Айкөлүм Манас барында, Айаш атаң жанында, Жашырбаган кабылан, Ойлогонун акылда. Катпаймын дүйнөм айап мен, Баатырдын уулу Семеңден. Керектүүңдү такыр айт, Кем-керчиңди койбой айт. Үйгө эле эмес талаага, Чатак кылса чуу салчу, Жети кыраан балага, Ылайыктуу нерсеңди айт. Арсаңдап күлүп Семетей, Агартып тишин кылайтат: — Айланайын, абаке, Азелде асыл буйумдан, Кара чай чыгат кытайдан. Макошан деген аты бар, Дүнүйөдө даңкы бар. Жети кыраан элине, Жетсе анын баркы бар. Табылса жүздөн ар айда, Берип турсаң кандай ал? Муну угуп кумсаңдап, Кабагын бүркөп муңайып, Капаланып сурданып, Муруту кетип кырданып, Булкунуп Токоң муну айтат: — Букарга барып чоң болуп, Иранда жүрүп кор болуп. Көзүң кичик болупсуң, Жетим өсүп чоңойуп! Жүз каптал деген эмине? Элүү киши чакырсаң, Түгөнүп калат бир демде! Эшигиңдин алдына, Ай сайын келет бир миңден, Бир тыйын сенден албаймын, Күдөрүң үзбө сен менден! Мактанган жок Токтосарт, Баарысы ырас бул сөзү, Кең Кашкардын коосунда, Биринде ондон олтурган, Ичин малга толтурган, Жыйырма төрт дүкөнү, Келе берет ошондон. Кербенчи жолдон кетеби, Бере берсе Токтосарт, Бербейби Семең нечени? Бааша кылган сооданын, Пайдасын Токоң билгени. Ал өңдөнүп баашалар, Талашып баасын жүрөбү? Уйалгандан Семетей, Унчукпады, тим болду, Алтымыш нарга мал артып, Алтын, күмүш дагы артып, Жаңыдан кылып достукту, Семетейге кол артып. Жетелетип төөлөрүн, Токто абаң чыкты жол тартып. Суусамырдын белине, Семетей келди узатып. Коштошуп булар бөлүндү, Кучакташып кол тартып. Ашып түштү белести, Суусамырдын ашуусун, Кашкардын жолу демекти. Кашкарды көздөй бет алып, Кыргыздан Токоң, чет алып. Агып жаткан дайра бар, Нуркаптын суусу дечү эле. Алтымыш нарга бир башчы, Элинен ылгап чыгарды, Тапшырып иштин баарысын. “Үргөнүчтөн кечип өткүн — деп, Чынаачага жеткин — деп. Карачы менен Пышабур, Аралап Ооган кеткин — деп. Индыстанга баргын — деп, Киргит, Дөбөбел ашуу, Кайра айланып жигиттер, Каргалыкка келгин — деп. Кундуз, маржан, жакуттан, Булгун, кемчет асылдан, Мой менен таштын баарынан, Жүктөп келгин абыдан. Жеркендин жери өзү туз, Хотендин жери кеңири, Сагынбагын, төөчүлөр, Түндүк жактан элиңди. Кат жиберем бир кезде, Как ошондо келгин — деп. Пайда менен зыйаны, Канчалык болуп кетсе да, Кайгым жок анда менин” — деп. Төөчүлөрдү түштүккө, Түздөп жолго салыптыр. Токтосарттын колунда, Куу качыры калыптыр. Коңурбай берген куу качыр, Өзү тулпар бул качыр. Кумтуланып сыртынан, Капшыра байлап белбоосун, Жайып Токоң келатат, Куу качырдын ал оозун. Сызып кетсе куу качыр, Сырттын шамал, желиндей. Сызып келет Токтосарт, Жалгыздык кылып эринбей. Чалчык кара суу келсе, Чаңдаган кара шор болсо, Күл төгүлгөн жер болсо, Күртүлдөгөн шор болсо, Токумун алып үстүнөн, Токтоп Токоң оонатат, Чөп чалдырбай качырга, Нан жедирип баратат. Жайнап көзү алактап, Канаттуу менен жарышып, Калдайып Токоң, баратат. Алдына минген Куу качыр, Ал Токоңо жарашат. Наманген менен Коконду, Анжиан менен Улуу-Чат, Аралап Токоң сабалап, Учкан куштай баратат. Минген жорго качыры, Жери майда адыры. Артыш, Маралбашыдан, Тумшук менен Чыландан, Айкөл, Аксуу, Байлардан, Жам, Кызыл, Күчөр калаадан, Башабегим, Көрлүдөн, Карашаар, Дабанчын, Сайапу кумдуу шорунан, Салып жүрүп олтуруп, Уланбай да эшиктен, Жамбылга кирчү тешиктен, Барып кирди Токтосарт. Сакчылар эшик карашкан, Токтосартты тоскон жок (Минген качыр таанымал, Ал Токоңдо жарашкан.) Алоокенин чоң уулу, Атактуу баатыр эр Коңур, Намыс үчүн жаралган. Токтосарт келди дегенде, Айтып кабар бергенде, “Азыр мында келсин” — деп, Жиберди киши бир демде. Алыстан келген Токтосарт, Түшпөй качыр үстүнөн, Барып түштү бир үйгө. Чычаң сөөгү коройуп, Эти кетип жооруптур, Олтура албай Токто абаң, Кыйшалактап туруптур. Кылчайа карап келгенге, Кепти мындай уруптур: “Коңур болбой комур бол, Калдай болбой катып кал! Кыргызың менен кырылып, Баарың жерге батып кал! Семетей менен чирип кал, Качырын менен куруп кал! Араң келдим алыстан, Кутулдумбу карыздан?! Токтосарт атка конгону, Соодагер өзүм болгону, Мындай кордук болбоду. Айткан сөздү кылам — деп, Чычаң сөөгүм коройду, Чыгып башка соройду. Жаталбай атам моминтип, Мындай кордук болорбу?” — Деп, ошентип Токтосарт, Жатып алды коңулга. Кабарга келген кишиси, Барып айтты Коңурга. “Жай алып Током жатсын” — деп, Жайына койуп ушунда. Алдына келди чоң Коңур, Күн чыгыштын тушунда. Күркүрөп Коңур киргенде, Козголбой Токоң ордунда. Колун сунуп көрүшүп, Эсен сөзүн сурашып, Эрмектешип бир далай, Алтындан зембил көтөрүп, Он эки желдет, бир малай. Олтургузуп Токоңду, Алып кетти борборго, Зыйнатын кылып жайма-жай. Кебин айтты эми ал, Оро-пара бет маңдай: — Бардым, баатыр эр Коңур, Барсам өзүм, жатыптыр Семетей деген оңбогур. Эли көчтү калбастан, Эркин жайлоо салкынга. Семетей калды кырк үйлүү, Салынган коргон алкымда. Сулуунун баарын калтырды, Канчасы болсо калкында. Эр жигит деген ыктуудан, Ойунга мыкты шыктуудан, Ылгап калды кырк киши. Айчүрөктүн ордосу, Айылдын берки башында, Окчун экен бир иши. Бир жарым ай мен турдум, Чачыкейдин үйүнө, Жок экен анын кириши. Найза, кылыч, жабдыктар, Ок өтпөс кийим олпоктор, Коргондо экен жыйылуу. Колунда жок кийими, Эсиргени Семеңдин, Мына ушундан билинди. Селкинчек салып айылга, Эч нерсе албай ойуна, Бейкамдыгын мындан бил, Тайбуурул жок колунда. Жамандык мага болот — деп, Эч нерсе албай ойуна, Жылкыдан тандап жүз байтал, Алып калды сойууга. Качан барсаң сен Коңур, Канкорду бекер табасың. Кандуу душман канкордон, Капкачанкы кегиңди, Өз билгенче аласың. Убара болбой башкага, Айчүрөктүн үйүнөн, Ар качан барсаң табасың. Эндегей жаткан эренди, Элебей жаткан беренди, Ээн үйдөн табасын. Эрмектешсең, канкорго, Эриккен суусун канасың. — Деп, ошентип Токтосарт, Көргөнүн айтты баарын жат. Хан Коңурбай кеп баштап: — Алып баргын Кеңколго, Азыр, Током, — деп баштап. Жыгылса душман меники, Жыйылса олжо сеники. Эңкейсе душман меники, Элинде олжо сеники. Эзелтен берки көп пайдаң?, Алсаң келди эмики. Бабырап Током күүлөнүп, Баштады кебин сүйлөнүп: Бадирек, Коңур, оңбойсуң, Минтип жүрсөң сойлойсуң. Пайда таппай темтеңдеп, Басып жүргөн ойлойсуң. Жер жүзүндө жаралган, Жети кыраан элинде, Кээси кургак, кээси суу, Күн көргөн адам жеринде. Алтын, күмүш, зарым бар, Кайсы жерге мен барсам, Сага окшогон ханым бар. Барбасам да кол баштап, Мага пайда табылар! Чычаң сөөгүм коройуп, Чыгып калды соройуп. Олтуралбай тик туруп, Жатып калдым торойуп. Баштап барар колуңду, Байкачы, кайсы алым бар? Алп Коңур тилиң алам — деп, Адамзаттан болдум кар! Асили адам кор болсо, Айабайт экен падыша. Менин жаным кыйналды, Сага болсо тамаша. Эндегей экен Семетей, Барганыма жараша. Мага зыйан, пайда жок, Бириңди бириң чапсаң да. Өлбөсөм жыргап жүрөмүн, Өзүм батар жер калса! — Деп, ушинтип Токтосарт, Эр Коңурга айтканы. Кабыл алып айтканын, Хан Коңур кайра тартканы. Мындай болду уксаңыз, Камынып анын жатканы. Мурунку кытай өнөрүн, Ал кезде пенде көргөнбү? Өкүмүнө кишинин, От түтүнү көнгөнбү? Топодон салган мунар бар, Ичинде ийри жол менен, Үстүнөн чыгар иши бар. Оргуштап көккө созулган, Жаккан оттун ышы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.