Ат дүбүртүн укканда, Үйдө жаткан Чачыкей, Ордодон чыкты тырышып. Ордодон өтө бергенде, Чачыкей чыгып чакырып: — Кештелүү калпак, кең шалбар, Кеңешим айтар жаш балдар, Кебимди угуп алыңар. Саймалуу калпак, кең шалбар, Санаам айтар жаш балдар, Зарымды угуп алыңар. Атыңдын башын бура тур, Арыз айтам уга тур, Тизгиндин башын иле тур, Сөз айтамын тура тур. Кайрылып карап Гүлчоро, Атынын башын бурду эми, Айалдап бир аз турду эми, Канчоросу муну айтат: — Чакырбай күндө Чачыкей, Бүгүн не себептен чакырды? Абамдын катуу ачуусу келгенби? Катуу уруп салганбы? Бек ачуусу келгенби? Бекем тилдеп салганбы? Же бир жактан кабар алганбы? Эрке жеңем Чачыкей, Чымырканып калганбы? Чачыкей келип муну айтты, Серпип кашын муңайтты: — Эр Семетей баатырың, Куш салаар маалы өткөндө Ак ордо көздөй кайтканда, Жекендүү көлдүн жээгинде, Кошулган камыш тээгинде, Шабырлуу көлдүн чатында, Укурук мойун чоң ак куу, Башын көлгө салуучу, Балырды сууруп алуучу, Кукулдап оттоп калуучу. Как ошону көргөндө, Ак шумкарын салам дээр, Кууну алдырып алам дээр, Ак шумкар кушун салбасын, Армандуу болуп калбасын, Ак була жолдон албасын, Буларга көзүн салбасын. Була деп буруп байланып, Муңдуу болуп калбасын. Кара сууда балыкты, Балык деп басып албасын, Канжыгага чалбасын, Эрке жеңең Чачыкей, Убалына калбасын? Салдырбасың шумкарын, Бастырбасың балыкты, Алдырбасың буларды. Ушу кепке жарасаң, Жаратканың Аккойон, Аны алып беремин, Аны алып бербесем, Жанга өргө тикпесем, Айтканымды кылбасам, Антип санаам тынбасам. Төбөсү ачык көк урсун, Төшү түктүү жер урсун, Ак курандын каты урсун, Аккелтенин даты урсун, Ушу кеп азыр арыз болсун, Айтканымды кылбасам, Кыйаматта карыз болсун, Аман бол уулу жол болсун, Ишиңди кудай оңдосун”. Гүлчоро менен Канчоро, Аттарга камчы басты эми, Семетейге жетсек деп, Артынан жөнөп шашты эми. Кара суунун бойуна, Жекендүү көлдүн ойуна, Семетейге жакындап, Жетип барды ушунда. Ат чабымдай алдында, Жете барды гүлчоро, Эшик эндүү ак була, Семетейдин алдында, Кара жолдун чаңында, Жаткан экен бурулуп. Жалт-жулт этип нурланып, Алты түрлүү кубулуп, Түшө калып ала албай, Өзөндө жаткан өрдөктү, Акшумкар кошун сала албай. Кайраттары чакырып, Балдарды карап бакырып: — Алмамбет уулу Гүлчоро, Чубактын уулу Канчоро, Акжолтой тууган абакең, Ак була таптым алдыдан, Аттан түшүп ала көр, Анжийандан астынан, Намагендин үстүнөн, Көтөрмөчү соодагер, Түн катып түндө өткөнбү? Көкчөнүн уулу Үмүтөй, Айылын көздөй кеткенби? Такалуу аттын изин чал, Түшпөй өткөн сарт болсо, Артынан кууп жолго сал. Кубалап жете барайын, Такыр таап алайын Үмүтөй менден бай бекен, Көөнү ачык жай бекен? Менин айдатар ирким аз бекен, Соодагер бизге кас бекен? Сары жоргом жок бекен, Үмүтөй менден ток бекен? Кечээ атам Манас өлгөндө, Атамдан калган Ак олпок Абыкеде калганда, Букара өскөн арамдар, Булайтып кийип салыптыр. Тышы кетип жыртылып. Кыргагынан кырчылып, Ичи кетип тешилип, Калган экен Ак олпок. Түшүп алгын буланы, Балбандарга бурдуруп Каныкейди башына, Каратып койуп турдуруп, Басмалатып кийели, Учмактуу жеңең Чачыкей, Уз экенин билели, Чак эткендей сөздөнгөн, Чагылгандай көздөнгөн, Шай колдогон Гүлчоро, Буланы көрүп бурулуп. Жоо качырган немедей, Гүлчоро калды кенебей, Муңайып өңү кубулуп: — Өрдөккө кушуң салбастан, Алдырып өрдөк канбастан, Жүрүптүрсүң абаке, Жайнап жаткан өрдөккө Салбай кушту турабы? Бизди кудай урабы: Ак була керек сага болсо, Ак булаңды жайайын, Алтымыш алар жорго айдап, Анжийанга кирейин. Алтымыш кулач ак була, Алып келип берейин. Жетимиш жээрде жорго айдап, Жеркен базар жетейин. Жетимиш кулач ак була, Алып келип берейин. Эр Семетей баатырың, Сары жибек танап боосунан, Шумкарды тартып алды эми Кызыл жибек боосунан, Бутунан тартып калды эми. Түрдөп кылган томого, Жулуп баштан алды эми. Торгойдой болгон шумкарын, Таманга кагып калды эми. Акшумкар асманга эргип учту эле, Алтындан кылган доолбас, Эр Семетей баатырың, Карс дедире какты эми. Шабырда жаткан көп өрдөк, Жайнап учуп качты эми. Семетей менен Канчоро, Акшумкардын артынан, Кубанып карап калды эми. Алмамбеттин Гүлчоро, Эшик эндүү ак була, Эңкейип жерден алды эми, Казылуу жаткан ороого, Чалкасынан салды эми. Тегирмендей кара таш, Тегеретип үстүнө, Бек бекитип салды эми. Семетейдин артынан, Салып жетип барды эми. Эр Семетей баатырың, Чүрөктөй өрдөк бала каз, Чүрөгү менен алдырып. Балапан өрдөк бала каз, Баркыратып алдырып, Кара сууну айланып, Алтоо өрдөк, алтоо каз, Аны алып байланып. Тайбуурулду тер кылып, Багалегин кер кылып: «Алмамбеттин Гүлчоро, Чором кара сууну көлчөктөн, Туура кечип алалы. Өзөндү бойлоп куш салып, Өрдөк казын алалы. Өрдөк жүнүн жулдуруп. Куш жаздыкка салалы». Деп, кыйкырып Семетей, Кара суунун көлчөктөн, Туура кечип өттү эми, Суу бойуна түштү эми. Алтоо сүннөт, төртөө парз, Он ирекет бешимде, Оңдоп окуп алмакка, Колун сууга салды эми, Кол дааратын алды эми. Жүзүн сууга салды эми Жүз дааратын алды эми. Даарат алып жатканда, Алдынан өттү бир балык, Канатынын үстүндө, Карала сыйа каты бар, Как төбөнүн үстүндө, Бармак басым жеринде, Алтындан сырмак меңи бар. Имерилип өттү эле, Семетей муну көрдү эле, Тиктеп туруп калды эле, — Ат жабдыгың күмүштөн, Айланайын, Гүлүстөн, Мен көргөндү көрдүңбү, Мен туйганды туйдуңбу? Алдымдан өттү ак балык, Канатынын үстүндө, Карала сыйа каты бар. Как төбөнүн үстүндө Бармак басым жеринде, Алтындан сырмак меңи бар. Мен Семетей болголу, Мындай балык көрбөдүм. Айланайын, Гүлчоро, Сууга айанбай киргиниң, Сууда жаткан балыкты, Ууртуна колуң салгының, Тилинен кармап алгының, Канжыгыга чалгының, Үйдө калган долуга, Камчы чаптым сооруга, Алып барып тартуу кылгының, — Мындай айтып турду эле Муну уккан да Гүлчоро, Турчу беле кабылан. Анжийандан алдырган, Андан келген ак өтүк, Ийи айдай бек өтүк. Сууга жанбай кирди эми, Суунун түбүн тепкилеп, Билмексен болуп турду эми. Көп айанбай кирди эми, Көлдүн башын тепкилеп, Көрмөксөн болуп турду эми. — Жан абаке кана? — деп, Карамыш болуп турду эми, “Арам гана акмак кул. Арбын көр, антын көр, Кылып турган дартын көр”. Манастын уулу Семетей, Сууда жаткан балыкты, Көк шилиден алды эми, Тышка ыргытып ийди эле, Канчоро муну карма деп, Канжыгага байла деп, Чубактын уулу Канчоро, Турчу беле эр чоро. Жалама темир миспичак, Жанынан сууруп алды эми, Кардын жарып салды эми. Сууга ыргытып жиберди: — Айланайын абаке, Кирген балык турбайбы, Жеген киши өлбөйбү! Муну укканда тим болуп, Манастын уулу эр Семең, Дарс окуган эр немең, Алтоо сүннөт, төртөө парз, Кудай таала кудурет, Өтпөй турган кыйын карыз, Он ирекет бешимде, Оңдоп окуп алды эле, Өзөндү бойлоп жүрдү эми, Жекендүү көлдүн жээгинде, Шабырлуу көлдүн четинде, Укурук мойун чоң ак куу, Куйругу менен кум сабап, Канаты менен жер сабап, Куукулдап оттоп калыптыр. Муну көрүп Гүлчоро: — Айланайын абаке, Кечке чейин сен салдың, Кечиндеси мен салам. Мага бер, — деп шумкарды, Бекем сурап турду эми. Бербеймин деп айта албай, Берендин көөнүн кайтарбай, Берип койду шумкарды. Колунан алып шумкарды, Койо берип тулпарды, Тура тартып качты эми, Актелкини камчылап, Кара жанын кашайтты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.