← Сомбилек 7/8

Туруп берем кезекке, Арманы мунун калбасын, Оодарылса мейли” – деп, Көрмөк болду Сомбилек, Күч ортосун белгилеп. Алдында минген сур атты, Ойнотуп Буйта келатты, Туруп берген баатырды, Ирмебей кирпик качырды, Алдыңкы ээрдин кашы, деп, Табарсыктын башы деп, Каары менен бир сайды, Кайраты артып Сомбилек, Качан ээрден кыйшайды? Өтө берип эр Буйта, Томолонду аттан деп, Аркасын карап кылчайды, Карааны тоодой заңкайып, Кабылан бала турганы, Өчөшүп чыккан буйтанын, Ардыгып калган убагы, Кайра артына бурулду, Ойлоп келет ал Буйта, Как жүрөккө урууну. Сомбилектин ойу бу, Душманга кылган кордугу: “Өлчөп болдум муну, деп, Мейли дагы урсун, деп, Кимде кайрат, кимде жок, Ойрот менен Калдуубет, Алар карап турсун” – деп, Каарданып Буйтага, Кара жанга күч келди, Кайратын чыңдап мекийип, Алдыңкы ээрдин тиштенди. Как жүрөктүн тушу, деп, Найзасын муштап жиберди, Ташка сайган немедей, Найза каңгып чак деди, Ошондо да кебелбейт, Опсуз балбан Сомбилек, Оодарылып кетпеди, Уйаты жок Буйта кул, Жана найза имерди, Найзанын учу жетерде, Бала жолборс Сомбилек, Каңгыта кагып жиберди. Найза каңгып кеткенде, Токтоно албай ал Буйта, Өтө берген кездерде, Кара кашка кас тулпар, Ооздук тиштеп нидерди, Бала баатыр Сомбилек, Балта менен жиберди. Болжолсуз балта урулду, Кайра тартып алганча, Мээси жерге куйулду. Муз көчкөндөй далбайып, Сур тулпардан кулады, Чалкасынан дардайып, Сапта турган эчендер, Бузулду өңү саргарып. Ошондо айтат Тетеге: — Улугум Ойрот, туруп тур, Мен айтамын угуп тур, Өзүң тургун бул жерде, Мен жараймын керекке. Өлгөлү барган ашыгым, Өзү Буйта эмеспи! Өлдү Буйта торойуп, Мен барайын балага, Капташып калды Сомбилек, Кутулбас кара жалаага, Өзөктөн канын жайайын, Көгөрүп жаткан талаага, Улугумсуң сен Калдай, Мен Тетеге садага, Уругум манжу экенин, Бүгүн уктум жана да, Урпагы Манас дегенде, Жиним келди балага. Манастын уулун жеди, деп, Оорагым кетсин ар кайда, Манастын калган тукумун, Нескара уулу жеңди, деп, Кабар тарап ар жайга, Мен беттешип көрөйүн, Мен-менсиген андайга, Өлтүрсөм этин жеп алам, Мына өшентип кек алам. Өлүп калсам баладан, Өлүгүм алба талаадан, Бир балача болбосом, Тетеге атты неге алам? Пил көтөрбөй жөө экен, Мал миништи билбеген, Заманында дөө экен, Сегиз аршын бойу бар, Орто-карта тоо экен, Алды-аркасын караса, Жалама жалтыр зоо экен, Чынардай бойу сүлкүлдөк, Токтоно албай кара жер, Жарылчудай дүңкүлдөп, Айбаттанып сүрдөдү, Алда канча түрдөндү, Этектери далпылдап, Майданды карай жүрдү эми, Кара бойу тоо болду, Маңдайынын бырышы, Эл кыштоочу коо болду, Канатташ жүрүп аралаш, Каңгайлыктын элдери, Көрбөгөнү көп болчу, Салгаштырып экөөнү, Сомбилек эми өлдү, деп, Кажы-кужу чуу болду, Көк жаңырган үн чыгып, Жер айрылып дуу болду, Көпчүлүк айта бергенде, Көрбөй туруп укканга, Бул түгөнгүс кеп болду, Бендеден бенде туулуп, Чоңойгон мындай аз болду, Ошончо бойу бар болуп, Мал көтөргүс зал болуп, Ажымоолук өтүптүр, Андан калган адамдан, Бүгүн Тете ал болуп, Каңгайлык ойлоп турушат, Сомбилек эми калды, деп, Жер менен жексен нан болуп. Буулуккан чочко каарданды, Солкулдак чырпык талдарды, Тобу менен кармады, Бал жууран, ышкын жегендей, Кертилдетип чайнады, Өнүп чыккан андайдан, Учурап калган жандардан, Жебегени калбады, Жер бетинде бар неме, Бирин койбой жалмады. Асманды тиктеп алайып, Капкадай бойу далайып, Үстүнкү ээрди көк тиреп, Алдынкы ээрди шалайып, Сомбилекти караса, Жерди тиктеп үңкүйүп, Кабагынын суугун көр, Жер кемердей чүңкүйүп, Арам өлгөн Тетеге, Колуна жарак албаган, Ачууланса ал кимге, Оозу менен жалмаган, Ага болбой баратса, Колу менен кармаган, Кан ичкиси келгенде, Ага ини элебей, Утур келсе аймаган. Манжулар колун бошотпой, Көйзө менен кадаган, Кишендеп бутун байлаган, Ушул сапар чоң Ойрот, Өкүмүмө көнсүн, деп, Балбандары мындай көп, Сомбилек көзү көрсүн, деп, Чечтирген колун байлаган, Кутулганы жалгыз күн, Колу-буту аркандан. Алдыңкы күнү талаага, Алдырып келген болучу, Бош болучу кол-буту, Таң аткынча бул чочко, Ээси менен төөсүн да, Айгыры менен бээсин да, Айуу менен суурунда, Эрий элек нечени, Эмгиче турат жумурда. Дагы беш күн бош болсо, Ошол элди жеп болмок, Ойрот жалгыз калбаса, Андан башка жок болмок. Кара бойу катуу күч, Каарданса заары күч, Тулку бойу туура күч, Тутушуп калса кылат түз. Сакал менен муруту, Найзадан бетер сайгылап, Найзадан мурун курутчу, Каары катуу бойунда, Кара күчү колуңду, Сомбилекти барганда, Жутамын дейт ойунда, Кармаган чынар колунда. Баатырдын уулу чунагың, Тосо чыкты жолуна, Аты-жөнүн сурабайт, Айбан мүнөз доңузу, Көтөрүп келген чынарды, Кош колдоп туруп койушу. Артыла тийди баладан, Топурак учуп жер чаңдап, Жарым бута ар жактан, Чырпыктын баары чыркырап, Бадыректин чынары, Ничке башы быркырап, Өз эли көрүп жумушун, Кара бойу зыркырап, Сомбилектен өлсүн, деп, Тилек тилеп чуркурап, Түндө жеген канчасын, Какшап ыйлап буркурап. Кыргыздан келген кырааны, Кылган иши ак үчүн, Кылымга кеткен оорагы. Тоо экен деп жалтанып, Томсоруп карап турбады, Колундагы найзасы, Бул өңдөнгөн доңузун, Найзадан өлгөн канчасы. Күүлөп алды колуна, Чоңдугунан чочконун, Араң жетти бооруна. Табарсыгы ушул, деп, Таамай болжол тушу, деп, Муштап өттү найзаны, Табарсыктын тушунан, Төш жары жери жарылды, Сийдиги агып бүркүрөп, Кара санга жайылды. Сийдиги агып суу болуп, Санында агып жатса да, Тоготуп аны койбоду, Түбү менен чынардын, Төбөдөн нары койгону. Булт берип чыга бергени, Калтырады кара жер, Арстан эрге тийбеди. Күүлөп алып булгалап, Койуп калды чалкалап. Колтугун өөдө чойгондо, Мыкты бала Сомбилек, Эки колдун ортого, Кире берди ошондо. Алыс тиктеп алаңдап, Алда кайда каранат, Алдын карап көргөн жок, Кайда экенин билген жок. Арка сөөгү калың, деп, Найза кечпейт такыр, деп, Кокосуна кол жетпейт, Узун экен капыр, деп, Жука жери ушул, деп, Дал бөйрөктүн тушуна, Кабелтең найза муштады, Найзаны канга чыктады, Тартып алып баратып, Тегеретип ыкшады. Жыгылган жок далк этип, Бир жагына кыйшайды, Кыйшайды деп карабай, Жыгылат деп санабай, Бир бөйрөккө муштады. Табарсык, эки бөйрөгү, Талаа-талаа бөлүндү, Адамда тажаал, кара жүз, Мунун да каны төгүлдү. Үстөмөндөп жыгылды, Кулаган тоо шекилдүү, Томкорулуп тоо кулап, Көчкөн сыйак көрүндү. Тетеге манжу баатырдын, Кыргыздан болду өлүмү. Күүгүм кирип, күн батып, Урушкан жок түн катып, Уктабай чыкты каңгайлар, Таң атканча сүр басып. Аскер жатып жайланды, Албарстан кылыч чапчуулар, Таң атканча шайланды, Беттешип чыкчу берендер, Белгилеп найза карманды, Чабуучу кылыч, найзалар, Кара ташка кайралды. Балталарын эгеди, Канжарларын бүлөдү, Таң атканча тынч албай, Кара кошуун дүрбөдү, Бир кишиден көп аскер, Мына минтип сүрдөдү. Калдуубет, Ойрот чоңдору, Кан жутуп ичтен болжолу, Кирпик ирмеп, көз жумбай, Алда канча толгонду, Эртең кандай болор, деп, Токтободу ойлору, Ал аңгыча болбоду, Таң агарып сүрүлүп, Кыбыла карай бет алып, Жылдыздын баары дүрдүгүп, Чөптүн башы үрпөйүп, Тоо көрүнүп дүңкүйүп, Келин каш болуп агарып, Таанылып көзгө жер жарып, Жандын баары мыдырап, Жан-жаныбар кыбырап, Жер бетине жөргөлөп, Жайнап чыкты быжырап.