Канатын кагып чаркылдап, Катуу үн чыгып баркылдап, Айырбай көзүн жалтылдап, Тилин салып акактап, Канатын сүйрөп салпылдап, Баласын көрүп баатырга, Келип калды жакындап, Эки күн эптеп багыптыр, Эне-атасы ал жерден, Кетпей туруп алыптыр. — Кыйын болду кана, — деп, Баласын нараак таштады, Алып кетсең мына, — деп, Канаты сынык, колу жок, Карып болгон балаңды, Тартпадың мага ыраа, — деп, Бала баатыр зарылат. Кишиге айтып жаткандай, Канаттууга таарынат, Кукулуктап жорголоп, Эне-атасы жетишти, Баласын көрүп жарасын, Экөө тең учуп кетишти. Эки күн болду келбеди, Унуткандай баласын, Келип тамак бербеди, Үчүнчү күнү түш менен, Ээрчишип жетип келгени. Тиштеп алып бир чөптү, Ыраңы жашыл көпкөктү, Эт жеп жүргөн неме экен, Зордук менен жегизди, Баласына беришти. Он күн турду ал жерде, Жана чөптөн калган жак, Жаңылап ага берерге, Балапан чөптү жегели, Он күндөн ашып бараткан, Акпай кандар басылды, Сынып калган канаттан. Кутулуп калды балапан, Бүткөн бойдо жараттан. Эки тайган аргымак, Ар күнү муну карашкан, Биз билбейбиз тапсак, деп, Ар кимиси санашкан. Акылы артык айбандар, Балапанды ар күнү, Көрүүчү булар жарадар. Балапан күнгө кактанып, Канатын тарап чакчайып, Кагынып кайтып түзөнүп, Дүмдүйсө жүнү саксайып, Учуп кетти бир күнү, Көкүрөк керип төш жайып. Аны көрүп Сомбилек, Эки көзгө жаш алып, Мусапырлык жолунда, Ыйлоого кирди муңканып: — Жараттың, кудай, жан кылдың, Ата-энемден тең айрып, Жал-жал карап жалтанган, Жетимдикте зар кылдың, Бүрдөп турган чагыңды, Кең дүйнөнү тар кылдың. Эрик берип чоң кылдың, Элирген баатыр зор кылдың, Ушу бүгүн жараткан, Не мынчалык кор кылдың? Алты атамдан жети атам, Болуп барат кубар сан, Ак калпак кыргыз алаштын, Намысын булар талашкан, Кыргызга кызмат кылам, деп, Кыйналды курган чымын жан. Жараткан сенин ишиң го, Бирине бирин кас кылган, Калдуубет болуп кас душман, Канчасы ага кошулган, Бутум сынып калды, деп, Түк кылбаймын мен бушман. Балапан болсо жарадар, Эне-атасы санаадар, Айбан туруп тили жок, Абыдан жанын кыйнады, Алып койсом жаныма, Атайын келип сурады. Дегеле, алла бербейсиң, Мен жетимди сурарды! Ата-энеси бар үчүн, Ак тоонун башын сыдырды, Баласынын камы үчүн, Айланды бүткүл кылымды, Дары болор чөптү таап, Балапанын учурду, Бутум сынып кар болуп, Кууп басарга зар болуп, Жаткалы өттү канча ай, Болбоду менин көөнүм жай. Зар болуп жатсам жалдырап, Билер кишим болбоду, Мени издеп, ичи ачып, Издээр иним болбоду, Кайда кеткен кана? деп, Кабарын элден сура, деп, Кайышаар агам болбоду, Түнүндө жатып уктабай, Түшүмдө көрсө көөнү жай, Жүрүүчү мени унутпай, Ата-энем болбоду. Жаратканда жалгыз баш, Айланар жок жатындаш, Эч болбосо аталаш, Эсине алар адам жок, Ар тараптан ичиме, Ар күнү түшөт кызыл чок! Ар санааны Сомбилек, Ар тараптан ойлоду: “Жумуру башта мендейди, Жапаага жасап койгону. Өлсөм калдым талаада, Өлүмгө жоктур эч даба. Таласка салып жатабы, Калдуубет чочко, чоң калба? Кыйынчылык күн келип, Кызыл ээк чалдарга, Чыркырап ыйлап жатабы, Кызыл муштум балдарда, Агып сүтү дирилдеп, Жаш эмчектүү жандар да? Жардам кылар киши жок, Жабыр тарткан андайга, Жазганың ушул өңдөнөт, Жаш чагымда маңдайга! Жалдырап кыргыз кыйналса, Убалы кимдин мойнуна? Артынып элдин убалын, Мен барармын алдыңа”. Өзүнүн жанын унутуп, Абдан калды кайгыга, Аркайган тоолор чыдабайт, Эр Сомбилек баланын, Эл үчүн кылган зарына. Ачып көзүн алайып, Жан жагына каранып, Атасы өткөн Манасты, Айландырып эске алып: — Айкөл атка кондуруп, Адамдан артык шер кылдың, Айры төштүү бет келбей, Алптын баарын кем кылдың, Айкөлдүн укум-тукумун, Алашка кызмат кылдырдың, Мен кептенген шордууну, Маминтип элден кем кылдың! Айактанып бастырбай, Айлантып башты тел кылдың. Өкүмүң өткүр жасаган, Өзүңө жанды тапшырдым. Ырыскымды түгөтпөй, Эки итке бактырдың, Эки түгөй күчүктү, Тууганымдай бел кылдым, Тулпарды минсем урушка, Агызып бойун тер кылдым, Мендей нечен муңдуунун, Көзүнөн жашын сел кылдың. Көрүнө түшсө көзүнө, Аргымак менен тайгандар, Ала тоодой бел кылдым. Ушул бойдон көз жумсам, Тулпарым калар токулбай, Калдуубет барып таласа, Ак калпак кыргыз элимдин, Сөөгү калар койулбай, Кажырларга жем кылар, Өлгөндөрүн койдурбай. Кантип тынсын Калдуубет, Уландарын кул кылбай, Босого маңдай, бото көз, Жубандарын күң кылбай, Намысын кыздын кетирип, Жер тиктетип кем кылбай, Айап койбойт душмандар, Аргымакты тер кылбай. Азууларын аркайтып, Атан төөнү жоор кылбай, Атажуртум Таласка, Айбандарды зор кылбай, Аманатың алсаңчы, Мени мындай кор кылбай! Уламалап укканда, Укмуштуулар айтканда, Нечен баатыр, нечен эр, Жалгыз менмин дегендер, Пейли суудан кенендер, Канча бааша, канча хан, Жер бетинде жаралган, Дүйнөдөн өттү тамам жан, Кара болсун, хан болсун, Жарды болсун, бай болсун, Ачка болсун, ток болсун, Дүмпөр болсун, шок болсун, Колу жок болсун чолоңдоп, Бокор болсун кодоңдоп, Сокур болсун олоңдоп, Узун болсун сороңдоп, Мулук болсун молоңдоп, Ороо болсун короңдоп, Улук болсун урматтуу, Сулуу болсун сымбаттуу, Асыл болсун кымбаттуу, Сындуу болсун сымбаттуу, Учкул болсун канаттуу, Тулпар болсун атактуу, Жазда өнгөн жалбырак, Күз болгондо кубартты, Кыймыл эткен баарыны, Кара жер соруп жылмайтты. Ошонун бири Сомбилек, Аркасын ойлоп ким билет, Элди эстесем алактап, Токтобой турат эт жүрөк. Оорагын айтып атанын, Жан багып жата албадым. Намыс үчүн удургуп, Токтоно албай желдедим, Түп атамдын жолун кууп, Ошол үчүн келгемин, Көөнүмө толбой жатыркап, Төшөктөн качып келбедим. Суктанган сүйүү кандырып, Сүйкүмдүү мээрим алдырып, Тынымканды бергенсиң, Тагдырың ушул турбайбы, Бүгүн тал түбүнөн жай бердиң! Эр Гүлүстөн абамдын, Бузукка колун кестирдиң, Далысынын терисин, Бычак менен тештирдиң, Аркасында абамды, Мурадына жеткирдиң. Каныкейди кар кылдың, Хан Бакайды зар кылдың, Өткөрүп жылдар арадан, Кадыксыз көөнүн жай кылдың. Семетейди өлтүрдүң, Көкмончоктун колунда, Ар жорукка көндүрдүң. Өлтүрүп кайта тиргиздиң, Ак көбө тонду кийгиздиң, Тайбуурулду миңгиздиң, Ак калпак кыргыз алаштын, Бийлигин колго тийгиздиң, Атадан калган алтын так, Кайта ордуна мингиздиң. Айчүрөктү алдырдың, Сейиттекке үч жылы, Тар курсакты жай кылдың. Кыйаздын канын чачтырдың, Ата конуш Таласты, Сейиттекке тапшырдың. Канчоро башын кестирдиң, Канчоронун кылганын, Өз башына жеткиздиң. Жинди болду Чачыкей, Арнап берсе аш жебей, Казабың менен кудурет, Кар кыласың ченебей, Кызмат кылдым кыргызга, Күнөөм жоктур кенедей. Кор кылсаң да, зор кылсаң, Бир өзүңө сыйынам, Айлар кетти алыстап, Тар жылгада мен турам. Аксакал Бакай абамды, Сен жараттың аларды, Тагдырың ошол кудурет, Ааламда тирүү ал барбы:? Адамга бердиң канатты, Түгөнгүс түркүм санатты. Аккуу болуп учканда, Чоң энем Чүрөк адаты, Каныкей, Бакай, Чүрөктүн, Ааламга даңкы тарады, Не жараттың, кудурет, Мендей шордуу баланы?! Эр Семетей, зор Бакай, Каныкей, Чүрөк, Гүлүстөн, Элдер айтат оозунда, “Өлбөй тирүү бардагы” Арбагынан өлгөндүн, Өздөрүнөн суранам, Өлбөй тирүү жүргөндүн. Заңкайган Алатооңдон, Залкайган терең кооңдон, Какжырап жаткан чөлүңдөн, Мелтиреп жаткан көлүңдөн, Төшүн жайып дагдайып, Кеңирсип жаткан төрүңдөн, Байчечекей жайнаган, Саймадан көрктүү бүрүңдөн, Сан-санаксыз кубулган, Көз жалтанган гүлүңдөн, Урмат менен суранам, Упурак болуп муңайам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.