← Сомбилек 6/8

Кул-күңдү ага беремин, Армансыз болдум дегенде, Беремин кийин эдебин, Арып-ачып жол басып, Араң келип капташып, Алдырып койдум дебесин. Өктөсү жок болсун, деп, Ойрот баатыр айтты, деп, Барып айтып сен келгин. Жумшаган киши барыптыр, Учураша калыптыр, Тили оозуна жукпаган, Жулуңдаган неме экен, Токтоно албай кыйшактап, Кудуңдаган неме экен, Түндө чыккан жылдыздай, Жымыңдаган неме экен, Орго салган түлкүдөй, Кылыңдаган неме экен, Күлүп сүйлөп ырсактап, Мылыңдаган неме экен, Тынбай ирмеп кирпигин, Кымыңдаган неме экен, Сомбилекке айтаары, Ойроттун айткан кеби экен. Укту баатыр бар кебин, Атайлап келген неменин, Ачуусу келди ошондо, Белдүү туулган берендин, Кыл муруту көрүнүп, Келе жаткан эрендин. Ойроттун кебин укканда, Колума келип түшсүн, деп, Орунсуз кеби чыкканда, Нар буурадай эстенип, Бирин, серин көрүнгөн, Кыл муруту тиктенип, Бетинен чыгып сары түк, Каары катуу, заары күч, Кабагын бүркөп, каш серпип, Бүркөлгөн күндөй түмпөйүп, Жерге күүгүм түшкөндөй, Күн көрүнбөй чүмкөлүп: — Келген киши кайтып бар, Ойротуңа айтып бар, Калың элге чаң салып, Кара аскерден кан агып, Өлүп эрлер аз калып, Ыйлабай бала уктабай, Эл бузулуп чайкалып, Батыш менен чыгыштын, Арасында Калдуубет, Качып жүрөт тартайып. Бооруна баспай далдалап, Жиберип берсин Ойротуң, Бекерге жанын кыйнабай, Өргүтүп мени сыйлабай, Калдуубетти калкалап, Каңгайдын элин жыйнабай, Жиберер күнүн болжосун, Айтканы айткан болбосун, Өлөр жагын ойлосун! Душмандыгы болбосо, Кол жыйабы Ойротуң? Алты калдай каңгайдан, Мол жыйабы Ойротуң? Ойрот, Буйта калдайдан, Кара калмак, каңгайдан, Атайлап келип Таластан, Каңгып келип алаштан, Аласын ала качпадым, Абийирин элге ачпадым, Пул деп куржун тешпедим, Кермеден атын чечпедим. Ормонунан от койуп, Чийки орбодум буудайын, Коло менен чалмадан, Колу менен жасаган, Карабадым кудайын, Аралап малым кеткен жок, Шекер кылчу куурайын. Сыйлашар болсо, чоң Ойрот, Калдуубет берсин колума, Ошол менин мудайым. Элге күйгөн эр болсо, Эки жакка тең болсо, Өз элинде жай жатсын, Кектүү киши Калдуубет, Келтирип колго карматсын. Алтын тагын берсе да, Кереги жок башканын. Бере албаса Калдуубет, Бүгүнкүсү канымет, Аттанып чыксын чоңдоруң, Өлөр жагын баалашсын, Илгертен өчүм бар десе, Өчүгүшүп кармашсын, Жалгызмын деп Сомбилек, Башымды катып калбасмын. Жалгыз кара бир башым, Арбагына сыйынам, А дүйнө кеткен Манастын, Ураанына жөлөнөм, Ак калпак кыргыз алаштын. Урматына талапкер, Олуйа Гүлүс абамдын, Кыргыздан келген Сомбилек, Өзүм жалгыз бир жанмын, Мындан башка кебим жок, Эми сага айтаарым. Айта баргын Ойротко, Айтканымдан кайтпаймын, Мени койуп Ойротуң, Өзүнүн алын байкасын! Өчүгүшсө чоңдоруң, Жер козголуп суу толкуп, Кызыл кандар чайпалсын. Жан айаса чоңдоруң, Калдуубет берип жай жатсын! Келген киши кайтканы, Ойротко кебин айтканы, Кебин айтып болгончо, Өлүп кете жаздады, Сүйлөй албай демигип, Араңдан зорго тас калды. Ээрдин тиштеп ошондо, Ойрот башын чайкады, Шамал ыргап жаткандай, Сакалдары жайкалды, Карап турган кээ бирөө, Корккондугун байкады. — Ээ, капырай, кандай кеп, Жалгыз башым Сомбилек, Мен барабар дегени? Мунун минтип айтканы, Кемсинткени эмеспи? Менин атым билбеген, Даңкымды уккан сүрдөгөн, Атам Манас дегени, Опозо кылган бир кеби, Калдуубет кармап берсин, деп, Душманымды бербесе, Ылдамыраак келсин, деп, Ажал алып жакадан, Айткан экен бул кепти. Кантип адам тынч алат, Кулак угуп шум кепти? Бүгүн алар кезегим, Буруттагы көп кепти! Алдында өзүм барайын, Атасы Манас тирилип, Абасы Гүлүс биригип, Үчөө катар келсе да, Көмө чаап салайын, Көк шиберге көйкөлтүп, Көөдөндөн канын жайайын. Жатпагын аскер аттангын, Кара, сары, көк желек, Калкылдата аштагын, Селдей болуп түрүлүп, Калтылдатып таштагын, Бардык иш тайар болгондо, Майданды өзүм баштайын! Айтканынан жанчу эмес, Аттанбай аскер калчу эмес. Аттанып аскер болгончо, Камынып Буйта карарды, Ойлонот Буйта ичинде, Эң алдында барарды, Ойротко нөөмөт бербестен, Өзү сайып аларды: “Мен Ойроттон эрмин, деп, Отузда жашым Буйтамын, Тетиги турган Сомбилек, Кайратым андан кемби? – деп, Арканча мыкты болсо да, Эрдиги мага теңби?” – деп. Күчүн-күчкө улантып, Сайышар жерин белгилеп, Кубанып турат Калдуубет: “Ойрот, Буйта бул экөө, Сайып алса мейли, — деп, Сайдырып ийсе кокустан, Хандыгы мага келди, — деп, Кутулбас жерге Сомбилек, Тар кыйагы кирди, — деп. Сексен миң аскер кол турса, Пил көтөрбөй жөө жүргөн, Тетегедей зор турса, Ойрот, Буйта экөө өлсө, Сомбилек кайдан кутулат, Тетеге найза көтөрсө? Тетеге манжу уругу, Тегин киши бул эмес, Нескаранын тукуму”. Деп ойлонуп Калдуубет, Түк кишиге ийилбес, Бул түгөнгөн кара бет, Ойлогону арамдык, Карап турат кеңгиреп, Эчтеме менен кээри жок, Тетеге турат зеңгиреп. Каңгайлык кылат кабызет: Буйта чыкты алдыда, Сомбилекти жеди, деп, Буйта атка мингенин, Ойрот азыр биле элек, Айтып койгон кеби бар, Алдында өзүм барам, деп. Ойрот мында камына, Буйта барат алдында, Токойдон чыккан камандай, Токтобостон чамына, Көпкөк муздай көгөрүп, Үстүнө соотун жамына. Оолугуп Ойрот бакырды, Токто деп, Буйта чакырды, Кылчайып артын карабай, Ойротту улук санабай, Токтобостон эр Буйта, Сомбилекти качырды, Сомбилекке жеткинче, Артынан Ойрот жеткени, Алдындагы Буйтаны, Тоңкойтуп сайып кетти эми. Олойо тиктеп Буйтасы, Таштады Буйта уйатты, Чоң Ойротту качырды, Комдоно минип сур атты, Экөөнүн көрүп түрпөтүн, Калдуубет атын чуратты, Ойунда келет Калдуубет, Ойроттон ачуу сурашты: — Ойрот, Буйта не болду, Эки калдай окшош дөө, Эс-акыл кайда жоголду? Буйта алса кимди алат? Сага кайаша сөз айткан, Сомбилектей эрди алат, Буйта сайып түшүрсө, Ойрот сайып алды, деп, Жакшы атагы саа калат. Сенде калдай өкүмүң, Жыңзы таш бар башыңда, Мурун чыккан бул Буйта. Кызмат кылат алдыңда. Кылмак кызмат сен үчүн, Аман-эсен турса деп, Кыйбайт сени барууга. Жетип келип Калдуубет, Жандата айтып ширин кеп, Жараштыра салыптыр, Ойрот кетип ордуна, Ортодо Буйта калыптыр. Алдындагы сур атты, Камчыга Буйта бөлөдү, Терисине сыйбастан, Качырган бойдон жөнөдө. Улугунан найза жеп, Өчөшүп Буйта көгөрдү, Казандай темир туулга, Төбөсүнө көмөрдү, Түк келтирбейт ойуна, Бул түгөткүр өлөрдү, Кара ташка түйрөгөн, Көк найзасын өңөрдү. Чойун башы такымда, Чуркаганы сур аттын, Байкаганга закымда! Кылыч кында кыңгырап, Найза колдо шыңгырап, Ай балта белде шаңгырап, Кызыл мистен доолбас, Чымын тийсе заңгырап, Кош чаңырык үн чыгат, Боздогон төөдөй каңгырап. Кийгени темир чытырап, Ындыгына чыдабай, Кырчын талдар чытырап. Көөдөндө соот, чарайна, Көк дөбөдөй көрүнөт, Көз жиберип караса. Өмүлүп кетип баратат, Сомбилекке барарга, Өз ойунда буйтанын, Көмөрө сайып саларга. Кебелбей турат Сомбилек, Эч нерсе албай санаага, Козголбос жүрөк бериптир, Жаратканда аларга. Коргошун жүрөк, жел билек, Коркпой турган Сомбилек, Сүйүнгөндөн чыдабай, Эт жүрөгү элжиреп, Салкын сылап айдары, Аркасында желбиреп: “Алдында чыгам мага, деп, Чоң Ойроттон жыгылды, Ушул Буйта мени деп, Томоролду сур аттан, Дал ортодон найза жеп.