← Семетей 5/5

Аш-азыгы бар болсо, Сууну кайдан табат? — деп, Канчоро айтты мындай кеп. Гүлүстөн анда кеп айтып: — Койгун, баатыр кебиңди, Ит уксун муну — деп айтып. Абамдын камын кылбагын, Ойлонуп акыл кылайтып. Билип жүрөм мен баштан, Көл жарылып калат — деп, Абам менен энемдин, Байлап сууну койгонун. Байкап угуп сөзүмдү, Баатырым өзүң ойлогун. Дагы үч ай жетет го, Ойлоп көрсөм болжолун. Экөөбүз мында турабыз, Жайында жатат он төрт хан. Кабар кылсак хандарга, Кайраты толук жандарга. Эп келсе ушул кеңешим, Касиеттүү абама, Убадалуу күн болжоп, Байтайлакты жиберсек. Бадирек тиктеп, туу сайып, Бадирек жоого биз тийсек. Бекер жатпай аңгыча, Азы-көбүн бул элдин, Аралап жүрүп биз келсек. Болот, балдар болот — деп, Карсылдап Бакай күлдү эле. Гүлчоро баатыр кат жазып, Он сегиз күн болжолун, Ошол катка бек жазып. — Ушул сапар келбеген, Ушаландың — деп жазып. Калтырбай колуң айдап кел, Канкордун көөнүн жайлап кел, Түк койбой элиң айдап кел, Түгөнгүр көөнүн жайлап кел! Он сегиз күндөн калба — деп, Ойлобой жатып алба, — деп. Катын тамам кылганда, Кабылан Бакай чоң мөөрүн, Айагына бек басып, Бозжорго тулпар ат берип, Туруп калды калгандар, Байтайлакты атказып. Бала баатыр Байтайлак, Колуна хандык кат кармап, Мине турган алыска, Бозжоргодой ат тандап. “Кандай барып келем — деп, Кантип кабар кылам” — деп. Жалгыз ооз абал билдирбей, Бура тартып аттанып, Жүрүп кетти дыр койуп, Жолдошу анын бир барчу, Жүз кишидей шаттанып. Барар жери чунактын, Күн батышы Испанда, Күн чыгышы Кытайда. Он төрт хан элин сурасаң, Орто жери ушунда, Өзү жалгыз күүлөнүп, Бастырды бала кенебей. Жоргонун башын чулгутуп, Артынан чаңын бургутуп. Болушунча камчылап, Алдындагы жоргону, Кара терге жуурултуп, Боз бала кетти ыраакка, Кандим болгон канкорлор, Жата албайт бекер быйакта. Эр Гүлүстөн турбады, Белин бекем бууганы. Кыны жок шамшар байланып, Кытайга кетти шайланып. Кечке чейин жөө басып, Коңурбай турчу чатырга, Кечинде жетти айланып. Камыштын чыккан түбүнөн, Жалгыз булак кара суу, Таттуу анын суусу — деп, Хандар иччү суу экен. Айчүрөктүн ордосу, Ага жакын жерде экен. Алп Коңурбай, чоң төрө, Адырайган, зор төрө, Өзү тажаал, куу төрө, Падышалык чатырын, Басса пилге жүктөтүп, Алып келип заңкайтып, Айкын талаа Кеңколго, Тигип салган кези экен. Карылардын макалы, Кайсы укмушун айталы? Жансызда камыш чоң болгон, Жандууда балык зор болгон. Гүлчоро баатыр ошондо, Камыштын кирип ичине, Көз жиберип чатырга, Токтолуп калды кичине. Атасы баатыр Алмамбет, Калтырып кеткен мураска, Тутамга толбос жалгыз ооз, Таң калгандай сырты кооз. Жети кабат таш дүрбү, Он эки таштан орноткон, Отуз күндүк жол болсо, Он бута атым келтирген. Ачууланып тиктесе, Утур келген адамдын. Жүрөгүн жарып өлтүргөн. Бой тумар чалыш кабы бар, Болжолу жок дүрбүнүн Болоттон кылган сабы бар. Болумдуу тууган Гүлчоро, Сууруп алган чагы бар. Чатырга салды элеңдеп, “Кирер жери бар болсо, Жазасын түндө берем” — деп. Чүпүрөк тышы көрүнсө, Ичи темир тор экен. Жалгыз эмес темир тор, Үч кабаттап эштирген, Темир аркан ошону, Сыртынан тартып салыптыр. Киремин деген ушуга, Гүлчоронун шору экен! Ууктарын бекиткен, Коргошун коло аралаш. Жаткан уйдай коргошун, Сом темирди кынаткан, Кыйырынан таштап сулаткан. Тик көтөргөн жыгачын, Ал темирге улаткан. Таманы жынжыр беш кабат, Так ушундай чатырга, Таакат кылып ким барат? Жети катар эшиктүү, Киши кирер тешиктүү. Хандар менен ашпоздун, Ортосунда көшөгө, Ошол кездин балбаны, Бой урса араң чыккандай, Өтөмүн деп ошого. Чай кайнатып нан берген, Ашпозу турат бир жакта. Алты бөлмө ал чатыр, Баарысында бир эшик. Алты түрдүү жаракты, Оңдоп кармап тептегиз, Өңкөй чокмор кармаган, Одурайган балбандар, Он айланып алыптыр. Көрүп муну Гүлүстөн, Күмөндөнүп калыптыр. Так ошол кезде алдынан, Колуна нөгөй көтөрүп, Чыгып чайчы чатырдан, Камырабай ал чайчы, Булакка нөгөй батырган. Жармашып чоро шыйракка, Шыйрагынан көтөрүп, Башын сууга малганы. Сүйрөп кирип камышка, Өлтүрө койуп кийимин, Өзү кийип алганы. Айла менен жайлады, Жылаңачтап чечтирип, Сырткы киймин алганы. Буту-колун бек байлап, Сууга таштап салганы. Чайчынын киймин бүт кийди, Колуна кармап нөгөйдү, Асталай басып жетти эми. Эшиктен кире берерде, Эми чоро ойлонуп: “Акылымды алдырып, Ашыгып калган экенмин. Жалгыздыгы курусун, Шашылып калган экенмин. Койондон окшош сырдаган, Он эки сандык бар эле. Ойлобопмун мен мурун, Канты кайда, чай кайда? Наны кайда, бал кайда? Ачык сурап мен билип, Анан муну сойбопмун. Аларды анык билгенде, Чай ордуна уу чылап, Хандардын баарын жоймокмун. Эми муну оңор жок, Буйруганы болор” — деп, Алты эшиктен өттү эле. Ал чатырдын төрүндө, Ашканага жетти эле. Түтүнү жок, жалын чок, Түгөнгүрдүн оту бар. Чайын асты ушуга, Коңурдун туура тушунда. Жыйын ачып сөз сүйлөп, Коңурбай жатат ушунда. Анын ушул иштерин, Жөн бир киши билбеген. Үч миңче башчы болгондун, Бир да бирөө үстүнө, Өзүнчө басып кирбеген. Коңурбайдын кеби бул: — Азыр болгун, каңгайлар, Кордук көрөр жериң бул! Кеңкол деген жер ушул, Каардуу кыргыз эл ушул. Каарланса Семетей, Каныңды төгөр жер ушул! Камоодо калды коргондо, Канымет анда болгонго. Ойуңа алгын каңгайлар, Оңой жоо — деп — ойлонбо Чылабанын тукуму, Чырга тууган ушуну. Соорандыктын өз уулу, Согушка тууган нак ушул. Алмамбет азган Бейжинден, Качып кетип элиңен. Баштап барып кыргызды, Ушул бурут элинен, Тартып алып калааңды, Так шайыңды кетирген! Тартууга бердик эки кыз, Танбай сөздү угуңуз. Эсен хан кызы Бирмыскал, Өзү алган Алмамбет. Ошондон калган бир тукум, Гүлчоро деген карабет. Кайраты толук жан деген, Он эки уруу тил билчү, Өтө эле шум ал деген! Атканын жазбас мерген — дейт, Чапканын жазбас балбан — дейт. Сайганын койбос сардар — дейт, Сан жылкыңды бир алган, Салтанаттуу Толтойду, Он төрт, он беш жашында, Томкоро сайып алган — дейт. Чынкожону сойгон — дейт, Канын ичип тойгон — дейт. Өжөрлөнсө алат — дейт, Өчөшсө түйшүк салат — дейт. Айлакерлик, кеменгер, Баарысын жалгыз алган — дейт, Өткүр чыгып Гүлчоро, Бакай бекер калган — дейт! Азыр болгуп баарыңар, Каран менен ханыңар. Эндегей минтип жүргөндө, Эбиңди табат билип ал! Билинбей кирсе тешиктен, Кирип калса эшиктен, Байрак сайып, туу жайбай, Баарыңар жатып калдыңар. Күмөндүү киши көрүнсө, Саламга алик албаңар. Жакшы сөз айтса көрүшүп, Жалпаңдашып калбаңар! Бир жерде турса эки адам, Башкадан келсе бир адам, Тааныбасаң, экөөң тең, Кылычтап башын жайлаңар. Коңурбайдын бул сөзүн, Түк унутуп калбаңар! Калдайдын уулу чоң Коңур, Каардуу баатыр оңбогур. Айтып жатат ант ургур, Ар кандай сөздү кутургур! Аңгыча болбой камынып, — Чайнектен булоо буркурап, Чоргосунан чыркырап, Чайы кайнап чыкты эле, Гүлчорону көрсөңөр, Мына ушундай мыкты эле. Чайын таап алам — деп, Сандыкка ачкыч салыптыр. Көрбөгөн мурун чунагың, Нанды кармап калыптыр. Оозу хандар сөзүндө, Өрттөнүп өлгөн Коңурбай, Көзү аны чалыптыр: «Айтпадымбы байа эле: Алмамбет уулу Гүлчоро, Чайчы болуп алганбы? Чайчыбызды өлтүрүп, Чатырга кирип калганбы? Анык чайчы ал болсо, Ажалы жетип калганбы? Азыр болгун жанга — деп, Ар кандай нерсе керекти, Жаза кармап калба — деп, Тапшырдым эле башында, Укпай чайчы калганбы? Тамтаңдап калды байатан, Тааный албай чай, нанды. Баргының, желдет, бар — деди, Кылычтап башын ал — деди! Кызыталакты өлтүрүп, Кабакка сүйрөп сал» — деди! Адамдын кулак, мурдунан, Тумар кылып тагынган. Кан ичме десе күлүңдөп, Сүйүнүп баары жабылган. Тура калып жөнөдү, Он эки желдет жанынан. Солк этип койбой эр чоро, Зоңкойуп өөдө болду эле. Аскарлуу тоодой чоң чоро, Ашыкпай өөдө болду эле. Көрө салып чорону, Кокуйлап Коңур ошондо, Мууну анын бошонду: «Айтпадымбы байа эле, Оң далысы кең экен, Ойротту бузар эр экен. Сол далысы кең экен, Соорунду бузар эр экен. Кең көкүрөк, сом далы, Өзү балбан неме экен. Ажыдаар ооз, жалын көз, Жазы маңдай, жайык төш, Кан төгүүчү неме экен! Турбагыла камынып, Туткунда, баарың, жабылып!» — Деп Коңурбай калчасы, Катарда балбан канчасы, Үксөйдү башка чыккан чач, Үйдөй болгон чойун баш. Он эки канат ордодой, Чокморлорун булгалап. Ордунан копту балбандар, Жанаша турган сардарлар. Как ошону кергенде, Кишиде кантип жан калар? Карап турат түгөнгүр, Жалгызмын — деп — тайманбай, Ушундай учур маалда, Гүлчоро эмес кара таш, Тура алабы зарланбай?!» “Чуркап жете барсам — деп, Буурул сакал калчаны, Мууздап кардын жарсам” — деп. Жете барар жери жок, Ортодо турат балбандар, Кайта кетер алы жок, Кандай кылар айла жок. Так ошондо кылт этип, Акыл ага табылган. Алты катар чатырга Жалгыз чырак жагылган. Кыны жок жалаң шамшарын, Толгой тартып жеңине, Сабынан бекем кармады. Туткасы алтын, сары жез, Жагылуу турган чыракты, Качырып барып салганы. Чачылып чырак түн түшүп, Калмагыңча калдырап, Манжуларча балдырап, Кытайыңча кылдырап, Эр Гүлчоро кулдурап. “Карма, — десе, — карма”, — деп, Кармоочунун бири ал. “Өлтүр, — десе, — өлтүр”, — деп, Өлтүрчүнүн бири ал. Ошентип жүрүп бултаңдап, Эшикке чыкты эр сардар. “Эми кантип кетем — деп, Бурма таштан, жез ноого, Бурулбай барып жетем” Токтобой мында чебердеп, Аралап камыш сереңдеп. Жете барды жез ноого, Кереметтүү зор калча, Келер замат билиптир, Алтымыш уруу кытайдан, Бирден киши ылгатып, Кайтартып ноону койуптур. Жапа жемиш, чөп чардан, Жыйнап алган алардан. Кырк-элүүдөй адамы, Колуна чөкү кармаган. Кужурашып сүйлөшүп, Курсагынын камын жеп, Кыжылдашып жатканда, Коржоңдоп чоро барганы, Тогуз, ону арыкта, Топтошуп туруп алганы. Жогортон келген улуктай, Ошондо буйрук салганы: “Ишенимдүү киши — деп, Бүтүрөт булар ишти — деп. Кайтартып койсо арыкты, Бадыректер оңбойсуң, Бекер ашка кыныксаң, Бейкут өлүп сойлойсуң! Бүгүн келди бир нөөмөт, Эртең кайдан келет — деп, Кызыталак иттердин, Кылган иши кандайдыр, Анык өзүм көрөм” — деп. Көргөн болуп жанашып, Ачуусу келип жан ачып. Бакай абаң айткандай, Темирден кылган капкасын, Тартып алып түгөнгүр, Алысыраак ыргытып, Карап калды түгөнгүр. “Гүлчоро кылган иши — деп, Билип калсын абам — деп, Камтый кармап беш-алтоон, Сууга салып жиберди. Суу кескилеп албас — деп, Таратып көлгө салбас — деп. Бешөө кирсе экөө сак, Көлдүн суусу калар — деп. Гүлчоро кылган экен — деп, Арстан туулган, абакем, Көңүлүнө алар” — деп. Камыш менен аралап, Качып кетти бааналап. Таңга жакын болгондо, Эр Бакайга барганы. Кобурлуу тууган чунагын, Кобурап кебин салганы... Муну мындай таштайлы, Сыр коргонго Коңурбай, Кол салганын баштайлы Кабылан туулган Гүлчоро, Калайман салып Коңурга,