← Сомбилек 3/6

Калдуубет менен Коромжу, Башка жактан шеги жок, Алда эмне болду? деп, Сөз алышкан жери жок. Бирине-бири тиштенет, Кайра тартар пейли жок. Коромжу чыкты зоңкойуп, Колунда найза койкойуп, Калдуубет чыкты камына, Кан ичме доңуз томсоруп. Аңгыча кетти күн батып, Түшүп аскер жаткан жок, Жай-жайына тынч алып. Ачуу үн чыгып акырык, Бир аскерге бир аскер, Аралашты жапырып. Коромжу менен Калдуубет, Бет келише албады, Эрегишкен аскердин. Түгөнүп дайны калбады. Кайра үйүнө жанышпай, Карсылдашып салышпай, Бой кайтарып эл четтеп, Агарган таңды сактады. Баатырдын уул Сомбилек, Аралап кирди аскерди, Калың жерин талкалап. Албарс менен кайсалап, Акырын ураан салбады, Айанып туруп албады. Антип бара жатканда, Алдында минген кара атчан, Караандуу киши капташты. Найзаларын сайдырбай, Каңкылдатып кагышты, Төрт имерип беттешип, Кара атчан киши качышы. Коромжу ушул экен, деп, Сайа түштү артынан, Карааны кетпейт үзүлүп, Караңгыда алдынан. Ай караңгы, түн бүркөк, Таанылбайт көзгө күдүңдөп, Аңгычакты болбоду, Чагылган чагып чартылдап, Жер айрылып жаркылдап, Коргоолундай тай төөнүн, Мөндүр куйду шартылдап, Сасык туман каптады, Аркырап кыйан акканы, Каксоо жерге Сомбилек, Аттан түшүп жатканы, Бешиктеги баладай, Чындап уйку басканы, Таң атканда барам, деп, Козголбостон уктады. Сомбилек уктап жатканда, Абыке менен Байтерек, Анталап келип калганы, Абыке көрдү алдында, Уктап жаткан баланы. Ойуна алды далай кеп: “Байтерек утур чыкканда, Мен мактандым баатыр, деп, Жеткизбей кетип биздерге, Бул жерде уктап жатыр, — деп. Мактаганым чын эле, Бакдөөлөт менен сайышты, Көрүп турдум такыр, — деп. Кең пейилдүү эр эле, Отуз миң аскер ооганды. Кетирип ийди жөн эле. Алты тулпар олжо алды, Бирин мага карматты, Тынымканга сөйкө, деп, Беш тулпарды айдатты, Жеткизбей кетип Сомбилек, Эрме чөл, ээн талаада, Кай себептен жай жатты? Качалы деп Байтерек, Канча катар мага айтты, Калдуубет менен Коромжу, Катар турса эки дөө, Калтаарып жүрөк баралбай, Капталга келип жатканбы?” Карап туруп Абыке, Ээрдин тиштеп баш чайкап, Карарып көздөр тумандап: — Жүр Байтерек, жүрү, — деп, Жөлөнкө тартып дүмүңдөп, Беш тулпарды жетелеп, Минген тулпар жалаңдап, Ойгонуп кетип Сомбилек, Аттарды тартып алат, деп, Маңдайда көзү алаңдап, Алды-аркасын каранып, Уурудан бетер кылчаңдап, Жылмайа түшүп Абыке, Ээрчиткени Байтерек, Желип жолго салганы, Аңгычакты болбоду, Таң сүзүлүп агарды. Намаз маалы өткөндө, Кыранга чыга калганы, Абыке менен Байтерек, Алдыңкы түздү карады. Айгайлаган ызы-чуу, Ач кыйкырык – куу сүрөөн, Ак асаба көк желек, Асман тирейт мана бу. Ким салды буга калба, деп, Мактанып жүргөн Сомбилек, Уктап жатат мында, деп, Көз айырбай карашып, Калдуубет менен Коромжу, Ошол кезде бул экөө, Бет келишти жанашып, Биринен-бири кызганып, Көрбөгөн кызды талашып, Түнкү болгон окуйа, Түбүнө жетпей сурашып, Тулпарларын чуратып, Аркадан чаңды чубалтып, Найзаларын сундуруп, Койгулашып киришти, Эрлик жолун талашып. Коромжу менен Калдуубет, Жеңишчүдөй көрүнбөйт, Бирин-бири жадатып. Кара мүртөз Калдуубет, Каары кыйла бар эле, Кабары чыгып батышка, Таанымал болгон жан эле. Коросондук Коромжу, Тоготпой турат анча эле, Маңгыт менен коросон, Талашканы Тынымкан, Кол салышып өчөшүп, Элдин башын маң кылып, Ээн талааны чаң кылып, Баатырлар жүргөн жер ушул, Калдуубет менен Коромжу, Карсылдашкан эр ошол, Тулпарларын чуратып, Артынан чаңын буратып, Бирин бири найзалап, Кеткен жок аттан кулатып, Күндү-түнгө улашып, Көргөндүн баарын муңайтып, Аскер эки бөлүнүп, Тизилип турат карашып. Уктап жатат Сомбилек, Ойгонуп койбойт көз ачып. Бабасы Манас эр кандай, Атышып жатса Бейжиндик, Уктаган экен тайманбай, Уктап жаткан Манасты, Найзалап Чубак сайгандай, Сомбилекти да бирөө, Дал ошондой кылбаса, Ойгоно турган жери жок, Уктаган баатыр чени жок. Көрүнгөн түндө кара атчан, Көрүнгөн экен Гүл абаң , Пирлери карап койгон соң, Курсагы ачпайт тамактан. Мингени кара аргымак, Койулган отко нечебак. Абыке менен Байтерек, Бастырган бойдон кете албай, Үйлөрүнө жете албай, Ар жакка кете бергенге, Калдуубет менен Коромжу, Аскеринен өтө албай, Үстү бийик зоо экен, Канаты жок уча албай, Тамагы жок наар сызбай, Ырп этерге шай калбай, Кетер жолу тордолуп, Кайраты бойдон жоголуп, Алапайы куурулуп, Айласы жок эч кандай, Ооздугун чыгарып, Ат откозуп алалбай, Калдуубет менен Коромжу, Караанын көрүп ошону, Абыке менен Байтерек, Кара таш болуп катыптыр, Ачкалыктын азабы, Ал экөөнө батыптыр. Алды жактан дем албай, Эрегишкен эки улук, Койгулашып жатыптыр, Ошол кезде Абыке, Байтерекке айтыптыр: — Мен байкап көрдүм кулунум, Айтканымды уккунуң, Уктап жаткан Сомбилек, Ашкере баатыр эр экен, Баатырлыгы билинди, Балбандыгы чын экен, Коргошун жүрөк кенебес, Козголуп койор неме эмес, Калдуубет менен Коромжу, Бучкагына теңебес, Болуп жаткан ызы-чуу, Оңой-олтоң кеп эмес, Же болбосо Сомбилек, Өлүп калган тирүү эмес. Кеткиси жок Абыке, Байтерек кандай айтат, деп, Сынап айтты нечен кеп. Анда айтат Байтерек: — Жанына басып баралы, Баатыр дедиң мактадың, Мындан кабар алалы, Өлүп калса окустан, Тонун тоноп алалы. Атына тонун бөктөрүп, Найзасын туура өңөрүп, Атагы чыккан эр эле, Калдуубетке баралы. “Жаралуу кылып Калдуубет, Жазаңды берген Сомбилек, Эбин таап талаада, Эптеп келдик муну, деп, Эрдемсиген Манастын, Эдебин бердик уулун” – деп, Сүйүнчүсүн алалы, Тирүү өлсө Сомбилек, Айтып кабар салалы. Не укпайсын мынча, деп, Талашып кызды эки дөө, Койгулашып жатат, деп. Колтуктарын көтөрүп, Чойулашып жатат, деп, Муруттары бириндеп, булкулдашып жатат, деп, Жутуп ийчү кептенип, Жулкулдашып жатат деп, Ачууланып айкырып, Айбатташып жатат, деп, Кабарын айтып баралы, Канчалык алы бар экен, Аны да көрүп калалы. Байтерек кеби акыл, деп, Абыке басты макул, деп, Аттарынын чылбыры, Кармалуу жүргөн колунда, Ойготом дейт түз барып, Байтеректин ойунда. Жакын барып караса, Эки жолборс баатырдын, Эки жаккы жанында. Башында турат Кызылкыз, Өзү жандан узун кыз, Айагында шер турат, Чоңдугу шердин байкаса, Комдолуу нарча бар турат. Жолборс шери чамына, Жетелеп атын откозуп, Жылаңайлак жаш бала, Ойготобуз деген кеп, Орду менен жок болду. Былк эте албай козголуп, Ушул жерде токтоду, Ачкалыктан Байтерек, Жан үзчүдөй окшоду. Булар ачка жүргөлү, Түнү эки, түнү үч, Санаты бешке толгону, Өбөктөдү Байтерек, Башы өөдө болбоду. Тургун деп башын жөлөдү, Жан үзүчү кептенип, Эки бети көгөрдү. Абыке анда ойлонду, Ойлогону бул болду: “Мен Таласка бардым маана издеп, Байтерек келди мени издеп, Көрбөдүм барып Таласты, Арбагы артык Манасты, Кайта келсем чала издеп, Сомбилек менен биргелеш, Араң келсем мен эптеп, Менден бетер Байтерек, Жолумдан чыкты темселеп. Жоокалатып Байтерек, Жолоочуну ээрчибей, Жолобостон кетсек, деп, Бөлүнүп калдым айрылып, Белеске чыктым бул жерде, Түз басып үйгө кетерге, Кете албай жолум тордолду, Жолдошум бала бул болду. Калдуубет менен Коромжу, Кармашын көрүп ошону, Жүрөккө уйуп кан толду. Караанын көрүп кайгырып, Кара көктү ойготуп, Баралы десек бастырып, Эки жолборс, жалдуу шер, Кыз кошулуп кайтарып, Атын бала жетелеп, Көрүнүп турат шыйкыры, Мындан кечип ким кетет?