— Ой, Семетей баатырым, Асманда жылдыз боз эле, Салам жазган Токтосарт, Атаң Манас көкжалга, Акыреттик дос эле. Жети кыраан болгонго, Ал Токомду жиберип, Уруштуу күнү керек — деп, Нерсе керек алчу эле. Кашкардын үстүн Артыштан, Карманган ал досу эле. Жети кыраан болгонго, Аралап Токоң жойлогон, Тосуп киши койбогон, Токоңдун жайы бул эле. Түгөнгүс дүйнө зар менен, Жоо жарагын эң кенен. Көргөзбөй каткан башкага, Атаң Манас ал берен, Ушул Токтосарт менен, Көөнүн тапсаң, муну сен, Таап берет баарын тең. Каныкей кошуп кеп сүйлөйт: — Жалгызым, Семең, — деп сүйлөйт. Атаң көзү барында, Кыргын салган Кырымга, Уруш салган Урумга. Кызылкыйа бел ашкан, Кытайды барып бир чапкан. Ойурма артуу бел ашкан, Орусту барып бир чапкан, Түгөнгүс олжо мал тапкан. Жети кыраан болгонго, Жеткилең, атан жойлоду. Англис менен баранга, Барбагандай болжолу. Өзү барбай хан атаң Токтосартты жойлотту. Сан дүйнөнү топтотту, Алдырып келген дүйнөсүн, Асыл буйум буруудан, Каттырып койгон ошону. Атаңдан артып баратат, Азыркы сенин дүмөгүн. Аман болсоң, жалгызым, Өлгөнчө доор сүрөсүң. Токтосартты тосуп ал, Кызыгын анын көрөсүң! Бакай менен Каныкей, Жайын айтты Токоңдун. Кол куушуруп алдына, Бармак болуп ошонун. “Алты сан кара, көп ногой, Кара кыргыз элине, Эр бүлөсү калбастан, Келсин баары” — деди эле. Суусамыр менен Коргондун, Орто жери үч күндүк, Көчүп барчу жол эле. Семетей колу арыштуу, Мына ушундай чоң эле. Ойноктогон түгөнгүр, Ойуна келген иш үчүн, Алыстан келген атайлап, Айтылуу тиги киши үчүн. Кызмат кылат экен деп, Кыйалын тапсак биз үчүн. Кычырып келген кыргызды, Коо кылып жолго тизиптир. Өйүз-бүйүз турган эл, Үч күндүк жерге жетиптир. Хандын кызы Каныкей, Касиеттүү жан эле. Ал Каныкей жасаган, Атасы Манас олтурчу, Бир килеми бар эле. Жер жүзүндө кымылдап, Ачып канат ирмеген. Чоң, кичине дебестен, Бирден жүнүн ылгаган. Жыйналган ошол жүндөрдөн, Токулган ушул чоң килем, Артык эле кыйладан. Алдырып келип килемди, Кепичин буттан чечтирбей, Таманын жерге тийгизбей, Алып келди Токоңду, Манастын жогун билгизбей. Урматына кыргыздын, Токтосарт жашын имерди. Үн жетер жерге келгенде, Өкүрүп Токоң жиберди. Өзү баатыр, сом даалы, Бойу узун далдагай, Кара сакал, бото көз, Бакырып келет Токтосарт, “Баатырым” — деп, үн баспай. Каныкейдин үйүнө, Алып келип түшүрдү. Урмат кылып Семетей, Токоң жакшы күтүлдү. Токтосарт куран окуду, Калың кыргыз кол жайып, Батасы тийсин мунун — деп, Баатырга карай жол алып. Бата дуба бүткөн соң, Токтосарт чыгып талаага, Ак чатырын тиктирди, Семетейдин айлына. “Кабылан Манас досумдун, Казаасы жетти каапырдан, Хан Коңурбай баатырдан. Кантип келип бата окуйм, Качып жүрсө Каныкей. Эр жеткен соң сен өзүң, Эми келдим, Семетей, Айаш атаң токтоду, Арамдык жок кенедей. Ачык айткын сырыңды, Ал кылып берем берелдей. Анда Семең, муну айтат, Агартып тишин кылайтат: — Атам өлдү, мен калдым, Тентип кетип Букарга, Он эки жыл сандалдым. Кайта келип чоңойуп, Касиеттүү атамдын, Салган ордо, сайган бак, Сапырылып кетерде, Салышып жүрүп колго алдым. Асылым атам барында, Бел куда болгон Чүрөктү, Чынкожо менен Толтойдон, Талашып намыс мен алдым. Жез кемпирдин жети уулун, Хан көтөрдүм ал элге. Алп Жамгырчы, хан Бакай, Карып калган кезинде, Кар болбой үйдө жатсын — деп, Гүлчоро менен Канчоро, Хан көтөрдүм бу жерге. Атам айкөл барында, Бир жүрүпсүз жанында. Жабдыгы менен зарларын, Айаш атаң билет — деп, Жайын уктум анын да. Камсыз болом — деп — турам, Абаке, сенин барыңда. Ала көөдөн Семетей, Арамдыгын элебей. Айтып берди бар сырын, Токтосартка ченебей! Токтосарт туруп ордунан, Олтурган көрпө соорундан: “Айланайын, Семетей, Жарабаган кепти айтпай, Жалганы жок чынды айттың. Жашырбастан чунагым, Ичиндеги сырды айттың. Атайын издеп алыстан, Ат арытып келгенге, Абалыңды сен айттың. Кер сары болгон абаңдын, Кетирип шайын муңайттың! Өлгөнү чын атандын, Көмгөнү чын энеңдин. Он эки жылда чоңойдуң, Тентип жүрүп, береним. Атайын бата окууга, Арстаным жоктоп Манасты, Агып жашым мен келдим. Муну айтып Токтосарт, Көзүнүн жашы бурчактайт. Сагынышкан немедей, Сакалы ылдый жаш кетип, Ыйлаган болуп солкулдайт. Жанындагы жоолугун, Сууруп алды колуна. Белендеп койгон башынан, Мыйаздын чылап суусуна. Болбосо мунун боору таш, Көзүнөн чыкпайт андай жаш. Мейитип сөзгө калп ыйлап, Токтосарт күрс-күрс жөтөлдү. Билдирбестен сыр алып, Семетей көөнүн көтөрдү. Туйгун экен Токтосарт, Күнүгө чыгып талаага, Ар бир жердин бетинен, Атасынын көп дүйнө, Тапшыра берди четинен, Мурун өзү бекиткен. Кырк күн өтүп арадан, Кыргыз эли чубуруп, Айдап малын чогултуп, Жайлоого көчүп жөнөдү. Ак калпак кыргыз ал кезде, Анык толгон кези экен. Кара малды санга албай, Каркып толгон кези экен. Жамгырчы, Бакай, Каныкей Самаркандын сыртына, Көчтү Белсаз, Кырчынга. “Жайлоого чыксак түтөк — деп, Күздөөдө чымын күчөйт” — деп. Чай кайнатып, бал чайкап, Ортобөксө, Белсазда, Жатат экен ушунда. Аз болгондо миң киши, Айтканынан чыкпаган, Алып калат Семетей. Бойунда бар катын жок, Жаш баладан такыр жок. Жалпайтып тиккен чатыр жок, Жагалданган сайрандап, Жалганда мындай баатыр жок. Келин менен уулдан, Сөөктөрүндө мууну жок. Сөөлөтүндө Семеңдин, Сөз кыларга буруу жок. Кийерге кийим олпок жок, Атарга мылтык, жаасы жок. Сайарга найза жана жок, Чабарга балта, кылыч жок. Жыйналуу жатат тетиги, Сыр коргондун ичинде, Жоо жарагы бары топ. Кастарлап минген Буурулду, Жайлоого салып жиберген. Тандап калган коңшусу, Кара кыргыз көп элден, Кырк келинчек, кырк уулду, Коңшу кылып имерген. Жибек менен чынжырдан, Жыйып аркан салдырган, Селкинчек тээп жатышкан. Өйүз-бүйүз коо кылып, Айылды сонун кондурган. Сыр коргондун оозүнда, Чачыкейдин үйү бар. Тармалсаздын бойунда, Айчүрөктүн үйү бар. Ортосунда эки үйдүн, Кырк жигиттин айлы бар. Тунгуч курсак байталдан, Ылгап кыркты ал алган. Сексенди бөлүп саандан, Санаты артык жаандан, Асманга үркөр чыкканча, Кымызына ал канган. Козголуп үркөр болгондо, Чоң казанга кайнатып, Тарттырат арак ошондо. Саанчы менен бакмачы, Келбейт жакын айылга. Кара кыргыз элде жок, Кенедей кайгы баарында. Токтосарт бирге короолош, Ошентип жаткан чагында. Айчүрөктүн үйүнөн, Алып Семең жылган жок. Чачыкейдин үйүнө, Жыла басып барган жок. Токтосарттай “абадан”, Аслы күмөн кылган жок. Жайлоого кыргыз кеткенде, Жакада Семең бир өзү, Калгандыгын билгенде, Токтосарт андан суранат, “Кайтайын” — деп элиме. Алтымыш нарды айдатып, Айабай малды жүктөтүп. “Жыртышы — деп — досуңдун”. Буулумдарды бүктөтүп. Кара кыргак, ак күбөң, Канча кымбат асылды, Катарлап баарын койдурду. Кайдан алган Семетей, Көргөн киши таң калды. Жети кыраан болгон журт, Жер жүзүнө толгон журт. Жеткилең Манас тукуму, Жетик кылган ушуну. Өрттөнгөн Манас тукуму, Өткүр кылган ушуну, Дем албай келип меймандар, Берип жатат баарынан. Алып келген алтоо бар, Алып кетчү жетөө бар. Жүктөп келген жетөө бар, Кийип кетчүү бирөө бар. Жети кыраан ичинде, Болгон экен жолу шар. Такыр асыл буйумду, Табылган дүйнө мамыңдай. Алдына койгон Токондун, Хан Семетей жайма-жай. Анда Токоң кеп айтат: — Кабылан Манас тукуму, Каңкорум укчу — деп айтат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.