Акундун кызы Айчүрөк, Ошол Манас тукуму, Белсинип чыккан Семетей, Белин таап алганбы? Таап келген эрлерди, Күтүп булар калганбы? Же болбосо Чынкожо, Ажыбай менен Түмөнбай, Айткан кеби жалганбы? Алыстан киши келтирип, Бел байлашып алганбы: Бек ишенип аларга, Бекинип жатып калганбы? Бек ачуум келди меники, Белгилүү сеңир урчукка, Аттанып өзүм барсамбы? Андан чалгын чалсамбы? Мына ошентип эр Толтой, Суркойонду токутуп, Сырнайзасын курчутуп. Кылычы жанда кыңгырап, Кетелек белде дыңгырап. Кытайча кызыл доолбас, Чымын тийсе зыңгырап. Суркойон минип болкойуп, Сырнайза колдо койкойуп. Айбалта белге асылып, Көк жеке бутта чойкойуп. Асынып мылтык мурчанып, Муздай темир курчанып. Өрттөй көзү кызарып, Куудай мойну узарып. Кызыталак зор Толтой, Өзү жөнөп калганы. Чар тарапка көз салып, Чалгынды өзү чалганы. Алдындагы Суркойон, Арыштай басып элеңдеп, Белсенип чыккан эр Толтой, Белин байлап бекемдеп. Ченчиге келген жоо болсо, Чымындай жаны чыркырап, Чыкпас жайга кетер — деп. Эсирген Толтой келатат, Эрегишкен жоо болсо, Эки чайнап жесем — деп. Андан эч бир кообу жок, Ойгоно турган ойу жок. Сырнайзаны кучактап, Аккаңкыга баш койуп, Коңурук тартып Гүлчоро, Уктап жатат мас болуп. Астында Буурул аты бар. Асманда тийген айы бар. Айдын жарык мезгили, Он эки, он үч чагы бар. Багыштын уулу эр Толтой, Гүлчоронун жанына, Келе жаткан жайы бар. Өңүт алып куу Толтой, Көлөкө менен жарыктын, Ортосунда келатат. Өпкөсү батпай көөдөнгө, Толтосунда келатат. Көрүп калды Буурул ат, Мына ошону жаныбар. Көрөрү менен Тайбуурул, Кошкурук атып калганы. Таттуу уйкудан Гүлчоро, Умачтай көзүн ачканы. Көрүнбөй көзгө эч караан, Уйкуга кайра батканы. Алдындагы Тайбуурул, Турбай туйлап, жер чапчып, Октос берип басканы. “Арам өлгүр кантет” — деп, Ачуусу менен Гүлчоро, Көзүн бардап ачканы. Бет маңдайын караса, Бир тоо жылып келатат. Тообу десе кишидей, Тоорулуп, өңүп келатат. Көрөрү менен чороңдун, Көзү умачтай ачылды. Найзасын алып колуна, Тайбуурулду теминип, “Манастап” бала бакырды. Тоодой болгон Толтойду, Тоо экен — деп жазганбай, Томуктай кызыл жаш бала, Токтобостон качырды. Хан Коңурдан качпаган, Калың жоодон шашпаган. Кайран баатыр Толтойуң, Канчаны жерге жаздаган. Сыймыгы учуп башынан, Айрылып атак-даңкынан, Катуу шашып баладан, Капысынан качырган. Айтарына сөз таппай, Басарына жол таппай. Ашыгып Толтой бурулуп, Суркойондун санына, Сокмоктуу камчы урулуп. Акыл-эстен айрылып, Алактап катуу шашыптыр. Ажыдаар көрө калгандай Артына Толтой качыптыр. Качырганда турчубу, Кайраты өткүр жаш бала, Кандим эмес боз бала, Болжолдуу жерин биле албай, Болжоп найза сайа албай, “Кара бойу тоодой — деп, — Кандай болсо андай — деп, — Бир жерине Сырнайза Тийсе учу жарар” — деп, Энтелеген түгөнгүр, Эндекей найза алыптыр, Эң эле катуу сайыптыр. Шай колдогон баланын, Шашкалаң сайган найзасы, Оң бөйрөгүн аралап, Көбүк этин жаралап, Мүчүлүш араң жеткени, Тоодой болгон Толтойго. Толук найза жетпеди. Көмөлөнбөй Толтойуң, Кутулуп аман кеткени. Алдындагы Суркойон, Алып барат ашыгып. Аркасында Тайбуурул, Араандай оозу ачылып. Төрт айагы тийген жер, Кемегедей казылып. Аркасынан чыккан чаң, Жөө тумандай жазылып. Тизгин менен иши жок, Тигилип чороң октолду. Чалынып колу тизгинге, Буйдалып Буурул токтолду. Кыраан Толтой баатырың, Кылчайып артын карабай, Караганга жарабай, Карчыттан канын койултуп, Качып барат талаалай. “Карасын кайдан көрдүм — деп, — Бир беттешпей өлдүм — деп. — Чынкожо тилин алам — деп, — Тирүүлөй кордук көрдүм” — деп. Суркойон менен балактап, Жаралуу болгон Толтойдун, Эси кетип салактап. Күрө тонун жыйа албай, Эки этеги далактап. “Кайдасың — деп, — Чынкожо”, Айкырып Толтой алактап. Койонсур менен койгулап, Колго кирди шалактап. Чалынган колун Буурулдун, Бошотуп минип атына. Шай колдогон Гүлчоро, Шашып калган Толтойдун Сайа түштү артынан. Ар кандай кызык угасың, Алардан жомок айтылса. Баатыр болбой, шер болбойт, Башы өлүмдөн тартылса. Болсо да бала Гүлчоро, Башын тартпай жөнөдү. Кандим болгон баатырча, Азыраак токтоо кылалбай, Толтой качты катынча. Дагы турат талабы, “Тоодой болгон кишини, Томолотуп жыксам — деп, — Топого башын тыксам — деп, — Кылычтап башын кессем — деп, — Кыпкызыл канын ичсем — деп, — Абакем менен Чүрөккө, Кыз-келиндин алдында, Кызматым айта жетсем” — деп. Кыз эсине түшкөндө, Кыйалын өзү болжобой, Аба эсине түшкөндө, Алды-артын ойлобой. Алдындагы Буурулду, Атырылтып аргытып, Артынан чаңын баргытып. Алдындагы Толтойго, Эми кууп жетерде, Эңкейтип сайып кетерде. Кайнаган калың көп элге, Селдей болгон аскерге, Тумандай болгон топ элге, Жер сойулган аскерге, Жедигердин Толтойу, Желип кирип барганы, Өксүп Гүлүс калганы. Өкүрүгү Толтойдун, Уккандын баарын чочутту. Качышы анын кан болуп, Калайыкты коркутту. Шыгайдын уулу Чынкожо, Акылынан шашканы. Толтойдун чыгып алдынан, Чылбырынан алганы: — Сүргөндөй бирөө камчылап, Суркойон тулпар күлүктү. Эрдигиңен айрылып, Салганың кандай түйшүктү? Эл укса муну эмне дейт, Өкүрүп Толтой не болдуң? Карабай качып артыңа, Өкүнүп, Толтой, не болдуң? Кол сынса да кокустан, Жең ичинде болучу. Баш жарылса бирөөдөн, Бөрк ичинде болучу. Өлбөй туруп өкүргөн, Баатыр кантип оңучу?! Жерге кирген Толтойум, Жеңилдик жайың мына ушу! Ар канча кууган болсо да, Аста келсең болбойбу? Айдап келген колго бу, Сыр бербесең болбойбу? Өлсөң башың өлбөйбү, Өксөбөй келсең болбойбу? Жаның чыгып жатса да, Өкүрбөй келсең болбойбу? Качканыңды көргөндө, Кайнап жаткан жедигер, Кантип тосуп токтотом, Качып берсе калың эл?! Жаман сөз ачуу, жан татты, Жарасынан Толтойдун, Жабышып өпкө кан катты. Алып барып түшүрүп, Эл ичинде кыйыны, Айлакерлер жыйылды. Кантемир дары бар эле, Найза тийген жарага, Кашкулак өтү дары эле. Кырма кызыл дарысын, Келтирди койбой баарысын. Кантемирди эзилтип, Хан Толтой баатыр төрөнүн, Жарасын көрдү чечинтип. Кайнатма кара дарыны, Тышынан чаап шыбады. Ороп-чулгап жаткырып, Оолак үйгө бактырып. Сары улагын таптырып, Садагасын кактырып. Улуу бешим болгондо, Ооруган жери басылып. Ордунан турду эр Толтой, Чайыттай көзү ачылып. Көптү көрүп жашаган, Көптүн башын ашаган. Жел тобурчак ат минген, Темир калкан тон кийген. Журт башкарган жашынан, Эл башкарган башынан. Ак сакалдуу карысы, Байтеке деген вазири: — Толтой, аман барсыңбы, Намыссыз тууган жансыңбы? Анча коркуп качкыдай, Акылыңан шашкыдай, Не көрүндү көзүңө, Не билинди өзүңө? Калдаңдап качып хан башың, Кандай жорук баштадың? Эрдикти кайда таштадың? Анда Толтой кеп айтат: — Чалгынга бардым — деп айтат, — Акун хандын шаарында, Мени кууп чыккандай, Карчытка найза тыккандай, Колу жоону бар беле? Жоого чыгар беттешип, Күч ортосун чектешип, Найза сайар кектешип, Болук уулу бар беле? Мындан мурда барганда, Андай шумдук жок эле. Бүгүн барып карасам, Кызыл буурул ат минген, Кыл куйругун шарт түйгөн, Кызыл чийкил жаш бала, Он беш менен он төрткө, Чыгар-чыкпас баштанат. Башкача сүрдүү бакырат, “Манастап” ураан чакырат. Кандай жан — деп — карасам, Эки түгөй сур бөжөк, Үзөңгүгө жабышып, Кара чаар кабылан, Капталында жарышып, Жылаңайлак жаш бала, Жылоодон алып жетелеп, Учкаша минген кызыл кыз, Көрүндү башы чекелеп, Айбыкканым ошондон, Абаке, али кете элек.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.