← Семетей 8/10

Толтойдон кордук көрөсүң, Чынкожодон өлөсүң. Артыңда калың колуң жок, Айчүрөк алар жолуң жок. Ушул жерден кайтып кет, Семетей аттуу абаңа, Бул сөзүмдүн баарысын, Төкпөй-чачпай айтып кет”. Анда Чоро кеп айтат: — Акундун кызы Айчүрөк, Бул сөзүңдү ит уксун, Ит укпаса ким уксун? Толтой менен Чын кожо, Ак шумкар берсею салабы? Аташканы Чүрөктү, Тарттырып ийип абакем, Кур талаада калабы? Атканын жазбас мерген эр, Айтканы кабыл келген эр. Чапканы жанбас балбан эр, Далайга кыргын салган эр, Ак келте огун атканда, Ачуу үнү чыкканда, Кулагына батканда, Катуу айкырса абакем, Токточу Толтой алыбы? Шыгайдын улуу Чынкожо, Чыдай турган жаныбы? Уйалбайт ултан бетиби? Уруштурган күчүбү. Ушул кепти жеңеке, Абакем угуп калбасын, Калкыңа дүрбөөю салбасын. Акун хандын төрүнөн, Сени ач билектен албасын. Астымдагы Буурулга, Кыр аркага салбасын. Эрке жеңем Чачыкей, Ашканага киргизип, Ашканачы кылбасын”. Гүлчоро муну айтканда, “Кызыл тумшук куу тумшук, Кандай курган бала” деп, Кылган иши чала деп, Катын кыздын баарысы, Каткырып күлүп калды эми. Муну мындай койуптур, Белестеги төрөнүн, Мелжемдүү кебин угуп тур. Өзүң көргөн чоң дүрбү, Чагарагын имерип, Ченеп көзгө жиберип, Оңдоп кармап имерип. Ополду көздөй жиберип; Оң көзүнө салды эми. Оолжуп карап калды эми, Арстан тууган Гүлчоро, Дайраны кечип барганын, Катын кыздын ичине, Аралап Чоро калганын, Бектин кызы Бегимжан, Койнуна колун салганын, Короздой болгон мойнуна, Колун артып калганын, Көрүп калды канкоруң. Ичи ачышып бакырып, Саап бууданга така уруп, Канчоролоп чакырып, Ашыккандай кеп айтып, Аттарды току деп айтып. “Акжолтой тууган Гүлчоро, Айчүрөк таап алганбы? Айчүрөк Чоро биригип, Абасын тосуп калганбы? Урушпай жолго салалы, Чынкожо менен Толтойду. Мурун алып катынды, Уйат кылып салалы. Акшумкар качса колумдан, Айчүрөк чыкса жолумдан, Алдырып ийсем Толтойго, Чором маңдайга бүткөн шорумда. Жүрү чором баралы, Ордодон чыккан кыз менен, Ойноп кумар каналы. Акундун кызы Чүрөктү, Сүйсө кудай, алалы”. Минтип айтып Семетей, Абыкенин Актелги, Алып келип токутуп, Алыстан жүрүп канкоруң, Чынкожону коркутуп. Он төрт атты жайылтып, Канчорого айдатып, Асаба колдо калкылдап, Мылтыгы жондо жаркылдап. Маңдай жагын карасаң, Алтындай көкүл башыңда, Асманды көздөй кылкылдап, Баатырың жүрдү буластап, Адегиче болбоду, Өзү көргөн Үркөнчкө, Канкоруң менен Канчоро, Жетип келди жакындап. Сууну келип караса, Жар түбүн тулку жойлобой, Кечемин деген адамзат, Өлүмдөн башка ойлобой. Адырын түлкү жойлобой, Аркан салса бойлобой. Дайраны көргөн адамзат, Акпаймын деп ойлобой, Сурнай тартып жез найдан, Суу акпаган кең сайдан. Суулар келип кошулуп, Башынан мөңгү бузулуп. Айагынан сары суу, Агып келип кошулуп, Агыны катуу күркүрөп, Адамдын бойу дүркүрөп. Жүрөгү жок адамдар, Дамбалга сийип бүркүрөп. Четтери аппак кар болуп, Тийген жери жар болуп, Кечүү таппай зар болуп, Муну көргөн адамдын, Кең дүйнөсү тар болуп, Бара түшүп бурулуп, Жайнай түшүп түйүлүп, Агын менен толкундан, Чаң чыккандай көрүнүп, Жаткан уйдай балыктар, Суу үстүндө көрүнүп. Көрүп турган пенденин, Көзүнүн жашы төгүлүп, Жаткан экен чоң Үркөнч, Жалаңкычтай көрүнүп. Ушу сууну көргөндө, Чубактын улуу Канчоро, Келгенине өкүнүп. Бастыра албай сандалып, Абакелеп жалбарып, Бүгүн мында жаталы, Кечүүнү мыктап чалалы, Кечүүдөн кабар алалы. Акундун кызы Чүрөккө, Эртең кечип баралы, Же болбосо абаке, Кийимдин баарын чечели, Ат жайдактап кечели, Агыны катуу чоң дайра, Агызбай койбойт акыры. Канчоро аны айтканда, Абасы туруп кеп айтат: — Суу болгон кийим коргоочу, Суудан коркуп туруучу, Жаш бала кечкен дайрадан, Кечпеймин деп качканың, Акылыңдан шашканың. Атанын арман күн болду, Ай караңгы түн болду, Аллага салып ишиңди, Тобокел кылып жүрө бер, Ажал жетип күн бүтсө, Киргизбей койбойт кара жер. Маңдай жакта жутунуп, Гүлчоро карап турбайбы, Дайрадан коркуп кечпесем, Абаңды кудай урбайбы. Акундун кызы Айчурөк, Кара бет шылдың кылбайбы. Чүрөккө шылдың болгончо, Суу түбүнө чөгөйүн, Ой тумшугу жок Канчоро, Бул көрөктүү өлөйүн. Ажалың жетип күн бүтсө, Алла–талаа көрөт деп, Аманатын берейин. Азелде тагдыр ушу болсо, Аллам өзү жар болсо, Акундун кызы Чүрөктүн, Айнектей жүзүн көрөйүн. Жаратканга жалынып, Жалгай көр кудай деп айтып, Шаймерденим колдо деп, Жарыйалап бек айтып. Аттардын баарын сабады, Агын сууга камады. Кайра тартып качпады, Бакай хандын Сур чолук, Эркештей болуп баштады, Суудан коркуп Канчоро, Жүрөгү чыгаар жаздады. Манастын уулу эр Семең, Сууга кирди чуратып, Жардын башын уратып, Кирген жерде жоголуп, Сүрдүгө түшүп оңолуп, Багалеги малынып, Баабединге жалынып, Этек-жеңи малынып, Эшендерге жалынып. Колдо кудай, колдо деп, Кол бергеним жөндө деп, Атакем Манас оңдо деп, Ооп бара жатканда, Актелки сууга батканда, Алла кирип оозуна, Кожо кирип сөзүнө, Качан тобо кылчу эле, Кожону көрсө урчу эле, Ойлонуп тобо кылчу эмес, Олуйа көрсө урчу эмес, Жакып ханды жалмаган, Абыкени аймаган, Көбөштү көргө киргизген, Көк жалдыгын билгизген. Колдоочусу эрчиген, Төрө Манас тукуму, Барган сайын өрчүгөн. Өткүр Манас тукуму, Ак болоттун укулу, Арак менен бозону, Аралата ашаган. Жыйырма беште жашаган, Мындан мурун чунагың, Алыскы сапар жүрө элек, Сап бууданга мине элек, Агыны катуу дайрага, Жан айабай кире элек. Дубана келсе бурбаган, Туруп салам кылбаган, Кожону көрсө коппогон, Коп салам кылбаган, Кожо келсе сай салган. Колу бутун байлаган. Дубана, кожо көргөндө, Карсылдатып айдаган. Олуйа көрсө уруучу, Омсойуп карап туруучу, Дубана келсе уруучу, Кашкайып карап туруучу, Кара мүртөз түгөнгүр, Качан тобо кылуучу. Тобо чыгып оозунан, Жалын чыгып көзүнөн. Күлгүн санап күүлөнүп. Гүлчорого сүйлөнүп, Буурулду самап булкуйуп, Мууздап кулду салам деп. Гүлчорого булкунуп, Кечүү чалып келбейт деп, Өзү келген Чүрөктү, Келди деп жообун бербейт деп. Кечип чыксам дайрадан, Кекилектей мойнуңду, Кедери толгоп албасам. Кеткис майып кылбасам, Көмүлбөй чыксам дайрадан, Көгүчкөндөй мойнуңду, Көтүңө толгоп албасам, Көрүнө майып кылбасам, Семетей атым курусун. Алдымда Буурул атым жок, Алладан башка дартым жок, Абайлабай өткөрдүм, Атаңдын көрү дүүйө бок. Айдаганым он төрт ат, Бир Буурулча болгон жок, Алдымдагы Канчоро, Гүлчорочо болгон жок. Деп Манастын уулу эр Семең, Бала жолборс эр немең, Арманын айтып турду эле, Сууну пири Илийас, Чылбырынан алды эле. Суудан сүйрөп калды эле, Өйүзгө кыздын баарысы, Жар башында жалдырап, Чач мончогу шалдырап, Айчүрөктөн кеп сурап, Айта койчу деп сурап: — Семетей деген ушул бу? Сен алып келген Акшумкар, Как ушунун кушу бу, Чын Кожо деген кеп экен? Жездем баатыр бек экен, Жетик тууган неме экен, Жеткилең баатыр эр экен, Ушул жерде турганда, Акылдуу эжем Айчүрөк, Сенин тийбеймин дээриң эпекен. Кыздын баары күлүшүп, Семетейди көрүшүп. Кызыгышып бейбактар Ыштанына сийишип. Айлыбыз бирге болсо деп, Манастын уулу Семетей. Алган жерим болсо деп, Аз гана ойлоп күлсөк деп.