, Кулжадан айдап түшүштү. Сары мүйүз кулжадан, Көк чаарынан аркардын, Эки жылы туу калган, Куу мүйүз болгон текеден, Бармак басым чыккыдай, Кармап сойсо чекеден, Өзөндө жаткан курунан, Он эки айры бугудан, Тоо эчкинин сурунан, Аралашып айдашып, Кулжа жатчу кумунан, Тоо кийик жүрчү курбудан, Айдап келди тайгандар, Алтымышты мындайдан, Байыркынын айбаны, Адамдан артык кам кылган, Баарысын жарып кайыптын, Сомбилектин жанына, Сүйрөп келип жам кылган. Эки тайган аргымак, Ээси үчүн камданды, Элүү күнү жеткендей, Кайберен эти камдалды. Аргымакка ошондо, Тайгандардын айтканы: — Сомбилек үчүн тайгандар, Алыска сапар тарталы. Насип болуп табылса, Ошол жерден кайталы, Эстесек бала баатырды, Эс алып кантип жаталы? Күнгөй менен тескейди, Жылга-жыбыр беттерди, Калтырбастан карайлы, “Аракетте-берекет”, Дары чөптү табалы. Күн-түнү жок жол жүрүп, Кырк беш күндөн калтырбай, Алып келе калалы, Манастан калган белекти, Айыктырып алалы. Айтып болуп тайгандар, Басаарына калганы, Аргымак ээрди кыбырап, Тайгандардын караса, Ооналактап шыйпаңдап, Кош эмесе, дегенсип, Жүрүп кетти шыпылдап, Батууга кире берерде, Аман болгун, дегенсип, Аркасын карап кылчаңдап, Көздөн жашын кылгыртып, Жолго түштү ыкчамдап. Түндүк жакты бетке алды, Күнгөй менен тескейге, Бөлүнүп булар жол салды, Күн-түнү жок жөнөдү, Эми кайдан тынч алды, Ойду-тоону кыдырып, Он тогуз күн жол тартты. Тарамыштар чойулду, Кызыл кан агып изинен, Тамандары ойулду. Кай жерлигин билбеди, Бир жерге булар келгени, Басалбай калды жадашып, Бирин –бири карашып, Күндө улар жүрүчү, Басчу жолду талашып, Жооруп кеткен таманын, Ит каадасы жалашып. Жылганын күнгөй бетинде, Аскалуу таштын тегинде, Өзөндүү суунун жээгинде, Бир топ бугу кочурап, Жайылып турат бир жерде, Карды ачып кайышкан, Чамасы жок тайгандар, Бугуну басып жээрге. Тиктеп жатса шылыйып, Ирмебей көзүн кылыйып, Элестеген кыраңдан, Көрүндү көзгө бир неме, Жакындап келди бугуга, Карап жатса бир неме. Келе жаткан бир айуу, Казан бактай таш менен. Бир бугуну урду бу, Өнөрүн көр айууну, Жамбашынан бир бутун, Сындыра чапты бугуну, Ачка жаткан тайгандар, Каңкылдашып улуду. Иттин үнүн укканда, Айуу качып жоголду, Таштап койуп бугуну. Ачка жүргөн тайгандар, Анда карап турчубу? Эптеп жетип жесек, деп, Кетип барат тайгандар, Өкүмү улук кудайдын, Сонун иши ар кандай. Бутун сүйрөп бугусу, Имерилди тумшукту, Чыга калса тайгандар, От ордундай көк чөптү, Жулуп жатат ал бугу. Итти көрүп тартаңдап, Качып жолго салыптыр, Аксаган буту бугунун, Сапа-сак болуп калыптыр, Бергиси келсе кудайдын, Ар бир иши аныктыр, Эки тайган ээрчишип, Чөпкө жетип барыптыр, Кандай чөптү жеди, деп, Шимшилешип калыптыр. Таманы чөпкө тийгенде, Канаган жери сак болду. Дарыны издеп таптык, деп, Тайгандын көөнү карк толду. Адамдан бетер сүйүнүп, Тамандары айыгып, Аңыраңдап түйүлүп, Тектирден теке алганы, Текенин кардын жарганы. Жинин силкип таштады, От ордундай жердеги, Чөптүн баарын жыйнады, Бекер калган карынга. Жыйнаган чөбүн салганы, Тойгончо жеп текени, Курсагы тойуп жыргады, Ачкан курсак тойгондо, Тайгандар карап турбады. Капшыра тиштеп оозунан, Арта салып мойнуна, Аламандап жүгүрүп, Ал тайгандар чуркады, Айал-үйөл кылбады, Баштакыдан беш бетер, Айабай жанды кыйнады, Алмак-салмак карынды, Алгоолошуп көтөрүп, Түн уктабай, күн тынбай, Келе жатат көөшөрүп.