← Семетей 3/7

Күүлөнө албай Көбөшү, Көмүктө жатып калганы. Жардады баары чогулуп, Жалпы ногой балдары. Жыйылып келди калбастан, Кемпири менен чалдары. Ардактады Абыке, Арстан калган балаңды, Алардан калган кастык жок, Энеке баскын санааңды. Азапты тарткан энеке, Сарайды жакшы жасаса. Абыке менен Көбөштүн, Ажалын сенден сураймын. Абыке, Көбөш нурланды, Алда нече карганды. Албарстыдай жалбарды, Жалынса да кете албай, Жакшы кептен өтө албай, Таштап келдим аларды. Атам Жакып тил албай, Уу берди мага уйалбай, Жазалап аны таштадым, Ээрчитип алып абамды, Андан кийин жандым мен. Эскерип Семең келет деп, Эсиме албай калдым мен, Абыке, Көбөш ыйлады, Эл чогулган жыйында, Сырын айтып чогууда, Алдыга келип жыгылды. Каныкей анда кеп айтты: — Айланайын кулунум, Атадан калган чырагым, Алардын салган алдамы, Абыке менен Көбөштүн, Кылбаган иши калбады. Өлгүчө кеткис сыр болду, Өлүгү батпай атаңдын, Өз алдынча чыр болду. Алтындан кылган бешикти, Балта менен чабам деп, Балчайып кирип көр Көбөш. Ичиндеги баланы, Мээсин жара чабам деп, Ботодой боздоп ыйладым, Чымындай жанды кыйнадым, Чыркыратып баламды, Колумдан сууруп алганы, Сүйүнчүлөп как башка, Баланы алып барганы, Өлбөй туруп көтөрдүм, Өнөрү болсо жалгандын, Алардан кантип кечейин, Ал экөөнү кеч десең, Кулунум акыретке кетейин, Акыры бала катышпа, Өлтүрүп канын татыйын, Зардаптуу жүрөк басайын, Көзүн ойуп тешейин, Кечирин алып кесейин. Келберсиген бектерди, Кесири болсо көрөйүн. Өлбөй калчу бенде жок, Ошон үчүн өлөйүн, Кечкин дедиң аларды, Кантип кечип койойун. Таштабаймын балам деп, Алар алдап сени жиберди. Алар акыры табат балээни, Дагы чыкса кыйыгы, Кыйамат кылба Семетей, Анан ырайым шапкат менде жок, Айап койчу кенедей. Анда Семең кеп айтат: — Айланайын энеке, Алдымда минген бууданым, Абыке, Көбөш тууганым, Абыке антын ал бузса, Анда карап турбаймын. Көбөштүн көзүн тешкиниң, Абыке башын кескиниң. Сурабаймын какы, Көрүнөө канын ичкиниң, Туугандык кылса Абыке, Туйгунум ылгап сындаса, Тулпарын тандап кармаса, Шайтан кирип ичине, Каргаша болуп калбаса. Алып берем мен анда, Агалык тузум актаса. Тийбеймин десем болбоймун, Тийгизбей сени койбоймун. Сен тиешелүү жесирсиң, Албай кантип ал койсун, Ата ордуна карманган, Аксакал агам ал болсун. Козголтпойм Манас олутун, Олтуруп такта хан болсун. Болбой бала мойнуду, Мойнуп мойнун толгоду. Көөнүндө кебин бүт айтып. Эр Семетей токтолду. — Үй көчүрүп баралы, Армандуу ногой көп журтту. Өрүшүбүзгө салалы. Жаш Семетей чунактан, Ошол кебин укканда, Тайатасы Кара хан, Кырк элүү бээни сойдуруп, Эли журтун жыйдырып, Баштап колун көтөрүп, Бата берип Семеңе, Баргын балам жол болсун, Басташкан душман кор болсун. Башында Манас кол берген, Баабединин Ак эшен, Дубана пирим так эшен. Кааус кыйас Колдосун, Копгун Семе жол болсун, Башында атаң кол берген, Атаңа ачык жол берен. Кылганын кудай оң көргөн, Кожо Асан болсун жолдошуң. Элдин баары дүркүрөп, Бата берди күркүрөп. Атакең Манас баатырдын, Мен элем балам кайны деп, Тууган энең Каныкей, Менин кызым болуучу, Эр Манастын зайыбы деп, Тууганың жүрөт алам деп, Калсын алар кайгы жеп, Шаатемир кызы Чачыкей, Болсун балам зайыбың деп, Каймураска жетебиз, Канкордон калган туйактан, Калың салып малын жеп, Темирхан менен Шаатемир, Экөө менин иним деп, Башынан бери бар ишин, Өзүм жалгыз билем деп. Тойдун камын кылгының, Каныкей балам тургун деп. Бакай ырас келиптир, Кудай мага бериптир. Айткандан жанбайт Каракан, Кийитке аркан кериптир. Каныкей Бакай кеңешип, Өзү берген Кара олпок, Түшүп берген Бозжорго, Көтөрүп олпок тон алып, Жетелеп тулпар ат алып, Кудалашты мына булар. Караканга курчалып, Олпок менен тулпарын, Алып келип бергенге, Ага ини хандар кубанып. Кыздын баары кылаңдап. Келиндин баары чогулуп, Боз балдары жыйылып, Ак сакал кары чал келип, Абышка, кемпир ал келип. Кары жаш дебестен, Калбай тирүү жан келип, Чачыкей сулуу инсандан, Таалайына бар келип. Ашыгып калган балам деп, Алыска сапар калат деп, Жети күн тартып той курап, Молдого нике кыйдырып, Көөнүндө ишин кылдырып. Каныкей менен Бакай хан, Чоң куржунду ачтырып, Кызыл алтын тылладан, Кырк миң тылла алтынды, Караканга тапшырып, Шаатемирдин жалгыз кыз, Жасап жүргөн үйү бар, Үйдүн жайы мамындай, Байкап баарын билип ал, Чамгарагы чылк калай, Желбоосу жез чынжырдан, Жагына күмүш кармаган, Мындай үйдү баштатан, Көрүп бенде канбаган. Жибектен чийин чырмаган, Керегесин кырдаган. Уугунун боосу манаттан, Жыгачы кызыл сырдаган. Бастыргычы дейилда, Төрт эли кундуз кармаган. Төтөгөнүн этеги, Камка менен жээктеп. Керегесин көктөбөй, Сары жез менен тээктеп. Босого башы сом алтын, Боруму артык чоң сарай. Ичин жашыл сырдаган, Тышын аппак бордогон. Корунуп далай азамат, Жанына жакын барбаган. Боорлорун болжоп мурунтан, Каракан кызын камдаган. Армансыз болуп жан өтпөйт, Ушу дүйнө жалгандан. Казан айак кармайт деп, Кимдин көзүн карайт деп, Кырк кенезек кырк уулу, Кул, күңү деп арнаган, Алтымыш нарга жүк кылып, Сарамжалы шайлаган, Төр миң беш жүз жылкыны, Энчиге бөлүп айдаган. Мына минтип кара хан, Жесирдин көөнүн жайлаган. Колуна мылтык карматып, Кошундарга жардатып, Бир жүз токсон кишини, Кошуп берди Каракан. Энчи малын айдатып, Жеткирип силер келгиле, Жетимдин көөнү тынсын. Калбасын менден көңүлү? Канышым шүгүр кылсын. Жол керегин дайардап, Бүткөрүптүр Каракан, Алтымыш күндүк тамагын, Жол керегин камдаган. Кыргый сөөк кымча бел, Кырмызы көйнөк, тасма бел, Келеңкөр чачпай, кең соору, Кош каркыра олоң чач, Орто бойлу алма баш, Кырдуу мурун кыйгач каш, Келбеттүү сулуу Каныкей, Буулумдан ичик кийинип, Бир кудайга сыйынып, Алтымыш нарды жетелеп, Кең-колдун жолун төтөлөп, “Аман болгун ата” — деп, Кара жолго кирди эми. Манастын уулу эр Семең, Бала жолборс эр немең, Канкордун уулу эр Семең, Кайгырбаган эр немең, Баласын Бакай ээрчитип, Жаш козудай телчитип, Кара жолду калкылдап, Кетип барат шалкылдап, Мингени жорго алкылдап. Саагагы алтын, күмүштөн, Күнгө келсе жалтылдап. Күмүштөй болуп сакалы, Абакеңдин жаркылдап, Алдындагы Бозжорго ат, Туйагын жерге мылгытып Тумарын көккө ыргытып, Баладай жалы былкылдап, Кулжадай башы кылтылдап, Кундуздай жүнү жылтылдап, Асаба колдо калкылдап. Абаң Бакай жол баштап, Кетип барат шалкылдап. Күндүз жөнөп түн катып, Күнүгө ашуун бел ашып. Отуз беш күн болгондо, Күнү-түнү санаты, Алтымыш бешке толгондо, Таласка келди ошондо. Кең Таластын ойунда. Алакөлдүн бойунда, Арстаның Манас күмбөзгө, Ошого жетип келди эми, Бура тартып барышып, Арбакка атаң сыйынып, Ак боз бээни чалышып. Куран окуп арбакка, Бата дуба кылышып. Көчүп өттү ошондо, Накай күндүн эсеби, Отуз алты толгондо, Канкордун сайган багына, Кабылан эрдин тамына, Төрткөлдүн төмөн жагында, Төрөмдүн сайган багында, Ошого жакын барганда, Жамандык менен көз ачкан, Ажал жетип өзүнө, Көр Көбөшү күүлөнүп, Жамандык кирди эсине. Абыкеге туйдурбай, Агасына сыр кылбай, Жерди терең каздырып, Өзүнүн бойун жашырып. Унчукпай мылтык колго алып, Дарыга кошуп ок алып, Көбөш баатыр жатты эле, Тосуп жолун камданып, Тосту Көбөш уйалбай, Бастырып келет Семетей, Жоо чыгат деп ойлонбой.