← Семетей 4/7

Жолдошу көп немедей, Жар түбүнө жашынган, Көбөшкө жакын барганда, Дабыш алып кылк берип, Тайбуурул үркүп баспады. Таалайы бар жетимди, Алла таала сактады. Тосуп жаткан Көбөшүң, Так ошондо атканы. Октой болуп Тайбуурул, Октос берип түйүлүп, Ордун салып аттады, Үстүндөгү Семетей, Учуп кете жаздады. Арам өлгүр кантет деп, Буурулду башка чапканы, Чапкан камчы тарта элек, Кылчайып артын караса, Чачылып топо жатканы, Ок тийгендей көрүндү, Куйкум чыгып ороодон, Семетей көөнү бөлүндү, Көргөндө муну Семетей, Көр Көбөштүн иши деп, Абыке менен Көбөшкө, Абдан ичи ачынып, Кайраты толук оңбогур, Ордого келди бастырып. Абыке, Көбөш кам кылып, Сарайды жакшы салдырып, Ичине килем жайдырып, Каныкей, Бакай, Семеңди, Астын тосуп бүгүлүп. Хан баласы Каныкей: — Көрсөтпөгүн арамды, Көрбөймүн деп буларды, Көкбөрү тартты башында, Таап алган баламды. Унчукпас мылтык ок атып, Оңолбогон кесек ит, Ичиме салдың малалды. Көбөштүн көзүн ойдурду, Терисин тирүү сойдурду, Абыкени аймады, Жакып ханды жалмады, Каныкейдин ичинде, Эми арман калбады. Атадан калган кырк чоро, Астынан тосуп Семеңдин, Арбак сыйлап барбады, Семетей келип Букардан, Өч алп кектүү туугандан. Ээ болгондо Таласка, Сыйынып жатып калганда, Атасы азиз Манаска, Кырк чоросу атамдын, Арбагын сыйлап алдымдан. Өздөрү тосуп келер деп, Чоң Букардан Семетей, Чачыкейди алып барганда, Шыгайдын уулу Чынкожо, Мамындай деди кыркына: — Абыке, Көбөш аларга, Сен бирөөнө тийгин деп, Арачы киши мен болдум, Каныкейге барган иш. Көңүлүндө калган бейм, Ошол үчүн Каныкей, Чачыкейди өзүнө, Келин кылып калган бейм. Бекер турсам болобу, Бир чатакты салсам — дейм, — Деп ойлонуп бузук кул, Жан кишиге угузбай, Хан Бакайга туйгузбай, Карыйа Кыргыл баштаган, Өлгөндүн изин бастырып, Чоро кылган балдардан, Чыбыт, Кочкор эки арам, Адыбай, Көлбай төрт арам. Аларга жолдош отуз беш. Чакырып алды Чынкожо, Дасторкон салып алдына. Кырк чоронун баарына. Кеңеш салды аларга: — Кармалдың чоро балаага, Карандай доомат жалаага, Жакшылыктын баарысы, Бекерге кетти талаага. Чыбыт, Кочкор сен экөөң, Адыбай, Көлбай — бул төртөөң, Карыйабыз Кыргыл чал, Мен силерге карасам, Жүрөсүңөр кам кылбай. Кечээ Манас өлгөндө, Абыке, Көбөш ал экөө, Каныкейди алсак деп, Арага мени салганда, Тийбеймин деди Каныкей, Айтып келдим буларга. Абыке, Көбөш, Жакып хан, Дегеле жаман арданды, Сени деп оозун карманды. Арадан бир күн өткөрбөй, Манастын айылын талады. Семетей деп биле албай, Көкбөрү тартты баланы, Анда кеги бир калды, Кыргыл баштап кырк чоро, Былк этпей жатып алганың, Көбөшкө болуп көмөкчү, Көбүрөөк олжо сен алдың, Андан кала бергенде, Куу сакал Бакай карыны, Четке кагып таштадың. Бекер жүрбөй куу сакал, Күн эсептеп ай санап, Көрдүңөр эле жатканын. Букардан келсе Семетей, Жолунан тосуп тапканын, Ээрчитип алып далбактап, Элди аралап чапканын. Алып келип баланы, Абыке, Көбөш, Жакыптын, Амалын мунун тапканын. Уу берди сага Жакып деп. Бузуп сөздү айтканын, Үйрөтүп акыл балага, Жайа салып жай айтып, Абыке, Көбөш аларга, Жоо куралын кийгенин, Тайбуурул кармап мингенин, Бурулбастан Бакайың, Букарага чейин киргенин, Баарысы Бакай акылы, Семетей бокту билеби, Чачыкей алып келгенин, Каныкейге үйрөтүп, Билбемиш болуп Бакайың, Абыке, Көбөш, Жакыпты, Жалмап жутуп ийгенин. Бул отурган кырк чоро, Эчтемени билбейсиң, Баш көтөрдү куу сакал, Баарың көргө киресиң. Айылыңды Жакып таласа, Кошо келген чоролор, Аз келгенсип анысы, Койду деп сага жолобой. Жакшылык түбү кылбайт деп, Бузуп айтат ошондой. Куйткулап жүрүп Бакайың, Түбүңө жетет тим койбой, Долу катын Каныкей. Жок жерден жабат балээни, Жоготпосоң чорону, Мени жогот балам деп, Чырды салат калбаны. Өчөшкөн толуп аларга, Семетей кырып салбайбы, Баарыңдын ишиң бүткөн соң. Байпак сакал Бакайың, Эми көөнүм тынды дебейби. Семетейден өлсөңөр, Силерди бирөө тергейби, Чоң атасы Жакып хан, Абыке, Көбөш агага, Муйубаган Семетей, Муйушабы силерге, Кара мүртөз балага, Каныкей, Бакай үйрөтүп, Өлтүртүп койот жөн эле. Көптөп акыл табалы, Көрүнүп турган бул ишке. Кабылан Манас барында, Кайраттуу болдуң баарыңар, Абыке, Көбөш тушунда, Билгини колго алдыңар. Бүгүн билги Бакайда, Балакетке калдыңар. Кыргыл билет, мен билем, Кызыл көз болгон Бакайдын, Ичи заар болуучу. Туйгузбай айтып жылма кеп, Сөзү заар болуучу, Какчаңдаган Каныкей, Өзү заар болуучу, Каныкей, Бакай ал болсо, Семетей заар болуучу. Баарыбызды чогултуп, Түбүндө аман койбойт бу. Абыке, Көбөш, Жакыпка, Алдап туруп жасатып, Ичин кызыл сырдатып, Тышын аппак бордотуп, Жаңыртып алып сарайын, Кара мүртөз Семетей, Билмексен болуп калганын, Кемпирлер берди сазайын. Чыбыт, Кочкор экөөңө, Адыбай, Көлбай төртөөңөр, Ак сакал карың Кыргылды, Кырк чоро сенин баарыңды, Чакырып келдим бул жерге, Кеңеш кебим салууга.. Тойобу адам өмүргө, Кыйабы өзүн өлүмгө. Каныкей, Бакай, Чыйырды, Бизге жапчу балээни, Түйүп койду көңүлгө, Астында силер кетсеңер, Кутулар жерге кетсеңер, Мен барамын артыңдан. Башка жакка кетели, Мында туруп нетели. Короодон чыгып кулжуңдап, Койгулашсак балага, Өлтүрүп таштап Семетей, Көмдүрбөй таштайт талаага. Чогулушсак бир жерге, Кайта келип көрөбүз, Жеткирсе бизди санаага. Туруп берсек кулуйуп. Кулакты кесет мулуйтуп. Боорду жарып өт алат, Көрүнө чукуп көздү алат. Жоруга жотоң талатат, Тарпыңды жолго таштатат. Бакай менен Каныкей, Жилигиңди чактырат, Жилкиниңди катырат. Арканга байлап астырат Азабыңды тарттырат. Каныкей өзү жакыр күң, Күн бербейт бизге катыгүн, Чымырканган Чыйырды, Чырды таап жок жерден, Айттырат сырыңды. Күндө бирден чогултуп, Күрпүлдөгөн Семетей, Таап турат ыгыңды. Көп жашаган карың бар, Жаңы өспүрүм жашың бар, Калбайт тирүү жаныңар, Тилимди алсаң баарыңар, Качып жолго салыңар. Менин айтканым байкап алыңар, Семетей барса аркаңдан, Жөөт кебин салуучу, Жайкап айтып баруучу, Буулум тонун жабуучу, Буурул атын тартуучу. Бийлик сенде болсун деп, Бири-бирден айтуучу, Кошо келсең Таласка, Билмексен болуп жатуучу. Каныкей, Бакай, Чыйырды, Кар жилигиң чагуучу. Козголбой жатып тынч өлгөн, Козголуп чыксаң Таластан, Өлтүрөм десе күйүгүп, Таласка кайта келбегин”. Чынкожо кебин укканы, Эшикке баары чыкканы, Төрт-бештен болуп кужулдап, Бузуктун кебин мактады. Асили бузук арамдар, Кутулар жолун таппады. Биз ошентип калдык деп, Же бирөө барып айтпады. Балакеттер чогулуп, Шайтандын изин басканы. Катын-калач, бүлөгө, Туйдурбады бирөөнө, Качмакчы болду кырк чоро, Кечке чейин камынып, Туйгузбастан көп элге, Түнүндө жолго салганы, Бирден тулпар байлануу, Манастан бери карата, Баарысы тегиз камдалуу. Жем баштыгы манаттан, Жем үзүлбөй баары атан, Урушка минчү аттарын, Кындырдай кылып жараткан. Качыптыр күндө чоролор, Калбай бири Таластан. Эртең менен болгондо, Көрөбүз деп Семеңди, Эл жыйылып толгондо, Каныкей анда кеп айтат, Күлдүр менен Камбарды, Келтир мында деп айтат. Бейжинде калган алтын так, Калмакка жетпей теңдиги, Пайгамбар ак, дини ак, Мелтиреген тозоктон, Бойумду азат кылам деп. Качып келген ошол чак, Хан Алмамбет султандан, Калган эле бир туйак, Гүлчоро эле өз аты, Балта дөөнүн Чубагы, Баатыр эле бу дагы, Артында калган атагы.