Сомбилектин маңгытка каршы аттанышы
Кыйын иш болду кылчайгыс, Кылым толгон кыргызга, Маңгыт, моңгул башынан, Жоо болуп келген бул журтка. Маңгыттардын элинен, Туулган экен бир бала, Маңгыттан туулган балага, Калдуубет деп ат койду. Кара ниет Калдуубет, Кан ичме болуп чоңойду. Калдуубеттин угушта, Беш атасы баары хан, Эл башкарган баары зал, Басташып жүрүп мурунтан, Баарысы өлгөн кыргыздан, Алы келбей ич күйүп, Жүрүшүптүр мурунтан. Бекбача өлдү деп угуп, Баралы деп кыргызга, Чогулуп маңгыт дем уруп, Маңгытка таңгыт кошулуп, Баскан жагы бет алып, Кызыл кан агып, жошулуп, Калдуубет бала чоң болуп, Кара бойу тоо болуп, Аттанып чыкты Калдуубет, Калк кыргызга жоо болуп. Бекбача өлгөн убайда, Белдүү киши калган жок, Ак калпак кыргыз буларда. Тайатасы алп Бозой, Төрөп кызы өлгөндө, Алып кеткен Сомбилек, Он бешке чыккан бул чакта. Ламдын бийик белинде, Кыйба кыргыз элинде, Сомбилек бала чоңойду, Алп Бозойдун үйүндө. Бозойдун алып батасын, Арбагына барам деп, Түп атасы Манастын, Атын угуп сагынып, Ата журту Таластын. Алп Бозойдон ат минип, Анча-мынча тон кийип, Алдындагы атынын, Куйругун ача шарт түйүп, “Сурай-сурай Меккеге, Барат” деген чын экен, Келе жатат Сомбилек, Кубулжуп түркүн бастырып. Алп Бозой абдан карыган, Акылы качып арыган, Жолун сурап Таластын, Сомбилек алган каты жок, Күрөөкө кийип кулпунтуп, Бууданды минип булкунтуп, Антип келген чагы жок. Кимдер жыргап, ким куурайт, Каран калган жалганда, Дүйнө шекер түбү жок, Калдуубет бар баатыры, Маңгыттардын көөнү ток, Мурункулар айтканы, Баары чындык, жалган жок, Баш киши жок кыргызда, Амал кылар дарман жок. Качалы деп кыргыздар, Кабар угуп маңгыттан, Ар кайсы жерге болду топ. “Эки-үч күндүн ичинде, Калдуубет мында келер, — деп, Бүтүн койбой бүлдүрүп, Чабат элди эми, — деп, Манастан бери баш бербей, Биз келгенбиз элге, — деп, Кыргыздын эли чачылып, Кетерге келген эби, — деп, Шекер жалган бул дүйнө, Кетсең эми канттик, — деп, Жети ата кубар сан болуп, Келдик кыргыз жерди ээлеп.» Тогуз-ондон топ болуп, Тирүүлүк өйдө жүк болуп, Жоо келет деген кеп менен, Качмакчы кыргыз козголуп. Нойгуттун эли жөнөдү, Күнтоону карай шарт койуп. Эштек, ногой калыптыр, Буларда көчмөк аркайда, Камынганы аныктыр, Эл чогулган жерине, Көк шибер жайык керүүгө, Сомбилек бала барыптыр. Калгандар ага кеп кылбайт, “Канкордон калган тукум” – деп, Ал баладан шек кылбайт. Ойноо бала жаштар бар, Оодарышып бир жүргөн, Торпок минип, тай минип, Көйнөкчөн болуп жылаңач, Сууну бойлоп жүгүргөн. Тамаша көрүп таңыркап, “Тигиндей тарт, мындай чап” Башкарып турган биринен, Жыйырмаларда жашы бар, Сөөлөтсүнүп керилген, Бирөөнөн бала сурады: — Сымбаттуу сонун агамсың, Мен жолоочу келген баламын, Талаасы топ-топ чогулуш, Көз кайкаган Таластын, Кайсы экенин биле албай, Аң-таң болуп турамын. Деп сурады Сомбилек, Сураганда турбады, Сөздүн майын чыгарды: — Билгеним айтып берейин, Башынан айта келейин. Кыргызга маңгыт жоо экен, Калдуубет ага чоң экен: Маңгыттан чыккан Калдуубет, Келет экен мында, деп, Качмакчы болду биздин эл. Нойгуттун эли көчтү, деп, Күн тоону бойлой кетти, деп, Кыйба деген бир урук, Алды Үргөнчкө жетти, деп, Басмырлап душман келатат, Бекбача өлүп кетти, деп. Алп Бозойго жеткен жок, Угулуп кабар ушул кеп, Не сурайсың, жаш бала, Бул эмне кептир, деп? Бекбачанын баласын, Алп Бозой алып кетти эле, Ал жактан жок эч бир шек. Ушунчалык болгон бейим, Ажырашып Таластан, Айрыла турган биздин чек. Угуп болуп Сомбилек, Он бештеги ойронго, Опол тоодой күч келет. Үйөр аккан сел келсе, Үй токтоткус жел келсе, Азуусун айга бүлөгөн, Алачыктай эр келсе, Кетеби деп көзгө илбейт, Мен жетимди тебелеп. Толук уккан Сомбилек, Токтолбоду талаада, Кеп кылбастан калганга, Бастырып барды бурулбай, Сыр коргондун калаага. Камынып жаткан кези экен, Элдин баары качкалы, Катарына жер таппай, Көр дүйнөсү батпады, Айласы кеткен кыргыздын, Коргонду ачык таштады, Мурункудай коргондун, Кастарлап оозун бакпады, Барасың кайда, кимсиң? деп, Дегеле киши айтпады. Жалганы жок чын экен, Элдин айткан макалы: “Улугу жок эл жаман, Упурак болот ар качан. Жакасы жок тон жаман, Жонуңа турбайт жамынсаң”, Коргондун кирди ичине, Кудай өзүң кубат бер, Жетимдердин ишине, Калдуубет атын уккалы, Кайгысы батпайт ичине. Алп Бозойдун ар сонун, Кеп угуучу Сомбилек, Түбүнөн туруп маңгытты, Көп угуучу Сомбилек. Башында маңгыт элинде, Баш көтөргөн Бадыкөл, Баласы анын Мадыкөл, Мадыкөлдөн Сарыбай, Кутургур деп атанган, Жер бетине таанымал, Угушумча Сомбилек, Өлгөн экен баарысы, Маңгыт менен кыргыздар. Кун кубалап келаткан. “Баатыр атам өткөлү, Он беш жыл болду болжолу, Толкуган кыргыз көп алаш, Тоодой толкун сел келсе, Тогуз күн тоскоол болбоду. Түп атамдын күмбөзү, Бузулбай турса Таласта, Манаска наалат жетпейби, Ээ болбосом алашка. Көөнүмдү бурбай элиме, Көмүктө жатсам болобу? Көкжал шердин арбагы, Көрүнө урса кобомбу? Баатыр Манас өткөлү, Үч кылымга толо элек, Кыргыздын эли чачылып, Мындан башка кача элек, Мен жатып алсам былк этпей, Сомбилек атым не керек? Бекбачадан мен туруп, Душмандын аты басабы, Таластын бетин тебелеп? Алдынан тосо барбасам, Калдуубет келсе бул жерге, Кетпейби элди тебелеп. Айкөл атам күмбөзү, Мен басуучу жолдо, — деп, Карыйа Бакай, хан Семей, Эр Гүлүстөн кайыптар, Ар качан элди колдо, — деп, Ак элечек айалдан, Атактуу артык энекем, Ал Каныкей жөлөр, — деп, Айчүрөк энем асманда, Ар качан мени көрөр, — деп, Ат-тонумду белендеп, Кечикпестен жөнөйм” деп, Коргонго кирип ат издеп, Айалдабай бат издеп, Үй-үйгө кирип тон издеп, Үшкүрүгү таш жарып, Саадак менен ок издеп, Кылыч издеп, балта издеп, Найза барбы деп издеп, Баш аламан жарактан, Байкап туруп Сомбилек, Бир канчасын жараткан, Бадана кийип темирден, Бар мүчөсү келишкен. Бадана темир кийгенде, Бар жаракты илгенде, Байкап көрсө кем эмес, Басалек тоонун сеңирден. Калкан тартып далыга, Найзаны илип карыга, Көмөрүп туулга башына, Он беш менен он алты, Ортосунда жашында, Чарайнасы көөдөндө, Чак келген тоону көргөнгө, Камыныптыр Сомбилек, Калдайган жоого жөнөөргө. Буйурбаган башкага, Минер атын бирөөгө, Сарайда турган байлалуу, Тумары бар күрөөдө, Маңдайы кашка, бой кара. Маралдай сыны бар бенде, Байлоодо турган аргымак, Көзгө сүйкүм көрүндү, Сомбилектей балага. Атка минди камына, Бадана тонун жамына, Көргөндүн баары таңданды, Суктанышып балага. Капташа түштү алдынан, Кеп сураган талаада: — Суу бойунда көргөнүм, Көөнүмдү анда бөлбөдүм, Көрүнүп турат өрнөгүң, Көрөр көзгө башкача, Заматта башка кубулдуң, Ким болосуң сен бала? Өзүнүн атын каткан жок, Атанын атын саткан жок: — Атамдын аты Бекбача, Өзүмдүн атым Сомбилек, Ламдан келген баламын. Таластын жерин көрсөм деп, Ак калпак кыргыз, көп алаш - Элимдин жүзүн көрсөм деп, А дүйнө кеткен айкөлдүн, Арбагына сыйынып, Эл ичинде жүрсөм деп, Кут болбой келген мен жетим, Жут болупмун карасам. “Жериң Талас сеники, Элиң кыргыз сеники” Алп Бозой айткан тайатам, Ар кайсы жерде топ көрдүм, Кең Таласты карасам, Качкалы жатат кыргыз деп, Айтып бердиң сурасам. Калдуубет келип басат деп, Ата конуш журтуңдан, Качып жүрсөң уйат, — деп. Нойгут менен кыйбанын, Эли качып кетиптир. Ылам менен Күнтоого, Болжогон жерге жеткендир, Козголбогун калганың, Качты кыргыз бизден, деп, Жаман атка калбагын.