← Сомбилек 5/6

Эр канаты аргымак, Сомбилектин жанынан, Бута атым кетпейт ажырап, Түн уктаса Сомбилек, Таң атканча түн сактап, Тиктеп турат жалдырап. Айак серпип бут тартпай, Ойгонот деп табыштап, Айды аркандап күтүптүр, Айтып кеткен тайгандар, Күндүн саны бүтүптүр. Алда эмне болду деп, Айтып кеткен убада, Күндүн саны толду деп, Өзөндү бойлоп жөнөдү, Мен карайын жолду, деп. Бура тартып басарда, Улуган үнү угулду, Айактакы аскада. Жумаланып тайгандар, Кулап түшкөн аскадан, Өөдө карай чыга албай, улуп жаткан экен деп, Жол табалбай башкадан, Же болбосо тайгандар, Керектүүнү тапканбы? Заңкайган тоону жаңыртып, Жарышып келе жатканбы, Сүйүнчү кебин айткалы, Баатырыңдын жанында, Боолук салчу аргамжы, Каршыра тиштеп аргымак, Капчыгай менен салганы. Аргымак антип жатканын, Бала баатыр көргөнү, Башын ийкеп жаныбар, Ойду карай жөнөдү, Кожобостон киргенде, Колтугун тулпар чойуптур, Ачып көздү жумганча, Аскага жетип болуптур. Эңкейип алдын караса, Тамандарын жалаша, Эки тайган жанаша, Эрмегин уксаң алардын, Эң эле сонун тамаша. Аттын көрүп караанын, Ачуу үнүн чыгарып, Улуганын карагын, Улуп-уңшуп сурады, Баатырынын абалын, Укмуштанып маминтип, Өтөт экен заманың, Эми карап көргүнүң, Аргымактын амалын. Алып келген боолукту, Бир башын тиштеп бекемдеп, Аскадан салды бир башын. Салаңдап боолук жеткени, Эки четтен тайгандар, Карынды чындап тиштеди. Колдору менен тырмышып, Аргамжыга асылды, Көрүп туруп аргымак, Санаасы эми басылды. Аргымак жипти бек тиштеп, Кетенчиктеп жөнөдү, Барган сайын өөдөлөп, Башкы зоого жакындап, Келе жатат чөйрөлөп, Аскадан чыкпай шып этип, Тартылбай аркан койгондо, Туйагы менен бек басып, Бере көр, кудай, деп басып, Тиштеп тартып чойгондо, Тартылбас мезгил болгондо, Туйагы менен арканды, Басып турат аргымак, Демжип тиштеп жаныбар, Тартып турат аргымак. Эки тайган окшошуп, Аргымак менен топ болуп, Аргамжыны жыйганы, Эки тайган аргымак, Эми карап турбады. Кишинеп аты аркырап, Эки тайган каңшылап, Жакын жетип барганы. “Мен айткан немедей. Минген атым, тайганым, Не жарашат ченебей? Бул үчөөндө кайгы жок, Ойлой турган кенедей.” Мойнун тетир буруптур, Аты менен тайгандар, Жанына келип туруптур, Шыйпаңдап иттер кыңшылап, Ийнинен тартат аргымак. Карындын оозун ачканы, Көзү көрдү Сомбилек, Карында жаткан чөп чарды. Элестеди көзүнө, Канаты менен буту жок, Ата-энеси чөп берип, Балапандын учканы, Кырданып өөдө оңдолду, Кыйлага баатыр ойлонду, Карынды алды колуна, Карады чөптүн баарына, Оңуна кудай салган чак, Көзү түштү дарыга. Жалбырактан жалмады, Жарым саатка калбады, Жаны мээйип жыргады, Жаңтайган бойдон жан жыргап, Жайдарың уктап калганы, Сомбилек уктап калыптыр, Аргымак, эки тайганы, Ашып калган чөптөрдү, Жарага жаба салыптыр. Аргымак суудан оозуна, Ууртап алып толтура, Тамызып сууну туруптур, Жараатка чапкан дарыга, Тамызып турду дембелеп, Жалбырак куурап калат деп, Жашартып улам бул чөпкө, Айбанда болсо жылкынын, Акылы артык бөлөкчө. Алты күнү, алты түн, Аңтарылбай уктады, Кээде чыккан тынуу бар, Кээде тынуу чыкпады, Тынуу чыкпай калганда, Аргымак менен тайгандар, Айабай эси чыкканы, Ээси өөдө болгунча, Карыш нары жылбады. Ойгоно турган чак болду, Колун алып төбөгө, Эки бутун чойгону. Көзүн ачып караса, Кылайган бойдо жара жок, Жегенине жараша, Табийаттын күчүн көр, Мындай нечен тамаша, Эр Сомбилек, аргымак, Эки тайган – төрт жанга. Ордунан турду оңдолуп, Ооруган жердин тайны жок, Тула бойу соо болуп, Мана минтип бирдемде, Маңдайда шору жоголуп. Угуучудай айбанга – Аты менен тайганга, Карап киши турганда, Сыр чечишип маңдайда, Эриккенде адамзат, Акылы кетет ар кайда, Эсине алып арбакты, Айтып турат аларга: — Түп атам Манас зор өткөн, Түртүшкөн бенде кор өткөн, Түртүшүп келген душмандан, Дүмүрүн казып түгөткөн, Айкөл атам Манастай, Ааламда качан эр өткөн? Санаасы бирге талапташ, Олуйа Кошой кары өткөн, Айдай бети жаркыган, Айткан кеп балдай татыган, Акылман Бакай дагы өткөн. Ирегелеш бир конгон, Жайытта малы бир болгон, Сандыгына зар толгон, Санаасы сүттөй ак болгон, Казактан канча хан өткөн, Кытайдан келген Алмамбет, Кылымдан ашкан зал өткөн, Нойгуттун ойон Чубагы, Оорагы артык будагы, Желиксе жеңген баарыны, Сээрлүү кийген тажыны, Кылымдын баары макташат, Кыргыздан Сыргак баатырды. Жаткан жерде жатын бир, Жайылганда малы бир, Жайы-кышы айыл бир, Айткан кепте акыл бир, Тамыры туташ такыр бир, Аралаш жүргөн жети хан, Айткан кебин акташкан, Акырет болуп бир-бирин, Жат душмандан сакташкан. Жан жагында жети хан, Ошо кезде алашта, Ордолуусу он төрт хан, Колбутуп айдап кошунун, Бейжинге барып кол салган, Беттешип бенде барбаган, Бейжинди тепсеп жол салган, Айкөл шер антип өтсө да, Семетей жетим жаш калган. Биздерге мурас болгон бейм, Кыдырып келет баштатан, Өз балам деп санабай, Жоодой талап алыптыр, Абыке, Көбөш, Жакып хан. Ак сүтүн берген Манаска, Чыйырды ыйлап чыркырап, Хан баласы Каныкей, Кан какшаган буркурап, Көрүп турган көпчүлүк, Сай какшап сөөгү зыркырап, Көтөргөнү Семетей, Көргөндүн баары чуркурап. Ботосу өлгөн ингендей, Бакайды кошо какшатып, Арбагын элден бастатып, Жол кайтартып чеп кылып, Манасты билген Бакай, деп, Абыке, Көбөш кек кылып, Чыйырды, Бакай, Каныкей, Көргүлүктү көрүптүр, Көлдөтүп жашын төгүптүр, Иттердин кылган ишине, Амалы канча, көнүптүр. Аркалап жетим баланы, Чыйырды менен Каныкей, Кара ханга барыптыр, Темир тоодо жол тосуп, Олуйа Бакай калыптыр, Жаткан Бакай тим жатпай, Сарытазды жиберип, Каныштан кабар алыптыр, Эр жетилип Семетей, Элин колго алыптыр, Эрегишкен эзелтен, Абыке, Көбөш, Жакыпты, Аймап Семей салыптыр. Чыйбыт, Кочкор-эки арам, Адыбай, Көлбай – төрт арам, Кыргыл баштап кырк чоро, Кыргыздан качып бөлүнүп, Кырылып булар калыптыр, Атын тартып, тонун жаап, Жолун тоссо Семетей, Райым кылбай кенедей, Кекжейишип бергенде, Семетей кырып салыптыр. Чынкожо бузуп Толтойду, Акунга баштап көп колду, Айчүрөк тартып алам, деп, Семетейден кем болуп. Өлүп булар жоголду. Ошол кезде кыргыздар, Кылымга саны карк болду, Бадакшан, Балык, кең Үргөнч, Баарысы буга баш болду. Арстан Манас барында, Алтындап минген тагына, Катарда бар он төрт хан, Семетейдин тушунда, Бадакшан, Балык, кең Үргөнч, Жедигер эли кошулуп, Санаты толду жыйырмага. Ак калпак кыргыз алашты, Олутуна кондуруп, Жыйырмага хандытолтуруп, Дуулап турган кезинде, Чубактын уулу Канчоро, Канжуткордун бири ошо, Жедигердин Кыйазды, Тымызын ичтен колго алып, Таласка келди жол салып. Жоо бөрүсү Семетей, Канчоро сайып капталга, Балта чаап Кыйаз какбашка, Бейажал өлүп Семетей, Алып кетип Көкмончок, Өлгөнүн анын көрсө да, Көмгөнүн тирүү жан көрбөй, Кайып болду он төрт жыл. Колго түшүп Гүлчоро, Жаман аттын айынан, Далысынан кестирди, Капталынан тештирди, Арамдык кылып Канчоро, Айчүрөктү олжого, Жедигерге кетирди, Чачыкейди өзү алып, Айабай чайкап кесирди, Олуйа Бакай карыга, Төө кайтартып жөө койуп, Жамандыкты жеткирди. Каныкейди кар кылды, Тамтыгы жок кийими, Бүт ыштанга зар кылды, Ак калпак кыргыз элинин, Заманасын тар кылды, Жедигерден башка элден, Кол үзүлүп айрылды.