← Семетей 5/6

Отуз кулжа он бештен, Эки жакта бөлүнүп. Көсө куйрук көк даңгыт, Көт жагында көрүнүп. Жаман чуркап алыптыр, Ошонун баары дабырап, Ошолорду көргөндө, Токтоно албай мен качтым, Акылыман ажырап. Карчыттан урган найзасы, Кабыргамды аралап, Тоодой болгон мен кулду, Томуктай бала жаралап. Эс акылым жыйа албай, Качып бердим талаалап. Өөдөсүнө калганда, Өксүтүп атын Суркойон, Элди көздөй бет алып, Араң келдим чамалап. Чалгын чалам жалгыз — деп, Чактабай жаман кутурдум. Сур бууданым болбосо, Тирүү кайдан кутулдум?! Ушул болду көргөнүм, Уйатыман өлгөнүм! Анда вазир кеп айтат, Уккандарды муңайтат: — Бул көргөнүң жалгандыр, Бул көргөнүң чын болсо, Астына анын мингени, Кызыл Буурул ат болсо, Качырып найза сайганы, Кызыл чийкил жаш болсо, Капарга албай кас жоону, Уктап атчан мас болсо, Оңуна келген олжосу, Ал төрөсү эмес чоросу. Көптү көргөн Айчүрөк, Көкөлөп учуп баргандыр? Канкор Манас тукуму, Көкжалга кабар салгандыр? Кошун тартып күркүрөп, Кудалап келип калгандыр? Кайгуулга чыгып чоросу, Хан Толтой сени сайгандыр? Өлгөн сайын өөрчүүчү, Өткүр Манас тукуму. Түгөнгөн сайын түтөөчү, Түгөнгүр Манас тукуму, Туйгун келип калгандыр? Алмамбет уулу Гүлчоро, Качырып найза салгандыр, Кабыргаңды жаргандыр? Аныгын абдан билели, Ошолордон болбосун. Жедигердин ушул доо, Тукумун үзүп койбосун. Ушул жерден кайталы, Тигил жерде эл-журтка, «Акун хан кызы Чүрөктү, Бербеди» — деп айталы. Байтекедей карт вазир, Ушунча айтса насаатты, Чынкожо буга болбоду. Айласы кеткен Байтеке, Аңылдаган ал итке, Алдында болгон көп иштен, Айтып сөзүн козгоду: — Кечээ Көкөтөйдүн ашында, Көп жыйындын кашында, Болгон ишти айтайын, Бар элем мен башында. Кытайлардын Коңурбай, Мааникер сурап бир келген. Алтын менен Күмүштү, Артык айтып ал кирген. Мааникерди бербесе, Калың элди кырам — деп, — Айагына чыгам — деп, Алп Коңурбай, Нескара, Калмак менен кытайдын, Калтырбай баарын жыйам — деп. — Кара кыргыз калкына, Кылгылыкты кылам — деп, Эки курдай мал сойсо, Эт тарттырбай жеп кеткен. Башкара албай Бокмурун, Баса албай кордугун, Баарысынан эс кеткен. Улуктун баары чогулуп, Ай тегерек отуруп, Ошондо кайта кеңешкен. Кошой анда кеп айткан, “Кокуй, балдар, — деп айткан. — Жакыптын уулу канкорду, Кабылан Манас анткорду, Чакыргын, — десем — болбодуң, — Чакырбай кана оңгонуң?! Айткын, — десем — болбодуң, — Айттырбай кана оңгонуң?! Таласа этти мейли го, Талап кетсе таптакыр, Айылыңды, малыңды Анда кайсы болгонуң?! Маанайы бийик адамдан, Манас менен ойнобо. Бокмурун малга чиренип, Байлыкты артык болжобо. Адамдан малды артык — деп, — Өзүңдү өзүң кордобо. Колдун кири байлыгың, Кыргын болуп сойлобо. Адам болбой мал болбойт, Малыңа сен зордобо! Манас мында келбесе, Башкарып ал бербесе, Берилбей калат бул ашың, Аман калбайт соо башың!” Хан Кошойдун ал кебин, Хандын баары эп көргөн. Бербеген күлүк Мааникер, Каз тулпарды мингизип, Манаттан тонду кийгизип. Жайма көкүл Айдарды, Чакырууга жиберген. Алып баруучу кагазын, Өзү айтып чийдирген, Абаң Кошой билерман. Жайма көкүл жаш Айдар, Мааникер минип булкунтуп, Талдуу токой жер келсе, Так түйүлтүп олтуруп, Терең, бийик коо келсе, Терең, эндүү аң келсе, Тик түйүлтүп отуруп Улуу бешим мезгилде, Самарканда Манастын, Салынуу турган ордого, Барган экен ошондо. Сарытаздан кеп угуп, Заары күч Манас — деп угуп, — Бара албай калган жаш Айдар. Жакшылык болсо күсөгөн, Жамандык болсо түзөгүн, Каныкейге жолугуп. Буластаган Каныкей, Болжолдуу ишке данакер. “Айдар келди чакырып. Алдында турат Мааникер, Айтып келген даты бул, Алып келген каты бул. Айкөл Манас эр Бакай, Ачып кепти жообун бер” Каныкей андай дегенде, Манас кыйла күүлөнүп, Өөдө-төмөн сүйлөнүп. Акыры болуп бараса, Айкырыкты салыптыр, Ажыдаарча сүрдөнүп. Кырк чоро тегиз камынып, Окшош кызыл жамынып. Келген экен түн катып, Ач арстандай чамынып. Көкөтөйдүн Бокмурун, Алдынан тосуп келди эле. Аттан түшүп Манаска, Кол куушуруп жүгүнүп, Кош колдоп салам берди эле. Божураган бул акмак, Анан мындай деди эле: “Каңгайлардын Коңурбай, Мааникер сурап келиптир. Мааникер бербей мен койсом, Кырк казанды талкалап, Кырк бээнин этин жеп кетти. Калайыктын баарысын, Кандап кырам — деп кетти, — Атты алсын десемби, Ашты анан берсемби?” Анда Манас кеп айткан, Ачууланып бек айткан: “Ой, куураган Бокмурун, Мааникер берем дегиче, Манас өлдү десеңчи! Калдайган калың алашты, Жерге көмдүм десеңчи! Кечээ Ийрижардын башында, Кырымкандын ашында, Алты жүз аттан бир чыккан, Мааникер күлүк болучу. Тууражардын башында, Турумкандын ашында, Тогуз жүз аттан бир чыккан, Мааникер күлүк болучу. Мааникер атты бербегин, Манасты өлдү дебегин. Калың алаш турганда, Хан Коңурбай баатырдан, Кайгырып кам жебегин!” Мына ошентип эр Манас, Эл четинде токтолгон. Кырк чоронун арбагы Кызарып күйгөн от болгон. Кылкандай тегиз кырк кашка, Кылыгы журттан бир башка. Кырк чоронун баарына, Кызыл манат кийгизген. Жарактантып баарысын, Жалпы боз ат мингизген. Каш кайтарган адамды Кара жерге киргизген. Кылтыратып кылымды, Кыйындыгын билгизген. Кыргыз, калмак бөлүн — деп, — Кыйкырып ал угузган. Баш бербеген адамды, Бадыратып ургузган. Эки бөлүп, элди ал Эки жакка тургузган. Калмак менен кытайдын, Калтырбай баарын айдаган. Кетечинин Ийрижар, Келтирип баарын камаган. Ошондо мен Манастай, Ойротту бузар көрбөдүм. Толкундаса үйөрлөп, Тоону бузар көрбөдүм. Аш башкарып эр Манас, Ат чабылат — деп айткан, — Күлүгүң болсо чубат — деп, — Кыргыз менен калмакка, Кыйкырып Манас тең айткан. Кыңк эткен адам болбогон, Кыйыгына тийгендер, Кыйылып башы оңбогон. Кыраан баатыр Манастан, Кылымда адам озбогон. Чубатканда күлүктү, Алты миңче ат болгон. Катар-катар тизилип, Каркырадай сап болгон. Мааникерди чаппа — деп, — Калың калмак шарт койгон. Аткарып шартын эр Манас, Аларга да жол койгон. Ашка келген ошондо, Бир жүз кырк төрт тайпа экен. Көбүнөн көп, аздан аз, Бир миң беш жүз киши ылгап, Жаш Айдарды кылып баш, Булар кеткен ат айдап. Ат кеткен соң эр Манас, Ат башындай алтынды, Куржунга салып чак кылды. Чыккан аттын байгеси, Кырк миң дилде алтын — деп, — Кыйкыртып журтка даңк кылды. Жүз он атка байгени Ошондо сайды мен көрдүм, Ошол өңдүү канкорду, Андан бери көрбөдүм. Кой башындай алтынды, Кол куржунга байлатып, Кошундун баарын жардатып. Эки балбан күрөшкө, Эки жактан чыксын — деп, — Кимиси чыкса байгеге, Алтынды ошол алсын — деп, — Кыргыз менен каңгайга, Кыйкырып Манас жар салган. Каңгайлардан Ороңгу, Келип түшкөн балбанга. Кыргыздан чыгар киши жок, Калтырашып калың журт, Камалып жарда калганда, Жаалуу Манас кеп айткан, Жалтанбай Кошой зардалга. Сенден башка киши жок, Өзүң чык, аба, балбанга. Чыкпай Кошой койо албай, Манас айтып салганда. Катагандын хан Кошой, Кындыйтып белин буунуп, Ошондо түшкөн майданга. Кетечинин кең сазга, Капыр менен мусулман, Шыкалыша жык толуп, Кейип Кошой турганда, Кийерге шымы жок болуп. Хан Манастын катыны, Каныкей тигип кам кылган, Ажыбайды жиберип, Кандагайды алдырган. Кабылан Кошой кийгенде, Тизесинен келгенде, Жакыптын уулу Манастын, Кармаганы шамдагай, Чечтирип алып чойгондо, Хан Кошойго чак келген. Каныкей тиккен кандагай.