← Семетей 1/7

Семетейдин ата конушуна ээ болушу, кырк чоронун кырылышы

Ал аңгыча болбоду, Таң саргарып атканда, Тараза жылдыз батканда, Ойдо кулун чуркурап, Кара каш торгой чулдурап, Жан-жаныбар кыбырап, Жанында торгой быжырап, Бак-дарактар шуулдап, Жандардын баары тыбырап, Асмандагы жылдыздар, Кыбыла көздөй зыркырап. Намаз маалы болгондо, Бакай Семей ойгонуп, Ордунан турду толгонуп. Колун сууга салышып, Кол дааратын алышып, Бутун сууга салышып, Бут дааратын алышып. Агып жаткан арыктан, Адал даарат алышып, Жайнамазын салдырып, Экөө сүннөт, экөө парз. Эгем талаа бендеден, Өтпөй турган кыйын карыз. Төрт ирекет багымдат, Төптөп окуп алды эми, Намазды окуп болгон соң, «Табарикти» жат айтып, «Жаасын» деген сүрөөнү. Таң калгыдай бат айтып, Дурутун окуп кошо айтып, Алакан жайып кол ачып, Атасы өткөн Манаска, Арбагы азыр Таласта, Арнап бата кылды эми. Бата дуба кылган соң, Бармак менен сыдыртып, Сөөмөй менен кыдыртып, Теспе тартып отуруп, Оозуна ыйман толтуруп, Алланы ойлоп жат кылып, Жайын намазын жыйды эми, Ал аңгыча камынып, Алдына келип алдырап, Аларга чайын берди эми, Куурдак менен май берип, Стакан менен чай берип, Ашыкпай туруп берендер, Аш-тамагын жай ичип, Мейман кылып аларга, Каз эритип май койгон, Кандыра кара чай койгон, Каркыттаган көөкөрдүн, Жибектен боосун чалдырган, Ысык арак кошпостон, Муздагынан алдырган. Ысыган жүрөк кубанып, Суусундарын кандырган, Кымызын кошуп ичишип, Капакка салган балды жеп, Каймакка бышкан нанды жеп. Алып келген тамактын, Бирин койбой баарын жеп. “Эми алып келбегин, Курсак тойду болду деп, Атамдан калган жабдыктар, Кайда экен келсин”, — деп, Дасторконун жыйганда, Абыке турду алдырап, Балага кылып кызматы, Тил байланып жалдырап. Анда калган Аккелте, Олпок менен Сур жебе, Айбалта менен Сырнайза, Ачалбарс кылыч, булдурсун, Алдына алып келди эми, Жаш Семетей чунакка, Жабдыкты такыр берди эми, Жарактын баарын алган соң, Жалгыздын көөнү тунган соң, Керүүдөн атты алдырып, Үстүн токум салдырып, Жылкыны барып көрөм деп, Айылдан бала бастырып. Абыкенин айлынан, Ат чабымдай ыраакта, Жаткан жылкы буларда, Бала жолборс Семейиң, Ошондо келип караса, Он эки катар тай чабым, Алардын тарткан желеси, Бул түгөнгүр мүлк экен, Атамдын калган дүйнөсү, Алты сан араң жылкы экен. Жайы-кышы Кеңколдо, Кыбырабай турчу экен, Чекесинен субайды, Жылкычы кармап минчү экен, “Семетейдин аты” — деп, Манастын көзү барында, Арнап койгон Буурултай, Аны Бакай билчү экен: “Семетей балам келгин деп, Аралап жылкы киргин деп, Арнаган атаң Буурултай, Он беш асый бул кезде, Кармап аны мингин”, — деп, Окшош жылкы кызыл сур, Буруп калган жери жок. Баары буурул кызыл сур, Тааный албай буурулду, Карыган Бакай карап тур, Баары тегиз жуушаган, Семизинен нык болуп, Жылкынын баары сулаган, Аралап жүрүп буурулду, Тааныбады булардан, Тааный албай буурулду, Таап мине албай болду таң, Дагы айтты бир сөздү. Карыган Бакай абаң чал: — Аттардын баарын айдайлы, Желеге барып кармайлы, Шек берер бекен Тайбуурул, Мына ошондо кармайлы. Аттардын баарын айдады, Он эки катар тай чабым, Желеге барып камады, — Субайдан тоодо калдыбы? — деп, Семетей сурап калганы, Семетей менен абаңа, Кошулуп бирге бастырган, Абыкеси айтканы: — Субайдын баары ушу деп, Сыртта жылкы калган жок, — Абыке айтып салганы, Укуруктап, койгулап, Аттардын баарын айдады, Он эки катар тай чабым Желеге айдап камады, Кыргыздын баары дүбүрөп, Чогулушуп барганы, Куйругун салып сыртына, Кызыл буурул бир жылкы, Кыл тийгизбей жебеге, Аттап кетип калганы. Кыл муруту былк этип, Мыйыгында күлдү эми, Тайбуурул ушул экен деп, Карыган Бакай билди эми, “Куржунду балам ачкын деп, Аккуланын боолугун, Андан издеп тапкын”, — деп. Куржунду бала ачыптыр, Томолоктоп чын түрүп, Боолукту булар катыптыр. Жибектен кылган боолугу, Катылуу бойдон жатыптыр, Кайындан кылган укурук, Боолукту байлап башына, Жаш Семетей басыптыр, Бурулуп Буурул кеткиче, Боолукту салып мойнуна, Боолук менен укурук, Сабы Семей колунда, Октоло түшүп жалт койуп, Карыган Бакай жүгүрүп, Жетип барды ушуга. Атадан калган ээр токум, Аккуланын ноктосун, Анталап баатыр көтөрүп, Абыке келди ашыгып, Тандап жылкы кармаган, Азар түмөн жылкыдан, Тааныбай булар калбаган, Сыртынан сынап байкашып, Тайбуурулду кармаган, Аккуланын ноктосун, Буурулдун катты башына, Чоң келбей, нокто чак келди, Кылган ишин оң кылган, Кудай талаа ал элди. Имерилип Буурул ат. Семетейди жыттады, Жытын алып Семеңдин, Жыттаган соң ыктады. Алдынкы кашы карк алтын, Кийинки кашы чылк күмүш Эки каптал эн темир, Эптеп кылган ак каңгы ээр, Тайбуурулга чак каңгы ээр, Жонуна чыңдап мыктады, Айат окуп Курандан, Үстүнө Семең чыкканы, Башын булгап кылт бербей, Ылоолук кылып жалт бербей, Көлбүгүп Буурул басканы, Буурулду минип зоңкойуп, Сырнайза колдо койкойуп. Бала жолборс Семетей, Ач арстандай шаңданып, Ач албастай, жанда байланып, Айбалта белге илинип, Булдурсун колго карманып, Атып жүрсө Аккелте, Аманат жандын эрмеги. Асынып жүрсө Аккелте, Айдалынын жөлөгү, Асынып алды жонуна, Олтурду Манас ордуна, Төрөдөн калган белеги, Түбүндө мунун тиет го, Бар кыргызга кереги. Аркасын карап кылчайып, Абыкеге анда айтты: — Абыке, Көбөш агам, — деп, Азапты көргөн силерден, Каныкейге барам, — деп, Ак сакал бизге нак калыс, Касиеттүү абам, — деп, Агартып салган калааны, Абдан жакшы салдыр, — деп, Эки айда кайтып келемин, Сарайың бүтсө киремин, Сарайды жакшы жасасаң, Туугандыгың билемин. Ошону айтып Семетей, Аккелтени асынып, Ашыккан жүрөк басылып, Ак олпокту кийинип, А, кудай деп сүйүнүп, Абыке менен Көбөшкө, Айтып кетер сөзү бул: — Атамдан калган жабдыктын, Алдым койбой мен бирин, Кылсаң дагы кылбасаң, Кызматыңды өзүң бил, Бакайга салган казабың, Энеме салган азабың, Айтпай койсом чыкпас, — деп, Көкүрөктүн кирин. Атам Манас өлгөндө, Эл чогулуп көмгөндө, Өткөрбөйүн күн арадан, Душмандан бетер таладың. Асылым энем Каныкей Ажалыңдан кечерби, Каныкейден сурайын, Чыйырды менен Каныкей, Кайгы тарткан убайым, Кайтарып кезек келтирди, Кагылайын кудайым. Кайтып келсем Таласка, Калың ногой көп журтун, Хан болуп өзүм сурайын, Жамандыкты ойлобой, Жакшылыкка турайын. Жакшы болсоң Абыке, Жасоолго башчы кылайын, Баккан энем Каныкей, Жаныңды сурап калайын, Жамандык көңүл ойлосоң, Жаадыга салып туурайын. Кайтып барып мен мындан, Каракандын шарына, Шаатемир кызы Чачыкей, Ошону алам мен Семең, Катын алып, мал бериш, Мурунтан калган нарк экен, Кастаганды алуучу, Атадан калган шарт экен. Чачыкейдей сулууну, Ала турган эри бар, Шыгайдын уулу Чынкожо, Баары журтка сын кожо. Чачыкей өңдүү сулууну, Чынкожодой ханыңдан, Чыңыртып тартып аламын. Чындап тийсе жиниме, Элин чаап таратам”. Жаш Семетей чунагың, Айтып сөзүн болду эми. Анда Абыке кеп айтып, Кеп айтканда муну айтып: — Астыңда кызмат кылайын, Ызаат кылып турайын, Сага жамандык ойлосом, Жаным барып тынайын, Каршылык кылса ногойдун, Кайрып мойнун кыйайын, Атаңдын кунун кубалап, Алыска сен барсаң, Алтысы кара ногойду, Айдап жолго салайын, Аман болсо Абыке, Астына баштап барайын. Ажал жетип өлгөнчө, Алдыңда бирге турайын. Кудай жалгыз, Куран чын, Убада кылган сөзүм бул, Урматтуу Семей өзүң бил.