Баркырап Кошой кеп кылган, Манаска кебин эп кылган. Балам Манас, садага, Бул буйумду ким кылган? Анда Манас каткырып, Келиниң, аба, — деп салган, — Олуйа Кошой карыдан, Ошондо Каныш бата алган. Кыргыз, калмак кошулуп, Батага ал кол жайган. Ушул келген Семетей, Кыргыз менен калмактын, Батасынан бүткөн го, Кабылан Манас баатырдай, Атасынан бүткөн го. Ороңгу менен Кошой алп, Бел кармашып күрөшкөн. Этек-жеңин түрүшкөн, Өйдө-төмөн сүрүшкөн. Ороңгу кармап көтөрсө, Хан Кошой силкип түшүргөн. Так көтөрүп Ороңгу, Жерден үзүп алганда, Тарс дегиче чалкадан, Талпактай жерге чабарда, Калкамандын Кара атын, Камчылап Манас калганы. “Карма, Кошой, карма — деп, — Кайратың сенин кайда” — деп, — Качырып кирип барганы. Кайраттанып ошондо, Кайран балбан хан Кошой, Ороңгуну чандайтып, Чалкасынан салганда, Башка тээп тургузбай, Аттап кетип калганда. Калың калмак ат койуп, Калдырашып чуркурап, “Балбанга чыкмак бар эле, Башка тепмек жок эле. Аттаганы кандай” — деп, — Кирип келген чукулдап. Жаасы катуу шер Манас, Жалаң болот испаны, Жанынан сууруп алганда, Калың калмак тим болгон. “Кап, сени”, — деп арманда, Калмак, кытай эки уруу, Айтылса тили миң буруу, Орус, бараң төрт уруу, Окшобойт тили көп буруу. Дагы Манас жар салган, Жөө күрөшкө чыгууну. Кытайлардын Нескара, Чыгамын — деп октолгон. Алаштын калың ичинен, Ага чыгар жок болгон. Жүз көрүшүп той тойлоп, Келин-кыз менен бирге ойноп. Кеткен экен эр Агыш, Бүткөн бойу тарамыш. Темир өзөк, таш жүрөк, Чыканактай ач билек, Чыгарган аны балбанга, Нескарадай зардалга. Бел кармашып, силкишип, Тизеден жерге киришип. Бирин бири жыга албай, Багалчеги кайышып. Эр Агыш менен Нескара, Эрегишип тайышып. Күлкүдөн Агыш токтобой, Нескарага жабышып. Кыз-келин менен жаткандай, Айкалышып канышып. Аны көрүп алп Манас, Ачууланып калганы. Калкамандын кара атын, Камчыланып барганы. Эр Агышты келтирип, Май куйрукка салганы. Манас салган оңобу, Чымырканбай койобу? Кайрат жыйнап, бел байлап, Карууланбай болобу? Эр Агыш ичтен чалды эле, Көтөрүп жерден алды эле. Нескараны чандайтып, Чалкасынан салды эле. Нескаранын башынан, Аттап кеткен эр Агыш. Башка тээп тургузбай, Таштап кеткен эр Агыш. Козголуп калмак чур кылган, Коңурбай баштап чыр кылган. Чырына Манас болбогон, Тийишкени сойлогон. Кошой менен эр Агыш, Байгени алып тойлогон. Жөө балбандар алды — деп, — Аттуу эңиш калды — деп, Кыйкырып Манас жар салган, Эр эңишке чыккын — деп. Ошондо чыккан Коңурбай, Алгара минип койкойуп, Көк темир менен курчанып, Опол тоодой зоңкойуп. Коңурбай жайын менден ук, Менден уксаң бейлеп ук. Ал Коңурбай каапырдын, Айлакерин элеп ук. Бирди койуп жүздү алган, Жалгыз жүрүп миңди алган. Тентек чыккан Коңурбай, Тең келбеген эч бир жан. Кытайларды элебей, Бучкагына теңебей. Барба десе кенебей, Аскер алып ченебей. Чоң Бейжинге кол салган, Чогуусуна жол салган. Падыша болуп так минип, Эсен хандан журт алган. Ким чыгат буга эми — деп, Калайык карап калганда, Кайран баатыр хан Кошой, Манасты чык, — деп салганда, Аккула кеткен байгеге, Атым жок, — деп турду эле, Байкабагам мен мурун, Датым көп, — деп турду эле. Ажыбай анда кеп айткан, Айдар кандын тобунан, Кызылжээрде, Кылкүрөң, Ат көрдүм сага деп айткан. Армандуу турган алп Манас, Ат кабарын укканда, Ээси ким — деп сурабай, Өзү барган тутканга. Байлоодо турган жээрдени, Чечип алып жайма-жай, Жетелеп бара жатканда, Эч нерсеге карабай, Азиз хандын Алмамбет, Ажыбайды чакыртып, Алмамбет андан сураган. Сайышка минер атымды, Алып кеткен туурадан, Тиги жагалданган жалкы шер, Жаалысы катуу кайраттуу эр, Айтчы Ажыбай ким болот, Алп туулган баатыр эр? Ажыбай анда: “Манас — дейт, — Тааныдың аны ырас” — дейт. Ажыбайга Алмамбет, Анда туруп мындай дейт. “Элүүдөн ашып асыйы, Өрү калган чагы эле. Чаппаса камчы баспаган, Сал камчыраак мал эле. Ат айасам болбостур, Алаштын эли оңбостур. Өпкөлөтө теминип, Өөдө-ылдый желдирсин. Баса минип арстаның, Колтугун ачып кердирсин. Андан кийин Манасың, Кол кармашып, ал кирсин”. Алгара минип Коңурбай, Кылжээрде минип эр Манас, Карсылдашып сайышты, Карап турду калтырап, Калың калмак, көп алаш. Качырып найза сайышып, Бир беттешип алышып. Бура тартып булт койду. Алгара кыйын мал экен, Кылжээрде дагы кылт берди, Тулпарлыгы бар экен. Хан Коңурдан эр Манас, Кайра тартар шер эмес. Андан артык болбосо, Алптыгы андан кем эмес. Кайра тартып эр Манас, Кылжээрдени бурганда, Хан Коңурбай капырга, Капталга найза тыкканда, Каңтара салып жыкканда. Коңурдун көзү жалдырап, Калмак менен кытайлар, Калды катуу алдырап. Коңурбай кыйын жан экен, Кыйын жигит ал экен. Темир чынжыр зым менен, Байланып алчу неме экен. Ажыратпай атынан, Тартып калды Коңурду, Чынжыры анын чатынан. Өлбөсө да Коңурдун, Кызыл өңү кубулду. Сайганга эсеп болду — деп, Кыргыздын эли чубурду. Кара боорун кан кылбай, Алдырса да байгени, Аман калды Коңурбай. Сенин атаң эр Багыш, Соога, баатыр, соогалап, Алдына кирип барганда, Кой башындай алтынды, Кармата берген зор Манас. Калбастан теги жоокалап, Кылга байлап жамбы аткан, Жамбыны да ашкере, Мерген Манас өзү аткан. Нескара өзү сынчы экен, Айдаркандын Көкчөсүн, Дуңчулукка чыгарган. Кыргыз, кытай, калмактын Алптары тегиз сыналган. Алты хандын ичинен, Айкөл Манас жараган. Ал өңдөнгөн мыктыны, Мен көрбөдүм адамдан. Ат келер кези болордо, Көксазга эл толгондо. Эл ортосун как жарып, Ат сүрөгөн ошондо. Чоң Жолой аты Ачбуудан, Манастын аты Аккула, Чагарак суулук өтүшпөй, Жанаша келген утурга. Ойлобостон убалын, Окугандай дубасын, Канжардап тилип соорусун, Өткөрүп кеткен Куласын. Кызыл алтын кырк миң сом, Чоң куржунга салдырган. Байгесин ал Куланын, Чоң Жолойго алдырган. Алдырганга арданып, Арстан Манас чыр салган. Алың келсе алгын — деп, Алың мага келбесе, Аңылдабай жөн Манас, Аңырайып калгын — деп, Бастырып Жолой калганда, Жандай түшүп эр Манас, Жаагын айра чапканга, Элебей да, кенебей, Куйултуп канын ченебей. Бейжинди көздөй бет алып, Сыздырып Жолой кеткени. Мааникер менен кубалап, Артынан Манас жеткени. Ажыбай бар жанында, Найзаны алып колуна, Жолойдун сайган жонуна. Жыгылып Жолой калганда, Аны таштап эр Манас, Ачбуудандай тулпарды, Ашып белди кетерде, Аккелте менен бир койуп, Аны окко учурган. Бууданга барып келгиче, Бурула берип токойго, Буйткалап Жолой кутулган. Бүгүнкү келген Семетей, Батадан бүткөн бала эле. Арбактуу алп Манастай, Атадан бүткөн бала эле. Акундун кызы Чүрөккө, Башында Манас куда эле. Анын уулу Семетей, Келиптир бизге удаа эле. Акундун кызы Чүрөктүн, Алуучу эри келген соң, Катылышпай кан төгүп, Кайтканыбыз биздин оң. Манастын уулу Семетей, Оңой-олтоң эр эмес. Оңойлук менен адамга, Оодарылар бел эмес. Гүлчоро менен Канчоро, Эр Толтой сенден кем эмес. Кашыңдагы Чынкожо, Жөн эле жүрөт күүлөнүп, Ал эч бирөөнө тең эмес. Барсак барып көрөрбүз, Ат изинен билербиз. Келген болсо көкжалдар, Ийинге тегиз сийербиз. Манастын уулу Семеңдин, Кызыл Буурул аты бар, Тулпардан күлүк салты бар. Он беш асый болгуча, Чоңойуп Семең толгуча, Түк кишиге көрүнбөй, Тоодо жүргөн жаныбар. Кулагында шамы бар, Куйундан бүткөн жаныбар. Кере баскан жерлери, Керегедей аң болот. Кайра баскан жерлери, Кашаты бийик жар болот. Эп келсе, балдар, койгула, Эсиңер менен болгула. Эрегишип калп эле, Элди кырып салбагын. Эр Толтой менен Чынкожо, Ойлонгун иштин ар жагын”. Вазирдин угуп айтканын, Эр Толтой анда кеп айтат: — Ой, Чынкожо кайнагам. Ырас айтат карт вазир, Кайталыбы — деп айтат, — Кечээ Көкөтөйдүн ашында, Көп жыйындын кашында, Эр Багыштын жанында, Эркечтенип ат минген, Эрке бала мен элем. Жин жыттанып бээ сойуп, Эт бышырган сен элең. Мактанасың сен бүгүн, Манаска качан тең элең? Айчүрөк алып нетесиң, Кай мураска жетесиң: Тилимди алсаң барбагын, Бекер калба салбагын! Чынкожо анда кеп айтат, Кашын серпип бек айтат: — Баатырлар ачкан жол ушу, Баласы эмес Манаска, Балта чапкан кол ушу! Эрендер ачкан жол ушу, Эр Семетей тургайлык, Манас менен башынан, Салышта жүргөн кол ушу! Сен эрке болсоң болгонсуң, Эл кыдырып көнгөнсүң. Жасоол болуп ал ашка, Эт бышырып жүргөмүн. Май болот буулум жибек — деп, — Эски кийим кийгенмин, Сен ошондо көрүпсүң! Кайтар болсоң айта сал. Аккойондун үстүнө, Ага кошуп малымды ал, Ок тиштешип антташкан, Осол Толтой антыңды ал! Чынкожону сак койбой, Кардын жарып сууга сал. Байтеке, денем таштабай, Башымды кесип өзүң ал!” Антын Толтой ала албай, Кайтып артка жаналбай Аккойондой айалдын, Кадырынан боло албай. Чынкожонун чыр салган, Кандап кардын жаралбай. Алдастаган эр Толтой, “Аттангын” — деп акырды Жедигердин көп колун, Жер жайнатып жапырды. Байтеке вазир, Саламат, Кошулуп ага Жаманак. Бөлүнүп элден беш берен, Бозучуктун сеңирге, Из чалып жете келишти. Тайбуурулдун изинен, Семетейдин келгенин, Анык билип сезишти. “Койгун десе болбойт — деп, Бадырек Толтой оңбойт — деп. Чынкожону чыңыртып, Кардын жарып сойбойт” — деп. Байтеке вазир муну айтат, Калың элди муңайтат: — Көрдүңөрбү мына бу, Күлүктүн изи турбайбы. Кере баскан жерлери, Кемегедей жар болгон. Кайра баскан жерлери, Каңтарылып аң болгон. Катылышсак канкорго. Каныбыз бөөдө төгүлөт, Баатыр Толтой бул жерге, Башыбыз биздин көмүлөт! Мына ушинтип Байтеке, Ажалдан мурда жан берди. Хан Толтойду кайгыртып, Карайлатты бүт элди. Муну мындай таштайлы, Чынкожо менен Толтойдун, Өлүмүнөн баштайлы. Толтойду сайып ала албай, Же аралап топко баралбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.