← Семетей 7/9

Үч көрүнүп көзүнө, Сыр көрсөтүп өзүнө, Жолунда жатып калбасам, Була деп буруп алганда, Канжыгага чалганда, Колундагы шумкарын, Эбин таап албасам. Акшумкар издеп аңыртып, Азапка башын салбасам. Андан айла болбосо, Кара суунун көлчөктөн, Туура кечип өткөндө, Ак балыктай кылтылдап, Алтындай болуп жылтылдап, Үч көрүнүп көзүнө, Сыр көрүнүп өзүнө, Кылкылдап ойун салбасам. Балык деп басып алганда, Канжыгага чалганда, Колдон шумкар албасам, Боосунан мыктап кармасам, Элине бүлүк салбасам, Эр Семетей баатырды, Элиртип кетип калбасам. Андан айла болбосо, Өрдөк көлдөн өткөндө, Эр Семетей баатырың, Куш салаар маалы кеткенде, Жекендүү көлдүн жээгинде, Кошулган камыш тээгине, Шабырлуу көлдүн чатында, Аккуу болуп жатпасам, Башымды көлгө малбасам, Балырды сууруп албасам, Куукуулап оттоп калбасам, Куп мүшкүлдү салбасам, Куу деп кушун салганда, Шумкардын боосун кармасам, Кармап алып шумкарын, Алып кетип калбасам, Сала турган шумкарын, Эр Толтойго салдырып, Ала турган Чүрөктү, Чынкожого алдырып, Жер жүзүндө адамга, Аралап жүргүс кылбасам, Айчүрөк болбой өлөйүн, Аллада буйрук ушу экен, Азапты минтип көрөйүн. Туубай тууна чөгөйүн, Тумшугу жок мен бейбак, Бул көрөкчө өлөйүн. А, колдогу Кожо эшен, Кол бергеним Ак эшен, Дубана пирим нак эшен. Колдогун мени деп айтып, Алардан медет тилесе, Деп ошентип Айчүрөк, Аккуу кебин кийди эми. Ак түтүн болуп бузулуп. Асманды көздөй созулуп, Көк түтүн болуп бузулуп, Көктү көздөй сүзүлүп. Көздөн кайым болду эми, Эрке катын Чачыкей, Эсин таппай сандалып, Айчүрөккө таң калып. Алда кандай болот деп, Акыл ойлонуп саргарып, Алаканын шак койуп: “Атаны кокуй арман деп, Көчүгүн жерге лак койуп, Өзү келген долуну, Ач билектен албаган, Ашканачы кылбаган. Атаны арман күн болду, Ой караңгы түн болду. Ай, менден сөөлөт кетти деп, Кесирим башка жетти” — деп, Туруп калды Чачыкей. Үйдү көздөй басты эми, Кетпей калар бекен деп, Кесел чындап тийди деп, Кеп айтпастан жатты эми, Акундун кызы Айчүрөк, Асмандап учуп алды эми Абдан шамал салды эми, Канатын көккө каккылап, Куйругун көккө чапкылап, Көтөрүлгөн Айчүрөк, Кукулдап учуп калды эми, Куйун шамал салды эми. Шыкылдаган Айчүрөк, Шыпылдап учуп калды эми, Шыбырган шамал салды эми, Бөксөнүн башы мөндүрлөп, Жаканын башы жамгырлап, Асманда булут тундуруп, Сегиз сай мөндүр куйдуруп. Аш бышымга күн жаады, Ачылып кетти жарк этип. Караса көзгө илинбей, Каран калган Айчүрөк, Кай кеткени билинбей, Акундун кызы Айчүрөк, Көздөн кайым болгондо, Баатырдын уулу эр Семең, Бала жолборс эр немең, Чукуранып ойгонуп, Чочуп кетип толгонуп, Саламын деп шумкарды, Чабамын деп тулпарды, Кечигип калсам мен бүгүн, Талаага конуп калам деп. Каргаша жолдон табам деп, Күндүн мурду кызара, Ыргып тура калды эми. Аптабаны колго алып, Ак жыландай толгонуп, Эшикке чыгып ийилип. Карды көрдү Семетей, Капасы жок сүйүнүп. Колун сууга салды эми, Кол дааратын алды эми. Жүзүн сууга салды эми, Жүз дааратын алды эми, Бутун сууга салды эми Бут дааратын алды эми. Кайра кирип үйүнө, Жай намазын жайды эми, Экөө сүннөт, экөө парз, Кудай таала кудурет. Өткөрбөй турган кыйын карыз, Төрт ирекет багымдат, Төп-төп окуп алды эми. Төрөнүн уулу Семетей, Атын колго алды эми, Асталай басып барды эми. “Мен Семетей болголу, Акшумкар колго конгону, Мындай сонор болбоду. Көрүп туруп ошону, Салбай койсо кушуну, Семетей анда болобу? Деп көк жалың кулуңдөп, Тайбуурулдай күлүккө, Жолборстон үртүк чаптырып, Жибектен кежим тактырып, Алтын менен саптаган, Пил терисин каптаган, Чымын тийсе кыңк эткен. Камчы менен чапканда, Мылтык аткан немедей, Тоо жаңырып зыңк эткен, Алтындан кылган доолбас, Кайра байлап капшырып, Канжыгага тапшырып. Алдыңкы кашы карк алтын, Кийинки кашы чылт күмүш, Эки каптал эн темир, Эптеп кылган ак каңгы, Тайбуурулга чак каңгы. Баса токуп алды эми. Ак олпок тонун кийинип, А, кудайлап сүйүнүп, Топчулугу бир тогуз, Топчуланып алды эми. Үпчүлүгү бир тогуз, Үпчүлөнүп алды эми, Шумкарды колго кондуруп, Толгомо саптуу чоң камчы, Сол колуна алды эми. Атын чечип мамыдан, Сүйүнгөн Семең абыдан. Куймалуу таман үзөңгү, Теппей ыргып минди эми, Бастырып жөнөй берерде, Ушул үйдөн Чачыкей, Чыдай албай чыкты эми: — Бүгүн жортпой эртең жорт, Эки чоро ала жорт, Түндө жатып түш көрдүм. Түшүмдө кыйын иш көрдүм, Шаңшыбас күндө Акшумкар, Бүгүн шаңшып жатыптыр. Кебез боосун тытыптыр, Кетмекчи болуп жатыптыр. Жалгыз жортпой эртең жорт, Жан жолдошуң ала жорт. — Койо бер долу, койо бер, Түшүң түлкү богу деп, Өзүң менин богум деп, Жолума каршы болот деп, Шаңшып жатса Акшумкар, Уйалаш үнүн уккандыр, Ошо үчүн чыккандыр, Семетей мындай дегенде, Чылбырына чырмалып, Олоңуна оролуп, Шаатемир кызы Чачыкей, Бастырбай жатып алды эми. Манастын уулу Семетей, Катуу ачуусу келди эми. Каныкейдин көк торпок, Эки энеге тел торпок, Сайга жазып кердирген, Чеберлерге тердирген, Он экиден өрдүргөн, Чоң камчы колго имерип, Сооруну көздөй жиберип. Кол көтөрүп чапты эле, Калдыркан ала көйнөгү, Кат-катынан бөлүнүп, Кара каны төгүлүп, Ташка ойногон улактай, Жантайа түшүп калды эми. “Барганыңдан келбей кал, Базарың үйүң көрбөй кал, Кеткениңден келбей кал, Кербен үйүн көрбөй кал. Жедигер алсын кушуңду, Жеңилтпесин ишиңди. Эр Толтой алсын атыңды, Чынкожо алсын катынды». Деп Чачыкей карганда, Каргышын ага арнады, Карап туруп калганы, Кой каргышы бөрүгө, Катын каргышы эрине, Жетпейт деп эл айткандай, Эр Семетей баатырың, Тайбуурул менен дуу койуп, Шайбырына төндүрүп, Басыгына көндүрүп, Жүрүп кетти балкылдап, Нары жакты карай шалкылдап. Чарайнасы жаркылдап. Куш салучу жерине, Жетип барды Семетей. Акундун кызы Айчүрөк, Асмандан байкап көрдү эми. Эр Семетей баатырдын, Кара көздөн нур чалган, Чырайынан кан тамган, Кыз-келин көрсө нур жүзүн, Чын акылдан бек шанган. Дүмөктүү кыйын бала экен, Кызматы менен журт алган, Чоңдугу төөнүн нарындай, Толкуну суунун шарындай, Жер жүзүндө бендеден, Мындай неме табылбай, Ысыгы жайдын аптаптай, Суугу сырттын шамалдай. Качырганы жолборстой, Кармаганы илбирстей. Курчтугун көрсөң албарстай, Кеңдигин көрсөң Таластай. Эрдигин байкап карасаң, Атасы өткөн Манастай, Маңдайына карасаң, Кара кашка тынардай. “Жоргону минип шалкылдап Бадана кийип жаркылдап, Жүрөр күнүм бар бекен, Жаш Семетей баатырга, Тийер күнүм бар бекен. Буурул ат минип булкулдап, Сырнайза колдо жаркылдап, Манастын уулу Семетей, Барар күнү бар бекен. Бендеден буруу сулуудан, Буулум кийген Чүрөктү, Алар күнү бар бекен”. Мына ушундай ойлонуп, Асманда жүрүп Айчүрөк, Семетей көрүп бой-бойлоп. Нечен түрдүү ой ойлоп. Жаш Семетей төрөнү, Ажыдаарга чын болжоп Манастын уулу Семетей, Жанында жолдош киши жок. Бастырып жүрөт кенебей, Ал аңгыча болбоду, Гүлчоро менен Канчоро, Актелки менен Суртелки, Тулпар атты минишип, Эңкейиш тартып киришип: “Ойго тиккен чатыр жок, Ойноп жатар катын жок, Кырга тиккен чатыр жок, Кызыгып жатар катын жок. Абамдын аркасынан баралы, Эриккенди жазалы, Эрмектешип кайталы, Жалгыз жүргөн абама, Какмачы болуп берели, Кайтып үйгө келели”. Эки чоро кеңешип, Үзөңгү бутта кагышып, Ак ордонун жанына, Ал Семеңдин айлына, Жетип келди жарышып.