← Семетей 9/9

Эр Семетей баатырдын, Катуу ачуусу келди эми. Качканын билди эми. Бек ачуусу келди эми, Бербесин атын билди эми. “Арам гана акмак кул, Арибин көр, антын көр, Кылып турган дартын көр, Көгүчкөндөй мойнуңду Толгоп үзүп албасам, Көрүнөө майып кылбасам, Кекиликтей мойнуңду, Кедери толгоп албасам, Кеткис майып кылбасам”. Деп, кыйкырып оолугуп, Артынан кууп калды эми, Ашкере күлүк Тайбуурул, Алты арыштап жетти эле. Азели кыйын Гүлчоро, Арстандын жайын билди эле, Кайра тартып турду эле: — Айланайын абаке, Ат чаптырып көрбөпсүң, Же куш салдырып көрбөпсүң, Кудай урсун абаке, Колума куш кондуруп көрбөпмүн, Актелкиң менен куруп кал, Оозу катуу мал экен, Ойду дөңдү билбеген, Ала качма жан экен, Омогу жок жылкы экен, Ала качты кантейин, Арыптык кылсам абаке, Акыретке кетейин. Кырды дөңдү билбеген, Кыйгачтаган жылкы экен. Кызып кетти кантейин, Кыйарлык кылсам абаке, Кыйаматка кетейин. Шумкарды ала качып нетейин, Не мураска жетейин. Анттуу сөздү кылганда, Бек ачуусу жазылды Ардыкканы басылды. Кайра тартып жөнөдү: — Жолумдан чыккан аккууга, Салбай койсом шумкарды, Кудай мында урбайбы? Айланайын абаке, Мекеден келген куу окшойт, Беш баласы бар окшойт. Убалы бизге жетпесин, Кесири уруп кетпесин, Семетей анда кеп айтып, Ачуусу келип бек айтып, Гүлүстөн тууган чорого, Күлбүй туруп жеме айтып: — Катуу ачуум келгенде, Хан Жакыпты жайладым, Кара жерди майладым, Канын ичип жалмадым. Абдан ачуум келгенде, Абыкени аймадым, Көбөштү көргө киргиздим, Экөөнү бирде жайладым. Кыйын ачуум келгенде, Кырк чорону кыйраттым, Канын төгүп алардын, Катын-кызын ыйлаттым. Канакей, убалы жеткени, Кесир уруп кеткени, Канакей, канкоруң өлүп кеткени?” Гүлчоронун колунан, Шумкарды сууруп алды эми, Узун боосун чыгарып. Кыска боосун чечти эми,. Жагоодон ылдый басты эле. Тамандан өйдө какты эле. Сыр чакчада насыбай, Кашка тишке куйду эле. Мурчуйуп тиктеп турду эми, Шумкар кууну алды эле. Сүйүнүп Семең калды эле: — Бачымыраак ажырат, Мойнун кыйып салбасын. Бөөдө өлүп калбасын. Аман-эсен ак кууну, Ажыратып алалы, Ак тайлактай өңөрүп, Чачыкейге баралы. Алып барып мамык кылалы, Жаш учурган шумкарга, Кырлап алып салалы. Гүлүстөн тууган Гүлчоро, Барбаймын деп айта албай, Семетей көөнү кайтарбай, Ак кууну көздөй ат койду. Чамгарактуу алтын боо, Жыйнай кармап алыптыр. Гүлчоро жетип канаттан, Сермеп кармай аларда, Асмандан учуп калыптыр. Кукулдаган чоң ак куу, Кукулдап учуп калды эле, Куйун шамал салды эле, Шыңкылдаган чоң ак куу, Шыпылдап учуп калды эле, Шыбыргак шамал салды эле. Бөксөнүн башы мөндүрлөп, Жаканын баары жамгырлап, Чапкын бороон болду эле. Асмандан булут тутулуп, Алты сай мөндүр куйдуруп, Атышып асман булуттар, Айабай кулак тундуруп. Аш бышымча күн жаады, Ачылып кетти чайыттай. Караса көзгө илинбейт, Каран калган чоң ак куу, Кай кеткени билинбей. Тиктесе көзгө илинбей Түгөнүп калган чоң ак куу, Туманда кетип билинбей. Эр Семетей канкоруң, Гүлчорону жемелеп, Көктү карап бөпөлөп, Көтөрүп алып шумкарды, Чоң ак куу кетти көкөлөп. Акшумкардан ажырап, Асманды карап бөпөлөп, Аккуу алып шумкарды, Асмандап кетти көкөлөп. Алмамбеттин Гүлчоро, Адырга чапты төтөлөп. Канчоро кетти кандырга, Шумкарын кууга алдырды, Кубулуп жүргөн каапырга, Гүлчоролоп чакырды, Ич күйгөндөн бакырды: — Бүгүн Чоро үч кылдың, Айагында күч кылдың, Ак була көрдүм албадың,, Алып барып орго салдың.. Балыкты көрдүң баспадың,, Баса калып албадың.. Куунун жолун тосподуң. Эртең менен Чачыкей, Бастырбай мени торгоду, Тил албайсың чоролор, Чачыкей толгоп койгонбу. Айта койгун шумкарды, Арытпагын тулпарды. Карыдан насаат көп уктум, Шарыйаттан бек уктум. Калгандардан кеп уктум, Канча сонун мен уктум. Көп эле уктум куу сөздү, Мындай сөздү укпадым. Акшумкар колдон кеткени, Ажалымдын жеткени, Тайбуурул арып өлгөнчө, Семетей карып өлгөнчө, Ак шумкар издеп көрбөсөм, Жолунда жүрүп өлбөсөм. Туубай туна чөгөйүн, Тумшугу жок курган жан, Бу көрөкчө өлөйүн. Эр Семетей баатырдын Ачуусунун келгени, Эми билди Гүлчоро. Чачыкейден кеп укпай, Аккуунун жайын бек укпай, Сурап алып куурабай, Куунун жайы кандай деп, Баш-айагын сурабай. Байкоосуз келген жаш бала, Өпкө оозуна капталды: — Айланайын абаке, Көрүп туруп айтпасам, Көр азабын тартайын, Ак куунун сырын билбесем, Жесырдаш болуп жүрбөсөм, Билбей туруп абаке, Мен кайсыны болбоп айтайын, Алты казды кактайын, Акшумкардын азабын, Бир күнү минтип тартайын. — Айланайын, Гүлчоро, Каралды кылган Канчоро, Артымда жүрсөң сан колдой, Астымда жүрсөң миң колдой. Талаага чыксам акжолтой, Ак шумкар колдон кетти деп, Арызымды кимге айтайын. Акшумкар качып кетти деп, Уйалбай кантип кайтайын. Бүгүндөн калбай кайтып бар, Эрке катын Чачыкей, Саламымды айтып бар. Кетерин билген шумкардын, Келерин айтып берсин де, Качарын билген шумкардын, Кармарын айтып берсин де. Качарын айтып берсин де, Качарын билген шумкардын. Кармарын айтып бербесе, Кетерин билген шумкардын, Келерин айтып бербесе, Жергенин сары талаада, Сары абама жетип бар, Бүгүндөн калбай келсин де. Айттырып берсин кушумду, Илгери кылсын ишимди. Айтпай койсо кушумду, Чачын кыркып алгыла, Бетинтилип салгыла, Чолок байтал кылгыла. Кементайды кийгизип, Кер байталга мингизип, Шаатемир кандын колуна, Эртеңден калбай салгыла. Сары абам турсун Таласта, Кудайыма сыйынып, Эртеңден калбай эртелеп, Шумкардын жообун эрте бер. Муну уккан Гүлчоро, Туруучу беле Канчоро. Эки чоро дуу койуп, Жетип барды Кеңколго. Эрке катын Чачыкей, Эшикке чыкты эндиреп, Эси оогондой сендиреп, Эки чоро келатат, Семетей жок жанында, Кууга кушун салды деп, Жалгыз не үчүн калды деп, Тиктеп калды мелтиреп. Арка чачын кылайтып, Тосуп чыкты муну айтып: — Жаныңда өрдөк көп жүрөт, Өрдөккө шумкар салдыңбы? Суусасаң кымыз ичип ал, Суусунуңду кандырып, Андан кийин жолго сал. — Кымызыңды ичпеймин, Ал сөзүңө кирбеймин, Абам мени жиберди, Ак шумкарды издеймин. Ак кууга кушуң салба деп, Айтпадыңбы барба деп, Ак кууга салып кушуңду, Азабын тартып калба деп. Арытпагын абамдын. Астындагы тулпарын, Айтып бергин шумкарын. Чородон угуп кабарды, Чачыкей муну айтты эми: — Талаада эркек сен болсоң, Үйдөгү зайып мен болсом, Талаада качкан шумкарды, Таап бергин дегениң, Мени тамаша кылып келгениң, Эркек кушун билүүчү, Катын ишин билүүчү, Уксаң бала кеп ушу. Каарданып Чачыкей, Кайра басып кенебей, Толгомо саптуу камчыны, Толгой кармап имерип, Кайта баскан долуну, Капталга тартып жиберип. Бүлдүргөн ала көйнөгү, Тал-талынан бөлүндү. Бети менен жыгылып, Берметтей жашы төгүлдү, Кулачтай болгон кара чач, Колуна кармап алыптыр, Карсылдатып сулууну, Гүлчоро сабап калыптыр. Торпок тойдун каным жан, Өзү ыктуу баарыдан, Гүлчородой баатырдын, Камчысын кармап алыптыр. Чындап тилек кылганда, Айтып бергин деп кыстап, Ага дагы болбоду. Айылбашы Сары хан, Бу да келди жанына: «Көргөнүң болсо айтып бер, Билгениң болсо айтып бер”. Колдон кармап коборду, Буга дагы болбоду, “Бетимди көрбөс Сарытаз, Берметтүү колдон кармайт деп, Жүзүмдү көрбөс Сарытаз, Жүрмөлүү колдон кармайт деп, Талаада качкан шумкарды, Үйдөгү катын билеби?” Мына ушуну укканда, Айылбашы Сарытаз, Абдан ачуу келди эми, А да тилдеп калды эми: — Төрт казыкты каккыла. Төрт тарапка кергиле, Койчубатып өткөрүп, Бетин тилип салгыла. Чачын кыркып алгыла Тел торпокко мингизип, Темиркандын шаарына, Тентитип айдап ийгиле! Төрт казыкты кагарда, Төрт тарапка керерде, Эжекеси Каныкей: — Көргөнүң болсо айтып бер, Билгениң болсо айтып бер. Кечээ Темир хандын шаарынан, Келдик эле башында, Кер жорго минип шалкылдап, Кездеме ичик жаркылдап, Эми кантип кетесиң, Кер байталды минип шалпылдап. Кементай кийип салпылдап, Шаатемир хандын шаарынан, Келдиң эле сен долу, Сур жорго минип шалкылдап, Суусар кийип жаркылдап, Суктантып элди шартылдап, Эми кантип кетесиң, Сур байтал минип шалпылдап. Суусар ичик эми жок, Сен коркутуп жаткындай, Семетей өңдүү эриң жок, Гүлчоро турат кайышып, Айтпай койор эбиң жок, Айтып бергин, — деп айтты. Айласы кетип Чачыкей, Айтып берди билгенин, Акундун кызы Айчүрөк, Эки катар келгенин: — Кечээ күнү кечинде, Кечки салкын бешимде, Акундун кызы Айчүрөк, Жүрөк эле залкайып, Айчүрөк мага үч келди Айтпайын десем мен бейбак, Аманат жанга күч келди, — Ачынып калган Чачыкей, Айанбай каргап айтканы: — Барганыңдан келбей кал, Базар үйүң көрбөй кал, Кеткениңден келбей кал, Кербен үйүң көрбөй кал, Эр Толтой ойсун бооруңду, Бай Коңур сойсун сооруңду. Мурадил алсын найзаңды, Кара жер көрсүн пайдаңды. Чынкожо кессин башыңды, Жедигер алсын өтүңдү, Өлгөнчө көрбөйм бетиңди — Деп ошентип Чачыкей, Акшумкар дайынын айтты мындай, «Катындан каргыш жетбейт» деп, «Кой каргышы бөрүгөжетпейт» — деп, Гүлчоро айтып чуу койуп, Семетей көздөй жөнөдү. Гүлчоро келе жатканын, Алыста жаткан Семетей, Мурун байкап алыптыр. Аңгыча Күлүс жетти эле, Күлүстөн чоро келдиңби, Акшумкар жообун алдыңбы? Ойнуңду койуп чыныңды айт, Ойнобой, бышык сырыңды айт. Шылдыңды койуп кебиңди айт, Сынап көрбөй жөнүңдү айт, Деп Семетей кеп сурайт. Анда ашыгып Чоро кеп сүйлөйт, Кеп сүйлөсө деп сүйлөйт: — Аба, сага сүйүнчү Душманга болсун күйүнчү, Айтканымды түшүнчү. Сымбаттуу сулуу сеники, Суурулган күлүк меники, Айтылуу сулуу сеники, Ашкере күлүк меники. Алыстан барып кеп уктум, Акшумкарды Айчүрөк, Алып кетти деп уктум, Чүрөктүн жайын айтайын, Көбүк кардай эти бар, Кызыл кандай бети бар, Калемдей кара кашы бар, Кундуздай сулуу чачы бар Берметтей таза тиши бар, Журттан артык иши бар. Ургаачыдан шок деген, Укмушта андай жок деген, Көп кишиден шок деген, Көргөндөр мындай жок деген. Перизаттай мелтиреп, Нур кызындай мөлтүрөп, Эки айактуу бендеден, Табылбас асыл неме дейт. Ак куу болуп кубулуп, Асмандап асыл учат дейт, Ак балык болуп жылат дейт. Алла таала буйурса, Аташканын Чүрөктү, Абакем барып алат дейт. Бүгүн барсак алабыз, Бүгүндөн калсак абаке, Чынкожого алдырып, Армандуу болуп калабыз. Аны Семең укканда, Атасы Манас канкордун, Арбагын айтып чакырып А, кудайлап жалынып, Жакасын кармап сүйүнүп, Жаратканга сыйынып, Акундун кызы Чүрөктү, Көрбөй туруп кубанып, Чоролорду ээрчитип, Хан Бакай менен Каныкей, Ал экөөнө барды дейт. Муну мындай таштайлы, Айчүрөктү Семетей, Алганынан баштайлы.