Койгун бала жүрөлү, Алдында кеткен туйгундун, Ар өнөрүн көрөлү, Атыш менен чабыштын, Ажал жетип күн бүтсө, Арасында өлөлү. Туулуп өлөт бир киши, Өмүр көрөт бир киши, Өмүрүнчө кор болбой, Доор сүрөт бир киши, Бир күнү ток, бир күн ач, Өтүп кетет бир киши. Сен экөөбүз, Байтерек, Ошонун бири болобуз, Сайып алса Сомбилек, Үйдө олжолуу болобуз, Кокус болсо окустук, Жер тайанып коборбуз, Ажалдан мурун- кийинин, Алдын кантип болжорбуз? Жок кыйалга чумубай, Жүр чунагым жөнөйлү, Болгонунча болорбуз. Абыке менен жаш бала, Күйнөлүп калып аз гана, Алаңдашып караса, Карааны көзгө илинбейт, Кай кеткени билинбейт, Элесин көрбөй элеңдеп, Эми кандай болот, деп, Бастыраар жолун биле албай, Баштагыдай катуулап, Чаң созулта жүрө албай, Жүргүн десе Байтерек, Бөлүнүп калды тил албай. Абыке атын бурбады, Айал кылып турбады, Сомбилек изин кубалап, Бастырып жөнөп калганы. Кыраакылык кылдаттык, Аңкаарып чалса изи бар, Кеткен изди кубалап, Жетер эмес ар кандай, Баатырдын аты тың экен, Кылган иши чын экен, Калдуубет эске түшкөндө, Алдында минген тулпардын, Кыл куйругун шарт түйгөн, Жеңишке салчу немедей, Көкүлүн көккө шүйдүргөн, Күүгүм жүздүү чунагың, Ат айабай жүрүптүр, Сомбилекке жетпесин, Абыке абдан билиптир, Кылчайып артын караса, Кыйалданып Байтерек, Илең-салаң келаткан: — Байтерек болбо ыргылжың, Сен айтканың ырас– чын. Түн ичинде баралы, Жаман катын, жаш бала, Абышка-кемпир калганды, Эсен-аман табалы. Түк көрүнбөй карааны, Мен-менсиген Сомбилек, Качып кетип калганбы? (Качпастыгын Абыке, Ачык билген белгилеп, Кыйалданган баланы, Ала бармак бул бир кеп) Кетти деп угуп Байтерек, Ылдамдады энтелеп, Байтерекке туйдурбай, Аттын изин кубалап, Артынан түштү Абыке. Сомбилек Манас баласы, Ашкере дайын бары элге, Аттын мойну алчактап, Аркасында жер чаңдап, Абыке менен Байтерек, Аркамдан жетет эми, деп, Мойнун толгоп кылчаңдап, Арасы алыс беш күндүк, Ушул күнү бешимде, Жетип келди жакындап. Кара калпак, түркмөндөн, Өзүбек, татар, тажиктен, Булардын күнү курусун, Башкача болуп жаткан кез. Алар көргөн зордукту, Айтып адам түгөткүс, Алты урук эли бирлешип, Коромжу менен Калдуубет, Кордугуна чыдабай, Күн-түнү жок дүрбөшүп, Уйкудан кирпик таң катып, Өңүнөн азыр жүдөшүп, Абышка арбак болуптур, Кемпирлер коппой калыптыр, Келиндин баары керсары, Уландын баары арыптыр, Жаңылап күндө түйшүктү, Эки доңуз салыптыр, Бирөө туу бээ бергин, деп, Бирөө сулуу келсин, деп, Элди салып убайга, Тынчтык бербей буларга, Алты уруу эл чогулуп, Чыдай албай азапка, Айкөл шерди эстешип, Ыйлаган экен кудайга: “Ар качан тийген пайдасы, Кысылса кыргыз мындайда”. Калдайып жаткан кошуунду, Дал бешимде Сомбилек, Барып көрдү ушуну. Жасаган кудай кыргызды, Жоокер кылып эзелтен, Карап турду Сомбилек, Ач кайкалаң кезеңден, Учурап калды бир киши, Араң басып теңселген. Кеп сурады Сомбилек: — Келатасың кайдан сен? Бардап көзүн чоң ачып: — Кеп сураган ким элең? Коромжунун колуна, Жылкы алып келгенмин. Атыңды кошуп бер, деди, Жөө калам деп бербедим, Бербеймин деген бир сөзгө, Айабай тайак мен жедим, Уруп болуп тилдеди, Бачым болгун тур, деди, Эки келин алып кел, Эртеңден калбай бол, деди. Бут шилтерге алым жок, Бүткөн бойум көлкүлдөйт, Баспай койор дарман жок. Амал канча, ал канча. Айтканын кылбай амал жок, Аты-тонуң жарагың, Алты уруктан деги эмес, Маңгыт менен коросон, Алар сендей киши эмес, Ким экениң билейин, Каалаган кишим болбосоң, Аманат жандан кечейин, Быйыл жыйырма беште элем, О дүйнөгө кетейин... Ооп туруп теңселип, Жыгылып калды шалк этип. Колу-буту суналды, Көрүп туруп Сомбилек, Бузулуп өңү сурданды. Аттан түшүп эр неме, Телегейи тең неме, Ар уруунун баарынан, Адам тапкыс дарыдан, Оозуна салып жегизип, Мурдунан куйуп дем берип, Эс алдырып тургузуп, Акылына келтирип: — Сени урган кайсы эл? Эл кыйнаган кандай эр? Каалаган кишиң ким эле, Жашырбастан айтып бер. Ат арытып тон тозуп, Алыскы жерден келемин, Алсыз начар элдерге, Айанбай жардам беремин, Сураганга жоопту, Ачык айтып бересиң. — Айланайын акебай, Кичүү болсоң үкөм, ай, Каалаган кишим болбосо, Дегеле болбойт көөнүм жай, Атым Түтөк дегенмин, Уругум шаңкай элденмин, Сойушка айдап жылкы алып, Коромжуга келгенмин, Айдап келген жылкыны, Алып барып бергенмин, Ачык-жумук камчы эти, Орто эттүү мингенмин, Атымды тартып алганы, Ат талашып мен шордуу, Элебей салдым жаңжалды, Ошол үчүн мен шордуу, Чыкпаган араң жан калды. Жашырбай айтам чынымды, Баскан экен башында, Баатыр Манас кылымды, Эки жолу маңгыт кол салып, Кыргыз колдуу тыйылды. Бадыкөл менен Мадыкөл, Ата- бала неме экен, Кара калпак алты урук, Кар кылганда тебелеп, Куткарыптыр эр Манас, Ээлеп элди туруптур, Жездеси экен Карманап. Мадыкөл кийин чоңойуп, Ат көтөргүс чоң болуп, Бадыкөл кунун кубалап, Биздин элге жоо болуп, Беттешип чыккан белдүүнүн, Далайы өлдү жоголуп, Кабар угуп Семетей, Мадыкөлдү сойуптур, Ал маңгытка жол бербей, Андан бери биздин эл, Эркин жаткан ченебей, Тынымкан деп сулуу кыз, Биздин элден чыкканы, Сулуулугун ар кимдер, Кулакташып укканы. Тынымканды алам, деп, Тынымканды бербесе, Алты уруктун элдерин, Түп көтөрө чабам, деп, Коросондон Коромжу, Колун айдап келиптир, Маңгыттардын Калдуубет, Каары катуу кыйын дейт, Бул алгалы келиптир. Алты урук алы келбеди, Ар качан көргөн пайдасын, Кыргызга кабар бергели, Арты-артынан удаалаш, Эки киши жиберди, Айкөл Манас баатырдын, Тукуму барбы, жок бекен, Андан кабар билгели, Эмгичекти кеткендер, Кайта жанып келбеди, Каалаган кишим меники, Манастын болсо тукуму, Келер киши ал, деди. Угуп болуп Сомбилек: — Абыке барып алдында, Айтып кабар бергени, Айкөл шердин тукуму, Мен боломун бил, — деди. Абыке менен Байтерек, Аркамдан келет көр, — деди. Манастын уулу келди, деп, Элге айтпагын сен, — деди. Келебиз деп көрүшүп, Агын селге капташып, Кыргын болот эл, — деди, Кайсынысы Коромжу, Кайсынысы Калдуубет, Ачык айтып бер, — деди. Түтөк бала элирип, Кеп айта албай демигип: — Берки жаткан Коромжу, Аркы жаккы Калдуубет, Эртең элди аралап, Чыккалы жатат алар деп, Кулагым укту укмуш кеп. Анда айтат Сомбилек: — Арзан эмес жумушбу? Көрүп кеткин сен Түтөк, Баш аламан урушту. Эртең элди аралап, Чыкмак болсо Калдуубет, Ал кан ичме кара нээт, Алдын ала иш кылбай, Ушуну айтып Сомбилек, Элге болот кыйын кеп. Ушуну айтып Сомбилек, Коромжунун элине, Колду мурун салыптыр, Айдап алып сүрүлтүп, Аркадан чаңын түрүлтүп, Калдуубеттин кошуунга, Каптап кирип барыптыр. Кыйарлык кылып Калдуубет: “Кызыгып мага Коромжу, Байкоосуз уруш салды, — деп, Катылышты өзүнчө, Көрүнөйүн көзүнө, Сулууну бекер алайын, Коромжунун башын жеп”. Калдуубет чыкты туу жайып, Маңгыттын көрүп желегин, Коромжу турат сумсайып: “Бул Калдуубет улукпу? Же болбосо Калдуубет, Түбү жок тартма кудукпу? Ортого койгон шарты жок, Орунсуз кылган урушпу? Элебей турат Коромжу, Эбин таба койом, деп, Калган кастык жумушбу? Калдуубеттен Коромжу, Кайратым менин кем эмес, Ачуулансам карарып, Калдуубет мага тең эмес, Агызып кетер калкытып, Агыны катуу сел эмес, Адам күчү дегендей, Аскери менден көп эмес, Өзүнө калат Калдуубет, Бул кылганы оң эмес”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.