Токтосарттын саткындыгы, Коңурбайдын чабуулу
Хан Манас ага калтырган, Кастыгы күчөп карарды. Кербендерден кеп угуп, Кеменгер Манас эркеси Кеңколдо жатат — деп угуп, Соодагерден кеп угуп, Султан Манас тукуму, Сонундап жатат — деп угуп. Баргандардан кеп угуп, Баатыр Манас тукуму, Падыша болду — деп угуп. Чынкожо менен Толтойду, Семетей сойду — деп угуп. Акундун кызы Чүрөктү, Семетей алды — деп угуп. Семетейдин калтырбай, Теги жайын бүт угуп. Жин ургандай кутуруп, Батпай бугу тутулуп. Алгараны мойундап, Көк кутусун койундап. Күн батыш көздөй жөнөдү, Куйтулук менен кулуңдап. “Беш-Балыкка барсам — деп, Анын жолун чалсам — деп. Анда кербен көп өтөт, Аныктап кабар алсам — деп. Соодагерди тапсам — деп, Сатып аны алсам — деп. Семетейге жиберип, Сырына анын кансам” — деп, Алгара менен чайпалып, Каспанда жаткан залкайып, Келе жатат Коңурбай Кербезденип чалкайып. Кара чоктуу калмакка, Калка болгон, чоң төрө. Кызыл чок кытай журтуна, Арка болгон, чоң төрө. Баштан жүргөн камынып, “Ылат-манат колдо” — деп, — Ырас ага жалынып. Арам өлгөн кутургур, Атырайган түгөнгүр. Ач арстандай чамынып, Чарайнасын тартынып. Ок, дарысын артынып. Ополдой болгон түгөнгүр, Кара тоо башын айланып, Каары катуу чоң баатыр, Бешбалык келди шайланып. Бешбалыкта жүргөндө, Улуктук өкүм сүргөндө, Утур чыкты Токтосарт, Ошол кезде бир күндө, Кең Кашкардын четинен, Артыш деген жеринен. Аралап жүрсө эркинче, Жети кыраан элинен. Тоскоолу жок сарт эле, Коңурбайдын алдынан, Чыгып калды шарт эле. Хан Коңур келип көрүшүп, Амандашып турушуп. Айабай кеңеш кылышып, Акылдашып олтуруп, Хан Коңурбай кеп айтат: — Ой, Токтосарт — деп айтат. Кабылан Манас өлгөнү, Сен бардыңбы айлына? Жети кыраан жер толгон, Жетөө менен дос болгон, Жетик тууган эр элең. Ачык жолуң шар болгон, Асманда жылдыз боз элен, Манас менен дос элен. Ар кайда барсаң жолуң шар, Соодагерден ыктуу элең Кайда жүрсөң шашпаган, Мына ушундай мыкты элен,. Бээжинге келсең жол ачык, Бараңга барсаң тоспогон, Жапанга барсаң. тийбеген, Кыргызга барсаң, сыйлаган, Кылымда сендей болбогон. Ушул сапар бир кызмат, Кылып берсең — деп турам. Бээжинде жатып кеп уктум, Пейлимди салып бек уктум. Манастын уулу Семетей, Бекер жатат — деп уктум. Сонун кепти дагы уктум, Соолуп калган Семетей, Сонун жатат — деп уктум. Атасы Манас элимди, Алганы келип башында, Өлтүрсөм деймин ошону, Көп өөрчүтпөй жашында. Кылганын ойлоп кыргыздын, Кыйналып турам азыр да! Семетейге барып кел, Өзүң кабар алып кел. Кыштай жүрүп Таласта, Жазында кайтып жанып кел. Өзүңдү күтүп жатайын, Камданып турса Семетей, Катышпай ага кайтайын. Камсыз болсо Семетей, Как төбөдөн басайын. Токтосарт анда кеп айтат: — Бара албаймын — деп айтат. Антташып койгон дос элем, Акыретке барганда, Анда кантем — деп айтат. Коңурбай анда кеп айтат: — Койгун, Токо, — деп айтат. Сенин ачык, жолун шар, Мусулмандык каадаңда, Бата деген ишиң бар. Бата кылып, өзүң бар, Баарынын жайын билесиң Айтып кабар өзүң сал. Барар болсоң алыска, Жарар болсоң. намыска, Алтымыш нарды комдойун, Айры өркөчтөн кошпойун. Ком жыгачы баары жез, Сарамжалың болсун тез. Сага салган бир кеңеш. Алып барчу кишинин, Аш-азыгы өзүмдөн. Алтын, күмүш, каухарды Айабаймын өзүңөн. Кош көрбөсө көңүлүң, Казынадан соода алгын. Торгун, жибек, далымбу, Аркагы жибек кырмызы, Асылдан тандап сен алгын. Бирин тандан өзүң ал, Андан кийин жолго сал. Соода кылып барарсын, Семетейди табарсың. Жолго чыгар күнүңдө, Учурашып жанарсың. Нардын кебин укканда, Алтын, күмүш, гезмалдын, Алардын аты чыкканда, Бармакчы болду Токтосарт. Сегиз күнү күтүнүп, Кемкерчисин бүтүрүп. Сакалы ылдый көгөртүп, Насыбайын түкүрүп. Жол кереги бүтүптүр, Аттанар кези жетиптир, Эми Токоң нетиптир? “Алтын менен күмүштүн, Абалтан наркы окшош — деп, Гезмал алсам, баа кошсом, Баары жерде өтөт” — деп. Арбын алып гезмалдан, Эртең, менен Токтосарт, Хан Коңурбай баатырга, Кирип барса басып шарт. Топтоголок камырды, Топ табакка толтурган. Чөптү кошуп чөкүлөп, Коңурбай жеп олтурган. Кирери менен тамактын, Мурунга жыты өрдөгөн. Айран калды Токтосарт, Ал өңдөнгөн тамакты, Андан мурда көрбөгөн. Ашпоздору белен деп, Ага да сунду табагын. Алганча Токоң сурады: — Бул эмине тамагың? Хан Коңурбай кеп айтат. — Жегин муну — деп айтат, Уксаң, Током, бул өзү, Индыстандан келиптир, Чочбара деген аш экен, Бул тамакты жасоого, Бешбалыктык маш экен. Бүгүн көрдүм мен — деди, Тойгуча сиз да жең, — деди Жешип булар тамакты, Бошотушуп айакты. Ат мактоого барышты, Коңурбай менен Токтосарт, Бир акырга байланган, Алгара менен качырга, Атайлап көзүн салышты. Атайын көргөн бу качыр, Өзү мада куу качыр. Чечип аны Коңурбай: — Сырын билсең Токтобай, Сын аты болот кербендин, Сүйгөндүктөн дос санап, Чын сүйүп сага бергеним. Качырым бердим алгының, Үстү сылык жаныбар, Жолго минип баргының. Аман барсаң Кеңколго, Кайра тартсаң чоң, жолго. Пайдасы тийет ошондо. Бешбалык менен Таластын. Арасы алыс, жер ыраак, Минсең өзүң чарчабай, Алып келет кар кылбай. Кара топо, баткак суу, Оонатып алсаң, сууту ошо. Сегиз күнгө барбастан, Алты күнгө калбастан, Жеткизет сени как ошо. Алгарамдан өөдө эле, Өзү кичик мал үчүн, Начарлык жери ошо эле. Камынып жатса Семетей, Камынбай жатсын кенебей. Кандай болсун, Токтосарт, Кабар бергин кечикпей. Токтосарт менен Коңурбай, Кол алышып бекемдеп. Жөнөп кетти кайран сарт, “Семетейге жетем” — деп. Катарлап нарды чиркетип, Уланбайдан жөнөгөн. Сайапу менен Дабанчын, Карашаар, Көрлүүдөн, Катар өтүп Токтосарт, Башабегин өрдөгөн. Күчөр менен Кызылды, Катар басып ушуну. Бай менен басып Аксууну, Артып Ачал тумшукту, Чоң Кашкарга түштү эми. Чоң Кашкар жери кең эле, Токтосартка караштуу, Жыйырма төрт дүкөн бар эле. Бар дүкөнү жык толгон, Ичи бүткүл мал эле. Мал-пулдарын эсептеп, Андан нары өттү эле. Эркечтамды кылаалап, Улуучат менен аралап,: Сымкана мекен кыдырып, Анжыйан, Кокон, Маргалаң, Аманшоро, Наманген, Аралап өттү бул элден. Алты ай кыштай жол басып, Чын курандын айында, Чоң Таласка ал келген. Чогулган экен ал жерге, Бүткүл ногой жан пендең. Жайлоону карай бет алып, Көчкөнү жаткан кези экен. Токтосарттын чыкканы, Суусамыр деген бел экен. Аны Кашкар жолу дээр экен. Алыстан келген Токтосарт, Белге чыгып ошол кез, Турнабай алып колуна, Туш келтирип Семеңдин, Жыйылган айыл тобуна. : Караса Токоң алыстан, Калкылдап ногой толуптур. Кара кыргыз калың журт, Каршы-терши конуптур. Ашып түшүп жолунан, Орун алды Токтосарт, Аккан суунун бойунан. Кат жазып киши жиберди, Канкор Семей баатырга. Кара кыргыз көп журтка, Хан болуп жаткан капырга. Кат алпарган бир киши, Элчи катты алпарат. Сактаган эшик сакчысы, Семетейди табышты, Алыстан келген кишинин, Кабарын айтып барышты. Буйрук болуп ханынан, Келген катты алышты. Өзү молдо шар экен, Семетей жайы ал экен. Катты ачып окуса, Каңгайдан келген элчи эмес, Же кайгуулдан келген ченчи эмес. Соодагердин аты бар, Жазган салам каты бар. “Каныкей менен Бакайды, Чакырып алып келгин” — деп, Буйрук кылды байагы, Хан Семетей жашыңар. Бакай менен Канышты, Баштап келди баргандар. Семетей айтты кат жайын, Салам айтып жазганын. Кабылан Бакай камынып: