Тымызын барып тил албай, Бүтөт кандай жумушуң?! Анда Бакай муну айтат: — Гүлүстөн, жарайт айтканың, Балдар, сөзүм байкагын. Кылдыр-кулдур сүйлөшүп, Кытайдын тилин билчүң, ким? Калдыр-кулдур сүйлөшүп, Калмактын тилин билчүң, ким? Тетиги, кайнап жаткан калың кол, Кабар айтып барчуң, ким? Гүлүстөн туруп кеп айтат, Күлүмсүрөп муну айтат: — Сенин атаң Чубактай, Менин атам Алмамбет, Ала көөдөк жан эмес Башында кытай ханы эле, Арбак конгон жан эле. Жазасын берген канчанын, Белдүү туулган жан эле. Периден молдо алдырып, Кырк эки тилди жыйнатып, Сай сагызган тилине, Дуба кылып байлатып. Балама белек болсун — деп, Ошону кеткен карматып. Өгөйлүк кылбай Арууке, Белдемчинин бүгүшкө, Бекем тигип капшырган. Баласына берем — деп, Сактап жүрүп Каныкей, Мен чунакка тапшырган. Кытай, калмак тилдерин, Кыйын билем баарысын. Манжу, шибе тилдерин, Канык билем баарысын. Ооган, орус тилдерин, Өзүндөй билем баарысын. Айтканда жыйып баарысын, Кырк эки уруу тил билем, Аралап кирип ал элге, Айттырып сөзүн мен билем. — Билсең баатыр баргын — деп, Бакай айтып салганы. Мурунку эрдин даңкына, Айткан менен сөз жетпейт, Чыны менен калпына. Эр Гүлчоро баатырдын, Кол куржуну жанында. Үйдө жүрсө Гүлчоро, Оң жагынан кетчү эмес. Түндөсүндө Гүлчоро, Төшөгүнүн башында. Аттанып чыкса талаага, Канжыгага байлануу. Отурса да сийгени, Бир желдетке кармалуу. Ардактаган куржуну, Бүгүн канжыгада байлануу. “Не катат муну бүжүрөп, Алмамбеттин чен тону, Мына ушунда белем” — деп, Эл-журт жүргөн күбүрөп. Андай эмес Гүлчоро, Жети кыраан элинин, Жети түрдүү кийимин, Артынып жүрчү белендеп. Абасы Бакай айтканда, “Калмак, кытай белем — деп, Чечип алып куржунун, Сууруп алып кийимин, Кара бойу үпчүлүү, Капталынан топчулуу, Алып кийди кийимин. Кебезден өтүк кийинип, Эгесине сыйынып, Кеп чачты башка салганы, Шала кулак малакай, Башына кийип алганы, Калмак болуп калганы. Олпогу жок жонунда, Айбалта жок колунда. Жамандык болот экен — деп, Жалтаныш жок ойунда. Атадан калган Акшамшар, Эндекей ичтен байланып, Эр Гүлчоро шайланып. Өзү көргөн жер менен, Жыла басып жел менен, Кирип кетти жол менен. Кабылан баатыр Гүлүстөн, Карагайдан өткөнү, Карагайдын четинде, Оттоп жаткан аттарга, Элеңдеп барып жеткени. Ар кайда аттар топ-топтон, Алды беш жүз, арты жүз, Айанттарда жайылган. Көрдү баатыр Гүлүстөн, Бир жерди жууркан чачылган. Отун жыйнап жаткансып, Тезек терип жүргөнсүп, Эптеп чоро баскансыйт. Жерден алып салганда, Түшүп калат артынан. Түшкөнүнө карабай, Терген болуп абыдан, Антип–минтип түгөнгүр, Аттардын жетти жанына. Черүүсү окшойт калмактын Азамат окшойт жалгыз жан. Ат баккан жерден табылды, Калмагынча ийилип, Салам айтып калганы. Салам айтып барса да Калмак алик албады. Саламдын алик ордуна, Бул болду калмак айтканы: — Жаныма жакын жолобой, Айткын кебиң ыраактан. Улугубуз кеп айткан, Саламга алик алба — деп, Ушуну чындап бек айткан. Экөөң турсаң бир жерде, Башка адам келсе жаныңа, Тааныбасаң экөөң тең, Кылычтап аны жайла — деп. Мен жалгызмын, билбеймин, Эгер болсо жолдошум, Тааныбаса ал дагы, Төгөт эле каныңды, Алат эле жаныңды. Өлтүрөт бекер өзүңдү, Ойом сенин көзүңдү. Жаныма келбей бат жогол, Эгер уксаң сөзүмдү! Калмак кебин бүтүрдү, Алмамбеттин Гүлчоро, Кара баштуу бендеден, Кашка туулган эр чоро. Тили таттуу, боору таш, Калмакча сүйлөп калдырап, Айтты мындай балдырап: — Укчу баатыр, кебимди, Ушу сага келишим, Өлө турган жеримби? Зилим кытай эли элем, Жалгыз чейрек жер менен, Күн кечирип сей менен, Жалгыз эшек мал менен, Жан бага албай нанга зар, Жаман турмуш көрчү элем. Көк-сак айдап эр-катын, Тиричилик кылчу элем. Өткөн күндүн биринде, Чолок мылтык асынып, Элдер дүрбөп шашылып, Сары кийип баарысы, Кең көкүрөк далысы, Чокмор алып барышты, Казатка жүрүп калышты. Аттуу жүрүп нан жешти, Түшүп калса барчасы, Карабай таштап кетишти. Аскер эркин карды ток, Түйшүк менен кээри жок. Жыргайт экен ушул — деп, Ойума бул кеткени. Кош айдап жүрсөм телмирип, Мылтык алып эл келди. Ана-мына дебеди, Үстүмө кийим тон берди, Колума дары, ок берди. Буруттун элин чабабыз, Бекерден мал табабыз. Ойума кеткен ошондо, Чоң кудай мага нак берди. Ошол жолку урушта, Түшүп бурут колуна, Кул болдум минтип шорума! Ошондон бери карата, Бул буруттун элдери, Орун берип оңдурбайт, Уктатып уйку кандырбайт. Жумшап жаным тындырбайт, Жүз, колумду жуудурбайт. Отун терип келгин — деп, Чай кайнаткын болгун — деп, Так шайымды кетирет. Таалайга ушул иш болуп, Мурункудан кийинки, Түйшүгүм менин күч болуп. Келген жерим, элимди, Сагынып жүрөм нес болуп. Күн өтүп кетип баратат, Таң атып, кайра кеч болуп! — Деп ошентип Гүлчоро, Жашуучудай болду эле. Көп аттарды баккан жан, Көрүп туруп чорону, Акылы айран болду таң. Ал аңгыча камынып, Арстан туулган Гүлүстөн, Калмакча кылып кааданы, Анжийандын ак куурма, Жез чылымга салды эми. Кырып алып жер кууга, Буркуратып сорду эми. Найын кагып арытып, Тамекисин жаңыртып. Жер куу чагып тутантып, Кош колдоп суна берди эми, Үстүнөн түтүн чубалтып. Чылым сунуп тартышып, Ичинде сырын айтышып: — Нескаранын элимин, Эң эле мурун келипмин. Кеңкол деген жер экен, Кыргыз деген эл экен. Кара кыргыз улугу, Семетей деген эр экен. Сан миң аскер кол менен, Чапканы келдик ошону. Мен миң кишинин башымын, Өтөсүн алып атынын, Ат бактырып тоо-ташта, Карагайда жатамын. Өлбөй тирүү мен барсам, Үйүңө салам айтамын. Жанашалаш отуруп, Билип чоро алганы. Туйгузбастан тигинин, Алкымынан кармады. Кайсы жактан чыкты экен, Жаны кетип калганы. Сүйрөп барып кабакка, Черге тыгып салганы. Үстүндөгү бар киймин, Сыйрып тоноп алганы. Кебин угуп ал абдан, Киймин кийип жаңыдан, Асталай басып Гүлүстөн, Эр Бакайга барганы. Бакай менен Канчоро, Кум кайрак таштан бүлөө алып, Кылычты кармап эгешип, Жаткан экен белесте, Найзанын учун бүлөшүп. Жанына жакын барганда, Бута атымча калганда, Канчоронун көзүнө, Келаткан калмак көрүндү. Көрө салып Канчоро, Жүрөгү чыгып кабынан, Найзасын кармап сабынан, Сайамын деп жүгүрдү, Ашыккандан абыдан. — Энтеңдеген чунак кул, Энтеңдебей шүк отур! Темтеңдеген чунак кул, Темтеңдебей тынч отур! Балакет басып алдыбы, Көзүң агып калдыбы: Тааныбайсың мени, — деп, Гүлүстөн айтып салганы. Таанып алып Гүлүстү, Туруп калды Канчоро. Барган, көргөн баарысын, Айта салды Гүлчоро: — Калмак экен билдим — деп, Абам колго түшкөндө, Кайсы бет менен Канчоро, Аралайт элең элди — деп. Таалайыбыз бар окшойт, Абам тирүү өңдөнөт. Коргонго кирип алганбы, Корголоп жаны калганбы? Же болбосо, абаке, Менин ойлогонум жалганбы? Келген душман манжудан, Калбаган окшойт эч бир жан. Дагы эле келип жаткансыйт, Топ-топ болуп аркадан. Кандай жумуш кылабыз, Кандай уруш салабыз? — Деп, ошентип Гүлчоро, Көргөндүн баарын билгизди. — «Акыл жаштан эмеспи, Асыл таштан эмеспи», Карыган абаң не кылат? Калганын, балдар билгин — деп, Бакай турду эпеңдеп. Канчоросу оолугуп: — Манжу болсо келген жоо, Кыйкырып барып тиели. Кыйындык кылса каңгайлар, Кылычташып көрөлү. Ажал жетсе кудайдан, Аралашып өлөлү. Коркконсуп жатсак кыр-кырда, Тирүү кайдан көрөлү, Коргондо калган төрөнү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.