Тандап алган айлында, Ак өргөлүү уулу көп. Азыркысы күн ысык, Кечки салкын түшкөндө, Тоо бөксөлөп баралык. Абам Бакай карыны, Жолдош кылып алалык. Ооруктагы төрөнүн, Сыйын жеке биз көрбөй, Карып калган абакем, Бирге барып ал көрсүн, Ал көрбөсө ким көрсүн? Канчородон кеп келди, Гүлүстөнгө эп келди, Желигип жолго салышты, Канча күн жүрдү арада, Эсебин кимдер алышты? Эр Бакайдын айлына, Кечинде жетип барышты. Алыстан келген хандарын, Алдынан тосуп алышты. Көрпө килем салышты, Алп Жамгырчы, Каныкей, Абакеси эр Бакай, Кысырактан жарышты. Кызыгына батышты, Конок болуп эки дөө, Аксакалдын үйүнө, Баса барып жатышты. Бар кебин баштап бабырап, Бакай ханга айтышты. Карыйа Бакай кеп айтат: — Ой, балдарым, — деп айтат. Ардактап баккан ат болсо, Айылга ээси минүчү. Ардактап тиккен тон болсо, Айт күнүндө кийүчү. Тулпарларды мингиле, Каруу жарак илгиле. Ээрчитип келген балдарды, Жандырып элге ийгиле. Он сегизде Байтайлак, Ат бактырып алалы. Баатырдын уулу чунакка, Бастырып биздер баралы. Эсендигин сурашып, Амандашып жаналы. Жаңы акыл кеп болсо, Айттырып сөзгө каналы. Орукта жаткан төрөдөн, Олуттуу кеңеш табалы. Оолуккан чунак жалгыздын, Ойлонгон кебин угалы. Олуттуу кеби болбосо, Ойлонгон иши жок болсо, Ойун, күлкү ал жерде, Сыйын көрүп жаналы. Бакай хандан кеп келди, Баарысына эп келди. Ээрчип келген жигиттер, Элине жанып кеткени. Айгырларга жүктөтпөй, Кымыздарын артынып, Жоого тийчү немедей, Чарайнасын тартынып, Куулжуган чунактар, Короодон чыкты бастырып. Ээрчиткени Байтайлак, Бакай ханды баш кылып, Кысыракты жетелеп, Орукта жаткан төрөнү, Көрөбүз — деп, энтелеп. Убайлуу күнгө кез болду, Өзүнчө келип темтелеп. Ашмакчы буткул жеринен, Айтылуу Манас канкоруң, Эр Алмамбет баатырды, Тосуп барып сынаган, Ботомойнок белинен. Алдыда белдүү Канчоро, Бек кайраттуу ал чоро, Каралат менен калдайып, Белестен чыкты дардайып. Көөдөнүнчө чыкканда, Кеңколдо жаткан көп элди, Көрө салып таң калып, Түрү суук көргөнгө, Кайра тартып жалтанып. “Э, кокуй”, — деп, ат койуп, Бура тартты жалт койуп. Гүлчоро бар артында, Түрө кармап этектен, Гүлүстөн баатыр тартканда, Атынан түшүп жалп этип, Жыгылды жерге далп этип: — Калдаңдаган, чунак кул, Кандай шумдук жумуш бу? Ойноор жерде ойнобой, Беймаал ойун табасың, Эминени сен көрдүң, Айтчы кептин карасын?! — Айланайын, Гүлүс, ай, Билгенге кыйын бул иш, ай! Атадан калган Кеңколдун, Кеңколго салган коргондун, Карааны кыйла бар эле, Көрүнүп турчу ал эле. Үй-үлкүмөт, мал-пулдун, Эч көрүнбөй карааны, Кайсы экени билинбейт, Камап душман алганбы?! Муну айтып Канчоро, Көргөнүн байан кылганы. — Эмне дейсиң, чунак — деп, Энтеңдеген улак — деп? Эчтеме көрбөй жалт койсоң, Элиң укса уйат! — деп. Бура тартып ал төртөө, Жерлик Талас башынан, Баарысына дайын го, Адам батар ташынан. Орун алды мобулар, Бөксөнүн өөдө жагынан. Аттарын байлап тектирге, Сыр билгизбей эч кимге, Барып түштү бир жерге. Үстү жаккы кыраңга, Басып чыкты баатырлар. Кеңколдун жайын уксаңар, Мына мындай айтылар. Тескейи жазык тулаңдуу, Кол салаасы коктулар. Кубулжуган ыраңдуу, Кирген топоз, буканын, Башын кашыр жари жок. Казык тагып, мал байлар, Томуктай болгон ташы жок. Үстүндө кырчак, куму жок, Туйуктанар тоосу жок, Же капчыгай, бийик зоосу жок. Өзөгү кайың, тал болгон, Буткул-буткул булуң саз, Агыны кара суу болгон. Ал кара суу сазына, Өрдөгү учса, каз конгон. Шилби, четин, ыргайы, Табылгы, терек аралаш, Сайып адам койгондой, Алма менен кожогат, Алача, өрүк, жийдеси, Ошол жерде чоңойгон, Жаңгагы жерге жыйылып, Ой, чуңкурга жык толгон. Кайыбы топ-топ жыгылып, Бир топтон атат төрт, бешти, Кездешсе мерген кабылып, Бөксөсү арча, төө куйрук, Кудай таала туш кылган, Ырысына жер буйруп. Жандоонун баары карагай, Жер тизмеги мамындай. Жерден чыгып жыбылжып, Өзөнү дайра суу болгон, Коколору кырында, Адам бойу чоңойгон. Аттуу киши мааналайт, Жаан күнү чынында. Көлөкөлөп отурду, Коконун барып жанына. Кабылан Бакай кеменгер, Калктан ашкан айлакер. Таш дүрбүнү колго алып, Таамай салып ал карап, Дүрбү салып шыкаалап. Кылчайып карап жанына, Кызык кепти ал салат: — Баатыр Манас барында, Биз барбаган жер жок — деп, Биз албаган эл жок — деп. Андан кийин Семетей, Эч душманды элебей, Эрдиги артык ченебей. Калган экен ок атпай, Эки душман эстелбей. Ангилис, бараң барбадык, Аралап уруш салбадык. Бул көрүнгөн көп душман, Ал экөөнө окшобойт. Абдан карап таанышка, Көзүмдүн жашы токтобойт. Айтып аны токтолуп, Опколжуп Бакай козголуп: — Капырай, балдар, байкагын, Каардуу калча келгенби? Байкап көрсөм бул элди, Бүткөн бойу үпчүлүү, Аркасы жырык этеги, Капталынан топчулуу, Кытай журту болбосун, Ошол өңдүү көрүнөт, Абайласам болжолу. Буттарында кийими, Баары кебез, кендирден, Шала кулак тебетей, Баштарына кийинген. Жемишти көрсө жайылган, Жер бетине жабылган. Тамырын чөптүн суурган, Табак камыр жуурган. Кабар алсак болот ко, Кытай окшойт ушундан. Акыл жаштан болучу, Асыл таштан болучу. Калган кептин кеңешин, Силердей жаштар кылучу. Карган абаң мен айтсам, Каардуу калча жооң ушу! Кечээ чоң Бейжинге барганда, Кеңдемеде чоң бутун, Талкалап баарын салганда. Ошондо кеги калды эле, Арылбаган жалганда. Чыкпаган окшойт арманы, Манастын башын жарганга. Келген окшойт бул жерге, Кейишти салчу чоң калча! — Деп, ошентип Бакай хан, Кебин айтып токтолду. Канчоро баатыр күүлөнүп, Катуу жаман сүйлөнүп, Тегеле жаман октолду: — Жыргалдуу Бейжин жерине, Жыргап жаткан элине, Абакем өзүң баш болуп, Аттанып силер бардыңар. Алтын шаар калаасын, Анда тартып алдыңар. Алыстан сапар жол тартып, Арып-ачып келиптир. Каны тарткан калчаны, Кудай колго бериптир. Уйга таккан чүлүктү, Бул өңдөнгөн бүрүктү. Катардагы дөөлөрүн, Ат көтөргүс жөөлөрүн. Айдап жүрүп кыралы, Кырып салып тыналы! Качырып барып тийели, Ата журттан, Кеңколдон, Айдап муну ийели. Ылаачындай тийели, Жин-шайтандай буларды, Кырып жойуп ийели! Баатыр Манас башында, Алмамбет, Чубак кашында, Теңдеше албай кыйратып, Шаарын берген тушунда. Айдабай шайтан не болдук, Шашып келсе ушунда?! Жарагым бар колумда, Жалтаныш жок ойумда. Баарына жалгыз жараймын, Мага теңгел киши жок, Те, калың калмак тобунда! Канчоро аны айтканда, Гүлчоро мындай айтат кеп: — Токтой турчу баатыр — деп! Кылганың сенин, кеп эмес, Эр Коңурбай болгондо, Теңдешер душман теги эмес. Кытайда арбын алптар бар, Калмакта канча баатыр бар. Аттанып барып бул жерден, Ал жерде өлгөн баатырлар! Ал ошондой бош болсо, Атаң Чубак эр кана?! Алмамбет, Сыргак шер кана? Арстан Манас бел кана?! Айланаңды ойлонуп, Акыры түбүн сен сана! Каардуу Коңур эр ошол, Баарын салган балаага. Көмдүрбөй сөөгүн таштаткан, Эндекей сары талаага! Каарына алса чоң Туңша, Каптап кетчү чоң балаа. Казаптанса Коңурбай, Каарына кылат ким дабаа?! Алактап бекер сүйлөйсүң, Акылың жок сен бала. Карылардан мен уккам, Ашыкма Чубак — деп уккам. Энтелеп Чубак барганда, Каткалаңдын кыз Сайкал, Көмө сайып калганда, Минген атын тутултуп, Алмамбет барган кутултуп. Сен ошонун уулусуң, Бекер кайрат кылышың. Асили түбү ишке ашпайт, Тилдешпей кылган урушуң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.