Бириңе-бириң карандаш, Кадырлашып жүргүлө, Жакшы санаа ой үчүн, Жалпы баарың чогулдуң, Кыздын тойун бергиле. Чачылып кетет аңгыча, Күн кетет кайра жыйгынча, Айдап келген айактоо, Маңгыттан келген мал канча, Көөмөй жерге кирбесин, Көргөзбөй алган билбесин, Көп нарга жүктөп арттырган, Өлүк канча көргөзгүн. Тирүү менен өлүүсүн, Калтырбады бирисин, Ушул турган көп дүйнө, Турган эл сенин ырысың, Алты уруктун элине, Аз көбүнө жараша, Бөлүп берди Төтөгө. Сомбилек мында келбесе, Олжо албай турмайлык, Кетет элең олжого, Кыргыздын салтын кемитпей, Тынымканды узаткын, Жеткире берип болжолго. Өзү жалгыз эр экен, Ээ болду бүгүн Таласка, Эминеси кем экен? Атадан жалгыз Сомбилек, Энеден жалгыз Тынымкан, Кылчалык көөнүн оорутпай, Жай кылып көөнүн узатсаң, Кул-күң деп киши кошпогун, Элим, угуп тил алсаң. Бок дүйнөнү айабай, Ойлогон ойго жеткиргин, Көөнү ачылсын жетимдин, Кишиден бербей кызматкер, Эркек жалгыз, кыз жалгыз, Тартпасын анын кесирин. Аз болгондо үч жүз мал, Жүгүн жүктөп кетиргин, Беш жүз киши мал айдап, Таласына жеткиргин. Төтөгө кебин бүтүрдү, Уккандар ачык түшүндү, Эл башкарган Абыке, Акыл ойлоп күтүндү, Абыкенин бир кеби: Өкүмүң колдо Байтерек, Барлыкка кабар бер, – деди, Калбай бүткүл кел, — деди. Кара калпак камынды, Каадалап тойду бергели, Өзү берип, өзү жейт, Өзгөдөн киши келбеди, Он шаар эл экен, Дүрбөп баары келгени. Ошол кезде алты урук, Болуп калган кези экен, Алты жүз миң түтүнгө, Толуп калган кези экен, Алты жүз үйдү заңкайтып, Тигип салган кези экен. Айал-эркек аралаш, Элүүдөн жашы ашканда, Бир жактайлуу түшүрдү, Отуз беш менен элүүнүн, Ортосунда элдердин, Бир тарапка түшүрдү, Он сегиз менен отуз беш, Ортосунда бир жерде, Талабына ылайык, Табак тартты элдерге, Бээ семизин сойдурган, Карчыга менен учага, Карыларды тойдурган. Канчалап козу сойулуп, Кемпирлер албай куйрукту, Эрингенсип чойулуп, Орто жашта элдерге, Жамбаш баштап, эт тартып, Отуздан төмөн жаштарга, Сары куйка баш тартып, Барлык элге берерге, Кымыздан арак тарттырып, Көөкөрлөргө куйдуруп, Күбү менен тургузуп, Куурдак менен май берип, Сапты айак менен чай берип, Тиши бүтүн балдарга, Буудай майлап жай берип. Капакка салган бал берип, Каймакка бышкан нан берип, Экчеме жарма ачкылдан. Айабастан көп берип, Ээрчип келген балдардын, Баштыктары май болуп, Мүлжүрүнгө бай болуп, Тос улакты деген жок, Эркин ойноп жай болуп. Келин-кыз басып жанашып, Эки-экиден пар болуп, Толгон экен ал кезде, Жардысы жок бай болуп, Төрт түлүгү шай болуп. Буйрук болду аларга, Кермеге кийит саларга, Айланасы бир күндүк, Аркан тартты талаага, Ар асылды салдырды, Арнаган Тыным балага, “Алты күнү эл көрсүн, Алынбасын кийит” –деп, Жар салдырды жана да, Беш үй катар тигилген, Бир жагына караса, Эр оодарыш, жөө күрөш, Болуп жаткан тамаша. Балбандар найза салышып, Санаксыз байге алышып, Теке тырмыш, көл бука, Аркандарын тартышып, Теңге эңишип жаштары, Селкинчек тээп кыздары, Бөлүнүп алып боз улан, Көкбөрү тартып, кунан чаап, Көөнүнчө ойноп жатканы. Карылары бир башка, Сакалдары бакчайып, Семизинен басалбай, Курсагын сылап чардайып, Кең сабадай кемпирлер, Элечеги заңкайып, Жубандары суйкайып, Келиндер басса суйсалып, Кыздар басса кылаңдап, Кызыл шай көйнөк буластан, Кыздын түрү бир башка, Куйругундай кыргоолдун, Саамайы чыгып чубалат, Кыл кыйак, комуз, боортап, Миң сандап үнү кубалат; Ырчылар ырдап жүрүшөт, Боз торгойдой быжырап. Залкайган нечен азамат, Күмүштөн кемер курчанып, Катар турса салтанат, Караанын көрүп кыз-келин, Сугу түшүп тамшанат. Кылга байлап жамбы атып, Мергендин баары казканат, Дүпүлдөтүп мылтыгын, Зыркыратып жаа тартат, Аңгычакты болбоду, Чаабууга атты чубата.: Күлүктөн күлүк таңдады, Сынга толбой кээ күлүк, Кермесинде калганы, Чапкан атты санады, Ат айдоочу жасоолу, Тогуз жүз атты айдады. Байгеге арбын мал сайып, Баш байгесин угузуп, Санаты толук миң сайып, Оонабасы жүз болду, Укканга укмуш иш болду, Келер күнү чапкан ат, Чогулуп элдер турган чак, Тогуз жүз аттан озуптур, Сомбилектин аргымак. Арбагы Манас колдо, деп, Айгайлашып эл чуулап, Байгеге сайган миң малды, Санап туруп бир алды, Жээн болуп, тай болуп, Байламтасы бар болуп, Ак калпак кыргыз элинен, Жергелеш болгон ал элге, Кыргыздан кыйла бар болуп, Жаңы бийи Байтерек, Кыргыздын уулу ал болуп, Калбай кыргыз кел деди, Ошол жерге шай болуп, Тогуз жүз ашуун бар экен, Келип калды жам болуп, Соогатка кыргыз алгын деп, Айдатып берди колбутуп, Баш-айагы ошол той, Кырк беш күнү болгону, Толуп калган убагы, Кыз көчүрчү болжолу, Тутууларын бүктөтүп, Үйлөрүн нарга жүктөтүп. Катарлап төөсүн чиркетип, Энчиге берген жылкыны, Ай-айлап айдап дүрбүтүп, Көч болгон соң айак оор, Отуз алты күн болду, Таласка келди көч жетип, Кеңеш берип башында, Кетип калган кыргыздар, Келип калды Сомбилек, Ошол элге туйгузбай. Муну мындай таштайлы, Сомбилектин ойротту, Колоткондон баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.