Олпокту чечип күбүшүп, Тушарга чейин ок түшүп. Ойулбаптыр жедигер, Көптүгүнөн бүк түшүп. Гүлчоро менен Канчоро, Абасын эске алыптыр, Чекенелеп чегинип, Семетейге барыптыр. Чынкожо, Толтой биригип Аны камап алыптыр. Карала менен канаттуу, Чынкожо көктөн октоптур. Тунартып көзүн ачтырбай, Толтой жерден чоктоптур. Аколпокко ок деген, Уй түгүндөй орноптур. Камаарабас Семетей, Муну, капарга алып койбоптур. Аны көрүп Гүлчоро Ичи жаман ачынып. Ызырынып айкырып, “Манастап” ураан чакырып. Семетейдин жанына, Салып жетип барды эле. Өкүргөндөн бакырып, Өрүктүн башын жапырып. Жедигердин эр Толтой, Жерден атып мылтыктап, Шыгайдын уулу Чынкожо, Асмандан атып ок чыңдап. Жебенин огу зыркырап, Койчагыр огу дыркырап. Очогор үнү күркүрөп, Уккандын бойу дүркүрөп. Жан айабай Гүлчоро, Кирип келди күркүрөп. Кожо, кызыр жанында Колдоп жүргөн немеси. Эми келе жатат — деп, Баабедини башында, Баштап жүргөн немеси. Жана келе жатат — деп, Гүлчорону көргөндө, Алты куржун ок-дары, Оң жагына байланып. Аркар өтпөс Ала-Тоо, Чынкожо кетти айланып. Семетей октон кутулуп: — Азамат жыйдым, эр жыйдым Гүлчорочо болгон жок. Аргымак жыйдым, ат жыйдым Тайбуурулча болгон жок. Аркаң тийип, Гүлчором, Эми араң кутулдум, Атышынан куугундун Чынкожо көктөн октоду, Толтой жерден чоктоду. Тунарып көзүм тумандап, Аталбай колум токтолду. Гүлчоро анда кеп айтат, Ачууланып бек айтат: — Он атканда бир атпай, Ооруң барбы, Семетей? Бир Манастын тукуму, Атакемдин арбагын, Ааламга кеткен атагын, Аныктан билгин ушуну! Асынып жүргсөң Аккелте, Ай далынын белеги. Атып жүрсөң Аккелте, Аманат жандын эрмеги. Атпасаң жоого Аккелте, Анда неге кереги?! — Деп, ошентип Гүлчоро Ачууланып токтолду. Аттан түшүп силкинип, Аккелтени октоду. Аколпокту жамынып, Атакеси Манастын, Арбагына жалынып. Жалгыз жолдун Чаарарча, Илгертеден бар арча. Чаарарчанын белеске, Тайбуурулду жетелеп, Чыгып келди кезеңге. Качкан бойдон Чынкожо, Алатоо башын айланып, Келген экен барынча, Ок-дарысын камданып. Булуттун чыгып үстүнө, Адам бакпай жүзүнө. Зыркыратып ок атып, Эки ооздуу кол жебе, Кере чойуп ал тартып. Анын огу жаадырган, Сараласын Алмаңдын, Мойундан таарып кетти эле. Алаңгир жаа, сур жебе, Каныкейдин аргымак, Белин таарып кетти эле. Жети атар огу зыркырап, Жебенин огу чуркурап. Очогордон үн чыгып, Он төрт аттан чуу чыгып. Ажыбайдын Карткүрөң, Каны агып жан чыгып. Өңкөй күлүк аттардан, Онду атып өлтүрдү, Ошондой ишин бүтүрдү. Аттардын баарын сойгондо, Каары ичине толгондо, Чынкожо мындай ойлонду: “Баабедини жанында Баштап жүргөн немеси, Эми келип калбасын. Кожо, кызыр жанында, Колдоп жүргөн немеси, Жана келип калбасын”. Арка бөлбөс Алатоо, Чынкожо учуп ал жете, Көрүнүп калды элестеп, Томуктай болгон ак чеке. Кол саадакка ок салып, Куржунун байлап бекемдеп. “Солкулдаган чороңду, Соо койбой сойсом экен” — деп. Астына салып булутту, Үстү менен чебердеп, “Гүлчоро башын жесем” — деп. Алты атар огун жаадырып, Амалын анын тапсам — деп. Как чекеге атсам” — деп, Байкап келет чекелеп. Алты атарын алты атып, Алеңгир жаа, сур жебе Кошо тартса Чынкожо, Жети атарын жети атып, Желмогуздай сур жебе Кошо тартса Чынкожо, Беттеп адам тура албайт, Мылтык аткан ошого. Баатыр туулган Гүлчоро, Балбандыгы бир канча. Кыраан туулган баатырдын, Кыйындыгы ушунча. Аккелтени колго алып, Айабай чыңдап ок салып. Сүмбө уруп, үч тартып, Сүр куйрук менен бир тартып. Соолуп калган түгөнгүр, Айагында күч тартып. Алдындагы тулпардын, Жалына оозун артылтып, Кирпик кагып ирмебей, Тирүүлүгү билинбей, Тиктеп турса Гүлчоро, Булутта жүрөт Чынкожо, Кароолго түк илинбей. Бөлүнүп булут сөгүлдү, Арам өлгөн Чынкожо, Бир карааны көрүндү. Көрүнгөндө түгөнгүр, Ошондо каны төгүлдү. Чагарак ооз Алмабаш, Ыңай туура ылгабас. Атадан калган Аккелте, Ак келтеден чок кетти, Аккелтеден ок кетти. Бир жак канат мүрүдөн, Үзүлүп чыгып калкылдап, Өйдө учалбай Карала ат, Жерди көздөй самсаалап, Түшкөнү калды Чынкожо, Сарапча ташка жакындап. “Келдиңби колго акыр” — деп, Канчоро чуркап баратат. Канчоро үнүн укканда, Катуу шашып Семетей, Ал баратат далбактап. Тайбуурулду койгулап, Гүлчоро барат барбактап. Чын жанына күч келип, Өмүрү анын акырлап. Семетейге жакындап, Болжурап барат Чынкожо, Туугандыгын аныктап, Кожурап барат Чынкожо: — Жаңырыктуу кыйадан, Жалгыз элең уйадан. Жалгызым баатыр Семетей, Канымды сенден суранам! Элик баспас кыйадан, Элкин элең уйадан. Эр Семетей баатырым, Канымды сенден суранам! Алдыңдан кыйа баспайын, Аркаңан кылап айтпайын. Айтканыңды кылайын, Чапсаң мойнум сунайын. Эми мындан калганын, Өзүң билгин, чунагым! Өзүңө кылсам жамандык, Төбөсү ачык көк урсун! Төшү түктүү жер урсун! Суу бүтпөгөн чөл урсун! Толкуган дайра, көл урсун! Тообомон жансам эгерде, Токсонуң сенин мени урсун! Буларды айтып Чынкожо, Карганган бойдон шакылдап, Семейге келди жакындап. Албарстыдай жалынып, Мойнуна курун салынып. Ыйлап турду буркурап, Чөк түшүп ага багынып. Ала көөдөн эр Семең. Ачык жолу шар немең. Арамдык менен иши жок, Эли, журтум дегенде, Эрдигинин чеги жок. Ак көңүл кайран эрендин, Арамдыктан шеги жок. Жер жүзүндө пендеден, Мындай берен теги жок. Чынкожо сөзүн укканда, Бүткөн бойу тердеди. Чын өкүндү деп ойлоп: — Каныңан кечтим, кел — деди. Билсең болду азганың, Жанымда тура бер — деди. Арам ойлуу Чынкожо, Ар качан иши чыр Кожо, Агарбас көөнү сыр Кожо, Арамдык ойго батканы, Акырын жылып билгизбей, Ал Семең көздөй басканы. Жакындап жетип алган соң, Жашырып турган балтасын, Алды колго чапканы. Ал аңгыча Гүлчоро, Ашыгып жетип барганы. Кечиргенин Семеңдин, Гүлүстөн билип алганы. Камындырбай Кожону, Колдон бекем кармады: — Айланайын, абаке, Акылың терең, манеке. Өзү келген Чынкожо, Өзгө мени дебеспи. Ага болсо өзүңө, Маа кайнага эмеспи. Көрбөгөнү көп болгон, Учурашып алайын. Кучакташып көрүшүп, Кумарга мен канайын — Деп, ошентип жаркылдап, Кара күчкө каркылдап. Барып жетип бир аттап, Мойундан арта кучактап, Сол колун ага артканда, Ийинден алып тартканда, Биле албай ырас, жалганын, Чынкожо ойлоп жатканда. Гүлүстөн аста кынтайып, Этектин учун каңтарды. Сабы алтын, мизи курч, Сууруп алып шамшарды, Чынкожонун кардына, Күчөп тыгып жиберди. Толгоп, толгоп жана да, Кезерип туруп нидерди. Шыгайдын уулу Чынкожо, Кокуйлап жерге жыгылды. Кан ичкенди ким көргөн, Мына мындай кыйынды? Ошол үчүн түгөнгөр, Кырып, жойгон кылымды! Колкосун сууруп кол салып, Жүрөгүн жарып кан алып, Ичин жарып, өт алып. Бөйрөк майын кошо алып, Мөлтүлдөпүп сугунуп, Чынкожодон өч алып. Канын ичип тойгондо, Канкор чороң сойгондо Семетей айтты ошондо: — Күнөөсүн кечсем мен анын, Канжарлап жарып ичипсиң, Калтырбай ичте бар канын. Өзүңө жакса маа жакпайт, Куу тумшук, ушу лкылганың! Эр Гүлүстөн түгөнгүр, Абасын карап күлдү эле, Мындай айтып ийди эле: — Абаке, менин кубатым. Чынкожоңо ич ооруп, Чыдай албай турасың. Чыныгы тууган сеники, Чындашар душман меники. Аталаш тууган сеники.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.