Эки хандын калың кол, Айрылышып калды эми. Жайнап жаткан тынч элге, Жаман бүлүк салды эми. Жаздын күнү болгондо, Жерге эгин салдырбай, Кыштын күнү болгондо, Талаадан отун алдырбай. Күздүн күнү болгондо, Куйруктуу токту жедирбей, Хан Акундун элине, Кордукту кылды мамындай. Чыдай албай Акун хан, Эки сапар беттешти Эл ортосун чектешти, Талашканы Айчүрөк, Бирин-бири кектешти. Алыстан келип жол тартып, Чынкожо алып кете албай, Ачуусу келип кырданып, Чыгарып Акун бере албай. Эки хандын калың кол, Урушуп жатты дем албай. Уруш болбойт кечке эле, Ортого түшүп кеп албай. Акун хандын баласы, Асыл тукум Ажыбай, Байдын уулу Термечик, Баш билгиси Түмөнбай, Карала аттуу Алыбек, Алардан чыгар канча кеп. Айчүрөктү чакыртып. Орто жерге алды дейт, Акун ханга кеп баштап: — Айдай болгон Чүрөктү. Берелиби деп таштап, Эр жигиттер кырылса, Эркинче бактар кыйылса, Албай койбойт окшонот, Чынкожо, Толтой бир турса. Түмөнбай кебин укканы, Түгөнүп калган Акун хан, Каңырыктап сыздады. “Карагай жаргак боосу бар, Карындашың Чүрөктүн, Арылгыс жаман доосу бар. Айбалта кылыч эгешип, Ар качан кызмат кылуучу, Ал менин менен кеңешип. Кечээ тумшуктун жолун тоскондо, Баары журттан озгондо, Коңурбай менен Жолойдун, Миң төөлүү чайын алганда, Сары колду чапканда, Санжыргалуу калчанын, Сан топосун жыйганда, Кашкардагы калдайдын, Кармап башын кескенде, Кандабай тонун чечкенде, Кароолун чаап кайтканда, Ополдун тоосун айланып, Үргөнүч көздөй басканда, Кийик атып аңуулап, Тоону басып кадуулап, Чүрөктү тапты ушунда. Ошондо келди зор Манас, Кең Үргөнүчкө ушунда, Көп дүйнөсүн айабай. Дүнүйөгө карабай, Бел куда болуп ал кеткен, Акырет кеткен чоң Манас. Аз күндөн бери сурасам, Баатыр Манас өлгөндө, Аркасында тууганы, Атадан калган мал-пулун, Камчыга ченеп бөлгөнү, Чыйырды менен Каныкей, Көбөштөн кордук көргөндө, Сарытазга бактырып, Семетейди каткан дейт. Мечиттен тапкан баланы, Эркелетип баккан дейт. Эси жок арам эки айбан, Семетей эми кандай деп, Колундагы баланы, Колкосун алып каккан дейт, Көкбөрү кылып тарткан дейт. Өлтүрдүк деп душманды, Көкүрөгүн баскан дейт. Баланы алып Сарытаздан, Каныкей байкуш бет алып, Караканга качган дейт. Темир хандын шаарына, Тентип барып баккан дейт. Жетим өсүп жетилген, Эрдиги артык кемиген, Тентек чыкты деп уктум, Манастын уулу Семетей. Темир кийген душманын, Жеңип чыкты деп уктум. Ээрди түйрүк кең курсак, Кең көкүрөк шум дагы, Желмогуз чыкты деп уктум, Калтырбай баарын мен уктум. Калган кебин дагы уктум. Жакып ханды жалмаптыр, Абыкесин аймаптыр, Көбөшүн көргө киргизип, Көкжалдыгын билгизип. Кырк чоросун кырды дейт Кырып койуп тынды дейт. Кыйыгына тийгендин, Кыйнап жанын кыйды дейт. Айтканына жетет дейт, Арактан бетер суусунга, Адамдын канын ичет дейт. Кечээ Көкөтөйдүн ашында, Каапыр менен мусулман, Чогулушкан ушунда. Каныкей кургур ошондо, Шымды тартуу кылганда, Көңүлү эрип чыдабай, Касиеттүү хан Кошой, Бата берген ушуга. Каапыр менен мусулман, Батасынан бүткөн го, Бей ажал иштен ал өлбөйт, Беттешип эч ким тең келбейт. Чүрөктү берсең Толтойго, Семетей келсе эмне дейт. Айчүрөктү тартуу кылам деп Айтканыңар кандай кеп”. Акун хан баарын жемелеп, Буркан-шаркан түштү дейт. Мындай ишти мурунтан, Билбейт эле Ажыбай, Уккан эмес Түмөнбай, Байдын уулу Термечик, Карала аттуу Калыбек, Баарысы бирдей жер карап. Жаркылдап күлдү Айчүрөк, Тиши бермет ак маңдай: “Жоопту өзүм берейин. Чынкожо менен Толтойго, Жол тартпасам өлөйүн. Аларга тартуу болгуча, Капыр менен мусулман, Кыдырып журтун көрөйүн, Асмандап учуп жөнөйүн”. Айчүрөктүн учканын, Көргөн эмес билчү эмес, Учам деген кандай сөз, Баарысы калды таңданып. Айласын өзүң тапкын деп. Айчүрөккө жалбарып. Аларга айла кылууга, Айчүрөк калды камынып, Акун хандын элинде, Элчибек деген эптүү бар, Эл чогулса жыйынга, Ортого түшчү кептүү бар. Эркелеп өскөн Айчүрөк: — Элчибек акем келсин, — деп Эргип калдым эң жаман, Кеп салып мага берсин — деп. Эки келин жиберди. Бири өзүнүн келини, Бири кызы Сүйөркан. Сүйөркан барып кеп айтып: — Атакебай, — деп айтып, Эжекем Чүрөк келсин дейт, Чакырып калды, — деп айтып, Астыңа келдим чакырып, Учат окшойт эжекем, Асманды көздөй сызылып. Сүйөркан кебин укканы, Элчибек басып чыкканы. Акун хандын шаарында, Жанаша эки дарбаза, Бири кызыл, бири ак, Жанаша турчу ошол чак. Кызылда хандын өзү бар, Калкка айтчу сөзү бар, Агында Чүрөк жатуучу, Кыркы келин кыркы кыз, Сексен киши жолдошу, Тамашага батуучу, Жалаң кыздан жалчысы. Казан аскан он келин, Айчүрөккө кызматкер, Ошолордун баарысы. Элчибек келди бүгүлүп, Көргөндө Чүрөк сүйүнүп, Алдынан тосту абанын, Өзү чыгып жүгүрүп. Ээрчитип келип абасын, Ээн үйүнө киргизип, Эркин өскөн Карабек, Жаңы кийим кийгизип, Элчибек көөнүн жайлады, Жакшы тамак бергизип. — Айланайын абаке, Толтойго барып келгиниң, Пайдаңды маа тийгизип, Чынкожого айтып кел, Алардын сырын тартып кел, Жүрө бербей ал жерде, Эртеңден калбай кайтып кел. Кудай кылсын жолуң шар, Жалган жазык дебестен. Жан алуучу Толтойго, Жалганга айтар сөзүм бар, Кызыр болсун жолдошуң, Бул сапар сөздүн баарысы, Жалган болсун өзүң бил, Жиберди Чүрөк келдим де, Эрдигин Толтой билдим де. Чынкожо эрим болсун дейт, Толтой жээним болсун дейт. Үргөнүчтө туруп нетем мен, Жетисуу жерим болсун дейт. Бербеймин дейт акун хан, Кетемин дейт Айчүрөк, Жалган кепти көп айткын, Жандатып сөздү дагы айткын, Токсон күн кылсын уруксат, Тойдун камын кылайын, Токтомун угуп сен кайткын. Элчибек деген карысы, Чүрөктүн кебин укканда, Куушурулду далысы. Элчибек мындай ойлонду, Жалган кепти кылбаган, Сөзүмдүн чыкса кыйыгы, Абийиримден тайгылып, Кетемби деп намысы, Барбаймын деп айта албай, Айчүрөк көөнүн кайтарбай. Эшикке чыкты Элчибек, Толтойду көздөй жайма-жай. Турган экен эшикте, Эстүү киши Түмөнбай: — Элчи аба кайда барасың, Энтеңдей басып калыпсың, Темтеңдей басып калыпсың, Кубулуп өңүң келипсиң, Акылыңдан таныпсың, Эми кайда барасың? Бери келчи балам деп, Сага айтайын бир кепти, Карындашың Айчүрөк, Салмак болду дүмөктү, Эр Толтойго баргын дейт, Чынкожо жообун алгын дейт. Чын айтпаган асили, Жасама айтып баргын дейт. Шашып чыккан ишим бул, Бара турган кишим бул. Басып калдым камынып, Барбай койор айла жок. Бай жумшаса тартынып. Түмөнбай: — Токто аба, деп, Дагы кебиң чала деп, Айчүрөк толук айтпаптыр, Анык сырын сага деп, Алысыраак жер болсо, Ат минбей кантип барасың? Жөө элчиге сен барсаң, Чынкожо, Толтой баатырды, Жолборсту кайдан табасың? Ашыгып калсаң кокустан, Жолдошту кайдан табасың? Шеги жок кулду жайлайлы, Белди бекем байлайлы. Шек алдырбай аларга, Күн узартып туралы. Белдүү төрө Семеңе, Айтпасак деле кабарды, Айчүрөк өзү барбайбы? Чакырып келе калбайбы. Баатырдын уулу канкоруң, Беттешсе жоосун албайбы? Жеңдирип ийсе Толтойго, Жемеси жок жанбайбы. Узарталы күн санын, Кызга болжоп айларды. Кыргыздан кыраан семетей, Өктөсүнө калбайлы. Сени менен элчи аба, Мен дагы бирге барайын, Сабыр кылгын абаке, Жаман кийим табайын. Акимдикке кийинген, Ал кийимин таштады. Дайар турган аттардан, Эки жылкы тапканы. Элчибек менен Түмөнбай, Чынкожо менен Толтойго, Элчиликке басканы. Жалгыз көөлү тегирмен, Тармалсаздын сеңирден, Элчибек кары Түмөнбай, Өтүп кетти бул жерден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.