← Семетей 6/10

Ушул кезде Гүлчоро, Он экинин өзүнө, Чыгаар-чыкпас жашы бар. Олжо кылса болгундай, Ушу жарак бакисин, Талап алса тунгундай, Кара саат баланы, Карактап алса болгундай. Доолбас жанда кыңгырап Айбалта белде шыңгырап. Буурул менен алкылдап, Теңгедей болгон кашкасы, Маңдайында жаркылдап. Алыстан көргөн Үркөнчкө, Жетип барды жакындап. Абамдын көргөн кызы кайда деп, Ээрдин-мурдун жаланып, Гүлүстөн тууган чунагың, Эки жагын каранып, Кирип келди чоң сууга, Кез болду дайра ушуга. Кечпей койбойт Гүлчоро, Кез келген соң тушуна. Муну мындай койуңуз, Кыздардан кабар алыңыз. Отуз келин, отуз кыз, Ортосунда Айчүрөк, Кыркы келин, кыркы кыз, Кымбат баасы Айчүрөк. Кыздардан алып бөлүнүп, Селкинчек куруп көрүнүп. Терекке басып барышып, Жип арканды салышып, Селкинчек тээп калышып. Теректин башын бурушуп, Аркы-терки турушуп. Талдын башын бурушуп, Маңдай-тескей турушуп, Акийнегин айтышып, Беттешип тамам кайтышып. Ойун салып ойнобой, Айчүрөктөн башкасы. Келе жаткан баланы, Ким экенин болжобой. Суудан кантип кечет деп, Алыстан келген жаш бала. Сүйлөшпөй кантип кетет деп, Кийимдерин чоң кийип, Алты түрлүү тон кийип. Калтырбай үйгө баарысын, Кабат-кабат мол кийип. Суусар, кундуз бөрктөрү Сымбаты сонун көрктөрү. Кол артканы Бурулкан, Жандап баскан Кашымжан, Туура басып ээрчитип, Тел козудай телчитип. Карап Чүрөк калды эми, Алмамбет улуу Гүлчоро, Арстан баатыр эр Чоро, Кайра тартпас өлүмдөн, Кайраты бар шер чоро. Сууга көзүн салды эми, Үркөнч деген суу болгон, Үстү көбүк буу болгон, Уккан жанга дуу болгон, Агыны катуу коо болгон. Аркы бетин карасаң, Ысыккөлдөй жылтылдап, Берки бетин карасаң, Кош дайрадай мелтиреп. Чымылдак тартып жез найдан, Чымыроонду кең найдын, Сурнай тартып жез найдан, Суу акпаган кең сайдан, Суулар агып кошулуп, Башынан мөңгү бузулуп. Бөйрөгүнөн туура суу, Бөйдө кирип кошулуп. Чыбрын түлкү жойлобой, Чындап кирген Үркөнчкө, Чылбыр салса бойлобой, Адырын түлкү жойлобой, Абадан кирген Үркөнчкө, Аркан салса бойлобой. Талдын башы коройуп, Жайнап кеткен Аралда, Аттай болгон балыктар, Өлүгү жатат торойуп. Токойдун баары кылкылдап, Суу толуп сайга былчылдап. Карап туруп чоронун, Кара бойу калчылдап. Жик түшүп түрлүү бөлүнүп, Жайнай түшүп көйкөлүп, Жаналгычтай көрүнүп, Күңгүрөнүп күүлөнүп, Күкүк болуп сүйлөнүп, Алда нече түрлөнүп, Ар буланып күүлөнүп, Адам болуп сүйлөнүп, Тоо жаңырып күүлөнүп. Торгойдон бетер сүйлөнүп, Чөйрөсү менен тал агып, Үстү менен сал агып, Жаш балаты карагай, Башы көтүн карабай Тамыры менен суурулуп, Жарга келип урунуп. Жардын боору туурулуп, Үйдөй болгон боз чалма, Сууга түшүп журулуп. Ошону Чоро көргөндө, Заманасы курулуп, Агыны катуу шар агып, Ар жыгачтын баары агып, Арча менен тал агып, Ак көбүктөп кар агып. Бөлүнүп аккан жерлери, Бута атым жерге жар болуп, Эшилип тийген жерлери, Эшик төрчө жар болуп. Барып тийген жерлери, Үч найза бойу жар болуп, Кечерге пенде зар болуп, Муну көргөн адамдын, Кең дүйнөсү тар болуп, Кечүү таппай зар болуп, Жалган айтып койбосом, Кесердин үстү кан болуп, Башынан мөңгү бузулуп, Кар эрип суулар сызылып. Бөйрөгүнөн туура суу, Буда келип кошулуп. Карагай, кайың тал агып, Ар жыгачтын баары агып. Түбү менен сал агып, Көп жыгачтын баарысы, Түрмөгү менен чөп агып. Үзүктөй болгон кара таш, Суу түбүндө калдырап, От күйгөндөй жалындап, Эңкейип жерин карасаң, Тундуруп кулак шарылдап. Маңдай жаккы адырга, Жаба койуп шыркырап. Жаман кирип алыптыр, Жар четине ак көбүк, Жара койуп салыптыр. Бурулуп тийген жеринде, Муз туруштук бере албай, Муңдуу киши жанына, Муну көрүп тура албай. Жайылып аккан жерлерге, Жар туруштук бере албай, Жашык адам жанына, Жакындап барып тура албай. Башына зарыл иш түшсө, Жанына бенде келе албай. Акчамалап ылайлап, Аңдыган киши кудайлап. Көбүктөнүп ылайлап, Көргөн киши кудайлап. Жардын боору ойулуп, Жармадай болуп койулуп. Тегеренип оң агып, Деңизден канча чоң агып. Имерилип оң агып, Иледен канча чоң агып, Агыны катуу күркүрөп, Адамдын бойу дүркүрөп. Кабарын уккан кербендер, Калаадан чыкпай тыйылып. Каттап бенде кечкисиз, Канатуу учуп жеткисиз. Абайлап байкап караса, Алакандай арал жок, Аркыраган чоң суунун, Киргенинде карал жок. Тегерете караса, Теңгедей болгон арал жок, Теңир урган бул суунун, Акканында карал жок, Өйүз-бүйүз кыдырып, Кечүү сураар киши жок. Семетей менен Канчоро, Гүлчоро менен иши жок. Ай караңгы түн көрсүн, Аркырап аккан чоң сууну, Мындан башка ким көрсүн. Айбалта алып ыктуусуп, Абакемдин жанында. Канчородон мыктуусуп, Мында келдим тыңдуусуп, Канчородон кырдуусуп, Суудан кантип өтөм — деп, Уйалбай кантип кетем — деп. “Бардыңбы десе” абама, Не деп жооп айтам — деп, Барбай койсом билер — деп, Пайгамбар аны колдогон, Байа берген батасы, Мага кайдан тийер — деп. Кечпей койсом билер — деп, Кесиретүү абамдын, Кечээ берген батасы, Мага кайдан тийер деп. Аны ойлонуп Гүлчоро, Өйүз жагын карады. Кызды көрүп түгөнгүр, Көзү оттой жайнады. Акундун кызы Айчүрөк, Акбоз бээни сойдуруп, Кашкардан келген чайдоосту, Каршы-терши койдуруп. Отуз келин, отуз кыз, Ортосунда Айчүрөк. Ойундун башы кызыл кыз, Ордодон чыккан узун кыз. Топтун башы Толгонай, Ойундун башы Ойсалкын. Хандын кызы Калыйман, Кайкалаган сулуудан, Кылайтып белги табылбайт, Беденде мүчө муунунан. Бектин кызы Бегимжан, Мелтиреген сулуудан. Мелжебей бенде өтөбү, Менменсинген ушундан. Көгүчкөндөй көрктүүдөн, Көк сүлөөсүн бөрктүүдөн, Атилес көйнөк Алымжан, Карабайдын Касиет, Кашка тууган кара бет. Ар жоругу көп кыздан, Башка тууган кара бет. Шоруктун кызы Акылай, Шоодураган капырай. Акылбектин Акбермет, Ажыкенин кыз Шербет. Кадыкенин Кашымжан, Ар кылганы бачым жан, Бу да уста Бурулча, Бурула баскан Калыйча. Ошолордун ичинде, Аштыкчынын кир мойун, Алды каткан Бирмойун. А дагы келип калыптыр, Сугатчынын Сугалак, Суудан балык кубалап, Бул дагы келип калыптыр. Сымбаттуу тууган Тынымкан, Сүлөөсүн бөрктүү Жүзүмкан, Көрктүү сулуу Урумкан, Мурунку көп сулуудан. Бир далай кыз аз болуп, Борумун байкап карасаң, Келгени келген каз болуп. Жар башында жарданып, Кантип кечет экен деп, Жаш балага таңданып, Кайра тартат бекен деп, Карады кыздар шаңданып. Кайра тартып кете албай, Катын-кыздан арданып, Кылчайып артын карабай, Кылча жанын айабай, Кызды көргүн түгөнгүр, Кылчаңдап туруп ала албай, Кылт этип сууга кирди эми, Кайрылып артын карабай, Кара жанын айабай. Кайраттуу тууган Гүлчоро, Кабыландай эр Чоро, Калкып сууга кирди эми, Сууга кирди чуратып, Жардын башын уратып, Таш ургандай чулп этип, Кирген жерде жоголуп. Сүрдүгө түшүп оңолуп, Ооздукту буратып, Кирген жерде жок болду, Сүрдүгө түшүп токтолду. Көк болотун дат алган, Көсөм болгон сойулгур, Ак болоттон дат алган, Арам өлгүр сойулгур, Сүзүп барат ыргыштап, Суу үстүндө кыйкаштап. Кайыптан беле Тайбуурул, Суу түбүндө чөкпөгөн, Кайык беле Тайбуурул, Туура сүзүп ыргыган, Балык беле Тайбуурул, Муз келсе суудан чураган, Буудандыгын билгенде, Букардын ханы сураган. Акчасына чыдабай, Алты шаары Букардын, Алым салып жыйнаган, Акы бер деп кыйнаган.