← Сомбилек 2/4

Бекбачанын уулумун, Он бештемин ушул кез. Томсортуп талап алам, деп, Токтобой келген Калдуубет, Кубарсан жети атабыз, Айткан эмес жалган кеп, Оролмонун сеңирде, Жалбардым арбак шерлерге, Он жети күн уруштум, Ороолошуп туруштум, Он сегиз эри бар экен, Улутуп баарын куруттум. Калдуубеттин кыр арка, Кылкандай болгон кабырга, Катары менен кыйрады, Кан жыттанган доңуздун, Кайран жаны кыйналды, Кадимкидей боло албай, Качырып найза уралбай, Калдайып карап туралбай, Караңгынын чапанын, Калкалап чүмкөй жамынып, Качып кетти уйалбай. Аркасында аскерин, Куткардым кара баштарын, Түшүрүп алдым аттарын, Айдап барып Таласка, Жайытка салып таштадым. Артынан сайа кубалап, Келе жаткан убагын, Бар жайымды мен айттым, Абыке аба сурадың, Тон ылгап кийип жаратып, Ат арытып жадатып, Таалайым болсо меники, Табылат душман жолумдан, Кутулаар жери калган жок, Качып эми колумдан. Сомбилек айтып болгончо, Опколжуп турат Абыке, Ашып-шашып кеп айтат, Ойлонгонун деги айтат: — Атың болсо Сомбилек, Мен сураймын да бир кеп. Түп атам Манас баатыр, деп, Беттешпеди такыр, деп Мактандыңбы сен бала, Билбеген киши мени деп? Өткөндөрдүн аттарын, Жаттадыңбы сен бала? Калдуубеттей баатырдан, Качпадыңбы сен бала? Маңгыттан чыккан он сегиз, Жастадыңбы сен бала? Найзага темир он бешти, Аштадыңбы сен бала? Калдуубет качып жоголсо, Кара жаның кыйнабай, Жатпадыңбы сен бала? Качкан жоо кайра келеби? Келген менен жериңе, Кекенип сени жеңеби? Кыр аркасын кыйратып, Кызыл канын чубатып, Кубалапсың кошуунун, Өз жерине чубатып, Качкан жоону куубастан, Кылычты канга жуубастан, Чын болсоң Манас тукуму, Коржоңдотпой ушуну, Коросондон куткарып, Коромжудан кек алсаң, Кыйындыгын көрсөтүп, Кылымдан чыккан кызды алсаң, Жез оймоктон узду алсаң. Тынымкан алсаң делбиреп, Коромжуну жеңди, деп, Баатырлыгың эл билет, Аркаңдан чубайт чуркурап, Алты уруу калбай бүт кирет. Сулуу кыз турса моймолжуп, Суук колдон сулууну, Сууруп албай соо койуп, Качан душман күч келсе, Куткарып келген бүт элди, Кыргыздар келип туу болуп. Карманаптын барында, Улуулар айткан кабарда, Арстан Манас куткарган, Мадыкөлдүн каарынан, Семетейдин тушунда, Бадыкөл салган кордукту, Биздин элге өткөргөн, Жанга баткан зордукту, Семетей келип куткарды, Башы боолуу кулдарды. Маңгыт менен таңгыттын, Кыз-келинин ийлатты, Шаңкай менен бараңды, Эркин кылып жыргатты, Кутургурду Таласта, Кыз Куйалы кыйратты, Сейитектин тушунда, Саламат болду акылдаш, Кененимдин тушунда, Моңгулдарга кошулуп, Кыргыздарга болду кас. Саламатты Кененим, Ачык сырын билгенде, Жоготуп койду уйпалап. Саламатка башында, Коросон, ооган кошулган, Баш көтөрсө маңгыттар, Биздерди карай кол сунган, Сейитинин тушунда, Былк эткен маңгыт болбоду, Бекбачанын тушунда, Саламаттын хан Калдык, Баш көтөрдү ушунда. Алтын берип алдады, Малын берип жалдады, Коросон, ооган, испанды, Кошуп алды буларды. Моңгул, манжу элдерин, Алдап келди эрлерин, Мал менен пулга алданган, Баары келди чогулуп, Бекбачанын колунан, Түгөнүштү жоголуп. Баарысы өтүп дүйнөдөн, Басташар киши жок болуп, Канча жылы жам-жайкыт, Жаттык эле токтолуп, Өлүмдөн башка бары неме, Акылга келбей токтолуп. Маңгыттан чыккан Калдуубет, Жалындап күйгөн от болуп, Кастык кылып кыргызга, Кастарып тигип бул журтка, Жез барабан зыңк этти, Качырдым деп Калдуубет, Айткан болсоң чын кепти, Коросондук Коромжу, Коркутту келип бул дагы, Коромжуга Тынымкан, Биз бербеске туралы, Манастын уулу чын болсоң, Чыгаргын ичтен мудааны, Ак бата кызыл каны бар, Жакып менен Карманап, Унутпасаң куданы, Жашырынбай Сомбилек, Мени менен кошо бар, Коросонду чуулатып, Коромжу сайып кулатып, Тынымкандай сулууну ал. Эркек бала туулганда, Эл асыраш наркта бар, Эрегишип кыз алмак, Илгертен берки салтта бар. Биз жөнөйлү Сомбилек, Ээн талаада биз турбай, Сен жаш бала мен кары, Жутуп алчу талаада, Суусун кымыз мындагы. Капшыра кармап Абыке, Алып келди чаначты: — Өз колу менен Тынымкан, Куйуп берген мага, — деп, Кудай буйруп койуптур, Бул кымызды сага, — деп, Жолукпасаң сен бүгүн, Көрөт эле талаа, — деп, Баса жуткун, Сомбилек, Көз толтура кана, — деп. Анда айтат, Сомбилек: — Айткан кебиң, Абыке, Акылга сыйбас бу бир кеп. Тынымкан куйган бул кымыз, Суусун кана жуткун, деп, Кыз куйган кымыз экен, — деп, Кыйналып түркмөн эл турса, Кырда ичич кайсы кеп? Суусап калган баланы, Кымыздан ичсе түтөбү? Касташкан душман барында, Баш кесип кандан ичели, Коромжу келип кол салса, Койчудан бетер кыр-кырда, Сомбилек суусун кандырса, Кош колдоп баатыр арбагы, Мени төмөлөтүп бир урса. Кусуру урса оңомбу? Куу тумшук бала кобомбу? Кесири урса кобомбу? Мен жетим жакшы боломбу? Суусасаң ичкин, Абыке, Жүр, турбайлы, коболу. Кыйналган элди эске алып, Кымыз ичпей койгону, Аттарын алды чалуудан, Баса минип абыдан, Бала жолборс, Абыке, Жарышып кетип бараткан. Балтыктын үстү Бозжарда, Бир топ жан чыкты алдынан, Топ ичинде бирөө бар, Караанын көргөн адамга Баатырлыгы таанылган, Көргөн жерде Абыке, Бурултпастан тааныган, Үч жылы барып ооганга, Элинде жүргөн Абыке, Оогандын ханы Бакдөөлөт, Каарына калган жан, Кан кусуп жатып үйдө өлөт, Айныбай билди Абыке, Оогандан келген Бакдөөлөт, Тынымкандын айынан, Кара калпак, түркмөндүк, Кызын берсе алам, деп, Кыз бербесе бул элди, Кыймылдатпай чабам, деп, Опсуз баатыр Бакдөөлөт, Өз ойунча камынган, Отуз менен отуз бир, Ортосунда жашы бар, Ашык айтты дебесең, Төрт тиши койдой башы бар, Ачыгы жок арасы, Туташып калган кашы бар, Жаагы толук, көз тунук, Калың ооган элине, Жалгыз өзү бир урук. Тынымкан чыгаан сулуу, деп, Келген экен кеп угуп, Алдында минген сур аты, Токтобой турат удургуп, Артында колу чубаган, Алдыда жүрүп Бакдөөлөт, Адырдан кийик уулаган, Канча кийик капташса, Кутулбай бири сулаган, Адам менен айбандан, Кыймылдаган бар жандан. Кастап калса Бакдөөлөт, Качан бирөө кутулган, Караанын көрүп Абыке, Үмүт үздү жанынан, Тепеңдеген чалыңдын, Билеги кетти сабынан, Жүрөгү чыкты кабынан, Кайдан келдим мында, деп, Жүрөгү чыгып кайгырган. “Үйдө жатсам тынч эле, Катын менен баламдын, Өлбөйт белем колунда, Жолобойт элем чабуулга, Жергелеш айып тобунда», Эсине келип Абыке: “Жүрөгүм менин не тайкы, Манастын уулу Сомбилек, Жанымда турса не кайгы? Караан кылып баланы, Үй кылып жаткан талааны, Келбедим беле ээрчитип, Коромжуга баргалы. Куу тумшуктун багыбы? Коромжуга жеткирбей, Бакдөөлөт чыгып калганы, Баатыр үчөө, кыз жалгыз, Буйургандыр жараткан, Кимисине алгалы? Манасты алып эсине, Кайраттанып калганы, Оңдонуп минип атына, Айбаттанып калганы, Сомбилек кетип баратат, Түз бастырып баргалы, Бакдөөлөт көрүп байкады, Келаткан эки караанды, Оогандын ханы Бакдөөлөт, Кыйын сынчы өткүр көз: Утур чыккан адамдын, Бири кары, бири жаш, Карбаластап келатат, Ашыгыш иши бар чыгат”. Бири кары чалына, Көз жиберди балага, Байкаса карап Бакдөөлөт, Тотугуп өңү оңо элек, Тор этине толо элек, Аттанаар чагы боло элек, Балапан жүнү бата элек, Балтыр эти ката элек, Байкап турат Бакдөөлөт: “Ойноо бала эселек, Бараалына келгенде, Баш жутуучу кептенет, Ким экенин билем” –деп, Бакдөөлөт анда кеп берет, Алдында минген сур аты, Кетүчүдөй тебелеп, Жамгыр жаап жаткандай, Аттын тери себелеп, Анчалыгы болбосо, Бакдөөлөттүн не керек!