Эсен хан менен Коңурбай, Ал түтүндү жумшашып, Кабарлашар белги бар. Кишиден кабар жумшабай, Түтүндөн белги жибериш, Салты экен баштатан, Коңурбайдын жерлиги ал. Түтүндөн кабар салыптыр, Түп Бейжинде Эсенхан, Ошондон кабар алыптыр. Коңурбайдын айтканы, Куп болбой качан калыптыр? Каардуу баатыр эрлерди, Кайраты толук шерлерди. Калдай менен бектерди, Калк башкарган эрлерди. Калтырбай баарын Бейжинге, Жыйнап келип Эсенхан, Эр Коңурга жиберди. Отуз эки алпы бар, Эр Коңурбай зор калча, Ошончолук салты бар. Кармашчу жоону көргөндө, Калтылдап кайдан тартынар? Касташканды кыйраткан, Катын, кызын ыйлаткан. Кармашарга жоо болсо, Канын төгүп сулаткан. Бээжинде жатып Эсенхан, Куру койбой түнөөнү, Бейжинден аскер чубаткан. Эр Коңур мындай тапшырган: — Бүгүн аскер жаткан жер, Эртең бекер калбасын. Бээжинге пенде калтырбай, Менден кабар болгуча, Бер жакты көздөй айдасын. Мен кеттим ыраак батышка, Эми калган иштерди, Ханым Эсен жайласын! Баштап алып баатырын, Жанынан тойгон жакырын. Семетей көздөй жол тартты, Алп Коңурбай капырың. Эр Коңурбай жүргөн кез, Эрте жайдын баш жагы, Айагы экен Кулжанын, Ай эсеби баштагы. Отуз эки алп менен, Арбын аскер баштады. Жанында жүргөн жакырлар, Жай билген канча капыр бар. Кар жааса аттын башына, Куйругуна күн тамбайт. Мына ушундай баатырлар, Баскан жери Коңурдун, Чыгыштан батыш созулган. Жерден туман оргуса, Булутка чыгып кошулган. Ар качандан бир качан, Аркыраган шамал, жел, Кыбыла жактан созулган. Кыбыла жаккы кырчоодон, Кылайтып булут кетирбей, Сыдырым шамал, желаргы, Астынан утур салганы. Калмак, кытай аралаш, Айдап калың кошунду, Кеңколго жөнөп алганы. Эки күнү жол жүрүп, Күнү-түнү болгондо, Бээ саамга күндү койдуруп, Батышка киши бастырбай, Айдап жүргөн кошунун, Өрүүн кылып жаткырбай. Чыгышты көздөй басканды, “Чын эле жолуң шар — деди. Кандай барсаң андай бар, Кай жерде болсо жумушун, Калтырбай баарын бүтөп ал. Күн батышка баспа — деп, Күүгүмдө өтүп кетпесин, Күлдү кытай байка” — деп. Кытай түмөн кыргыздын, Арасы жаман бузулду. Адам уулу болгондун, Айласы минтип кысылды. Баштап алып кытайды, Алп Коңурбай сызылды! Жайдын ысык күнүндө, Теклимекен чөлүндө, Суусу какшып соолуган, Ным калбаган көлүндө, Күзгө жакын барыптыр, Суусамырдын белине. “Жайчыларың келгин — деп, Жаадырып күндү бергин — деп. Шабырап жамгыр куйсун — деп, Жели жок болсун билсең — деп. Жерге жамгыр куйсун” — деп. Кылайып булут калбасын, Жаап күнү ачылса, Асманда булут чачылса, Сөзүн бурар киши жок, Ал Коңурбай баатырга. Нескара деген бар экен, Эл башкарган хан экен. Коңурбайга курбалдаш, Өзү баатыр жан экен. Тору айгыр менен алкылдап, Тоодой болгон Нескара, Алп Коңурбай кошуна, Жетип келди жакындап: — Ээ, Коңурбай, не болдуң? Эсиң кайда жоголдуң? Кокуй күн, Коңур, не болду? Кетирип колдун айласын, Кордуктуу күнгө не койдуң?! Кошунуң кытай эл болсо, Кошулган калмак бар болсо. Алдында ашуу бел болсо, Ак чалмалуу жер болсо. Буту ичке, колу узун, Аргымак жайы ал болсо. Айнектей талаа түздөрдө, Айкындан өскөн эл болсо. Күн жаадырып бел аш — деп, Болобу, баатыр, кеп ушу?! Нескара кебин укканы, Эр Коңурбай баатырдын, Күнгүрөп үнү чыкканы: — Зор Мурадил, кайда — деп, Чоңдоруңдан калба — деп. Эр Мурадил, кайда — деп, Эрлериңден калба — деп. Нескара баатыр келиптир, Эли-журттан кайгы жеп. — Байкаңарчы, баатырлар, Айтайын сөздү дагы — деп. Кекенип келдиң Кеңколго, Кыргыздан кыраан Семетей, Кыйратабыз аны — деп. Адамзат жаралып, Жер жүзүнө таралып. Акылы толуп адамдар, Орун кылып, шаар салып. Периге пенде кошулуп, Бээжиндин шаарын күтүнгөн. Отуз беш кылым алдында, Ошол шаарды бүтүргөн. Ошонун ачып эшигин, Ойротто пенде кирбеген. Кыргыздын кирди Манасы, Кызыңды алды карачы! Тартып алды шаарыңды, Талкалады баарыңды. Койбой бузду шаарыңды, Куп жүдөттү баарыңды! Кол куушурган кутулду, Каны суудай жошулуп, Кордукту көргөн кыргыздан, Кытай, калмак кошулуп. Калмак менен кытайдын, Канын төктү кыргыздар. Орус менен оогандын, Шаарын бузду кыргыздар. Ат жетер жерге жан койбой, Баарын бузду кыргыздар. Өткөн күндү ойлодум, Жетчү кезди болжодум. Кеңколго келип калдык го, Уккан кепте болжолун. Кашкардын жолу кең деген, Кашкар жактан барганда, Ашып түшчү Таласка, Суусамыр деген бел деген. Суусамырдын бели ушу, Кыргыз деген эл ушу. Калың кыргыз башкарган, Хан Семетей эр ушу. Айдалып жүрүп калың журт, Келген жери мына ушу. Абайлагын, арстандар, Айта турган кеп ушу. Бакай бар кыргыз элинде, Баспаган жери калбаган, Дүнүйөнүн жээгинде. Белине таңуу медери, Бул кыргыздын элине. Кабылан Бакай билет — деп, Канча күндөн бер жакка, Калдайтып туман түшүрбөй, Кыбыладан булутту, Кураштырдым үзүлтпөй. Бүгүн келдиң Кенколго, Келгениң алыс жер болсо. Кегиңди алар кезиң го, Кеңири кыргыз эл болсо. Беттешериң баатырлар, Айкөлдүн уулу шер болсо. Көрбөгөнмүн, уккан кеп, Кыдырып жүргөн жер жүзүн, Соодагерден чыккан кеп. Алтайдын айак жагында, Күнөстүү күңгөй бетинде, Андан кала бергенде, Чоң Кеңколдун ичинде, Калдыркан ала жалбырак, Ат туйагы тийгенде, Жез дообулбастай шаңгырап, Уну катуу угулат, Ошол чөптөн үн чыгат. Эми жатам ой кылып, Эл туйгузбай алсак — деп. Эр Семетей сардарды, Ошол чөптү жашытып, Андан кийин барсакпы? Эр Коңур кебин укканы, Эч текеден кабарсыз, Элинен булар чыкканы. Бул кабарды укканда, Өлүмдү кабыл алышы. Өлөбүз — деп баарысы, Кырылып кетсек баарыбыз, Кызыталак Коңурдун, Тийет — деп — кимге намысы. Куушурулуп далысы, Куп жүдөдү баарысы, Өңүнүн чыгып сарысы. Өлүм бизге чукул — деп, Бузулуп өңү калышты. Алдыртан бизге сөз кылып, Угузбаптыр, бадирек. Барабыз деп Кеңколго, Туйгузбаптыр бадирек. Башкарбаган Коңурдун, Башынан ойун ким билет? Аттарын кылдап минишип, Кабаттап темир кийишип. Калкандарын кармашып, Кылычтарын кайрашып. Айбалтаны эгешип, Найзанын учун бүлөшүп. Басып түштү Кеңколго, Басалек мойнок бел ашып. Айдын он беш кези экен, Асмандан тиет жарык ай, Капкайдан бери көрүнүп, Кен-Колдун ичи түз экен. Ат арытып, тон тозуп, Азаптуу калча эр Коңур, Кеңколго жеткен кези экен. Келе жатат Коңурбай, Аркасында миң сандап, Калың аскер колу бар. Түп Бейжинде кытайдын, Уругун төккөн кору бар. Катылышкан кытайга, Кандай пенде болсо да, Маңдайыңда шору бар. Дүйнөнүн көбүн ал ээлейт, Бастырбай койсо жолу тар. Албан түркүн эли бар, Атактуу Бейжин шаары бар. Калмагы бар, сарты бар, Канча түрдүү калкы бар. Хайнан деген жери бар, Кайнаган кытай эли бар. Ал Хайнанды ээлеген, Канаттуунун кени бар. Ошондон бери карата, Айдалып келген чени бар. Урум менен кытайдын, Ортосунда бели бар. Амирдин улуу чоң суусу, Чек ортосу жери бар. Бир чекеси кытайдын, Мына ушу жерде дагы бар. Калмагы көп айакта, Кара кытай калкы көп, Дүнүйөгө дүң кылып, Кабар берип калтырбай, Айдаган экен быйакка. Шаңданган Жолой баатыр бар, Сандаган кытай капырлар. Дүнүйөнүн төрт бурчун, Тең жарымын ээлеген, Түгөнгүс кытай эли бар. Ошо колдун үстүндө, Отуз эки алпы бар. Ошончо кошун кол жыйнап, Ат арытып, жан кыйнап. Адамдан асыл эр Коңур, Таласка келген чагы бар. Коңур ашкан Суусамыр, Которулуп кеткен жок, Ушу бүгүн дагы бар. Байыркынын жомогун, Байкап барың билип ал. Көптүгүн көрсөң кытайдын, Жан сактабай калган журт, Казып көргө кирип ал. Эрегишип келген жоо, Эр Манастын уулу ал. Келе берсин Кеңколго, Кежебе курсак тулпарлар. Кекейте тартып чоң жолдо, Кепти жеткен башкага, Келели эми Кеңколго. Манастан калган коргону, Башкарып өзү чоң болуп,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.