Ушул кебин укканда, Буурулдун башын бурду эми, Абасы Бакай ээрчитип, Артынан жүрдү чунагы, Жекендүү көлдө басты эми, Шабырлуу көлдү ачты эми. Алакөлдүн ойунан, Атасынын күмбөзүн, Ак чокудан бек салган, Алты кылым өткөнчө, Турар бекен деп салган, Ал күмбөзгө келгенде, Аттан түшүп алышып, Акбоз бээни чалышып, Кардына канжар салышып, Карыптарга таратып. Куран окуп арбакка, Бата дуба кылышып. Кайтып атка минди эми, Кара жолго кирди эми, Андан ары барганда, Атасы Манас жайлаган, Сан миңдеп бээни байлаган, Алтын мамы казык бар, Буралган шибер жайык жер, Как ошого барды эми. Ошол жерди көргөндө, Карыйа Бакай кеп айтып: — Кабылан Семе деп айтып, Атаң Манас башында, Абаң Бакай кашында. Байлап жүргөн жер эле, Жазыла тартып коо учу, Жалпы ногой эл эле, Атаң Манас барында, Карыган Бакай жанында, Калк жайлаган жер эле, Кайкалап калкың конуучу, Калың ногой эл эле. Кайсы экени билинбей, Мал каптаган жер эле. Бай, жардысы билинбей, Балырлап жаткан эл эле. Беш жүздөн бээни байлатып, Эшикке киши шайлатып, Эки жүз киши аттанчу, Эки жүз киши түшүүчү. Жетиден саба кымызды, Бир түшкөн киши ичүүчү, Бир сабага ачытып, Сары бээден ылгатып, Сабасын кызыл ыштатып, Арак тартып кыйлатып, Атаң Манас ичүүчү, Алымсынбай аларга, Кысырдан тандап сойдуруп, Көөкөргө арак куйдуруп, Атарын таптап байлашып, Асынар мылтык шайлатып. Жоо-жарагын белендеп, Жүрчү булар камдашып, Атаңды душман жеңген жок, Маңдайлашып кармашып. Алтымыш бээни сойдуруп, Алыстагы Бейжинге, Барармын деп жол сурап, Барбаска ногой чыкканда, Жез сурнайын бакыртып, Жеткилең бала арстанды, Жети хан элин чакыртып, Жети кан келип болгондо, Жер кылкылдап толгондо, Казатка жүргөн жер ошол, Кайран жайлоо бел ошол. Карыган Бакай абасы, Айтып болду кепти эми, Кечикпей белге конду эми, Эртең менен болгондо, Аттарды токуп минди эми. Ат айабай жүрдү эми, Арага нечен конду эми, Атасы Манас киринчү, Алласына сыйынчу, Кайнар булак болду эми, Ал булакка жакындап, Салып кирип келди эми, Каныкей айткан булак деп, Касиеттүү абаке, Сен билесиң башынан, Жайын айтчы мага деп. Баштап Бакай кеп айтып: “Байкагын балам деп айтып, Башында булак шар эле, Ысык булак ал эле, Эр сыйынып өтүүчү, Киши кетпес жер эле. Сыйынбаган бенденин, Катындын бири келбеген. Капыр элде булакка, Тартынып адам кирбеген. Так Сулайман пайгамбар, Ошонун бардыр тушунда, Атаң Манас сыйынчу, Зыйарат кылып ушуга. Куурап калган чынары, Арстан Манас атаңдын, Бейжинге барар тушунда, Сен жетимди калкалап, Энең качып кеткенде, Келип конгон ушуга, Көрбөдүм уктум имиштен, Бүрдөп чынар чыкты деп, Бир бутагы бүрдөбөй, Куурап турат мунун деп, Аттуу адам буга барбайт, Аттан түшүп жүрү деп, Түштү булар артынан, Түйшүктү алла буларга, Арбын салган башынан. Аттардын кармап чылбырын, Мойнуна салып камчысын, Тегеренип сыйынды. Айтылуу булак тамчысын, Бешимде келди кеч болду, Шек бербей булак нес болду, Үч ача бүрдөп бөлүнгөн, Экөө бүрдөп бирөө куу, Көрүшсө чынарына ушу, Бакай башын булгады, Ага кудайлап ыйлады. Шылдырап чынар дуу берип, Шамал чыккан немедей, Жалбырагы шуулдады. Куу бутагы козголбой, Бүрдөгөнгө окшобой. Бутактары саргарды, Көргөндө булар таң калды, Тилекти кудай берер деп, Жакаларын кармады. Жашырбайт билген сырларын, Жайып Бакай салганы. — Семетей балам, кулак сал, Айткан сөзүм нак ушул, Куурады чынар башында, Кор болду атаң каапырга, Ошондон бери куураган, Козголгон ушул чагында. Көгөрө элек жакында, Бирөө өнбөй куу турат, Кор кылат сени да бир күн, Курчалган душман акырда, Экөө болсо жолдошуң, Бирөө тунук ак ниет, Бирөө кара болот го, Өнбөдү чынар шек берип, Чынында кастык кылат го, Жүргүнүң балам кетели, Мында туруп нетели”. Ат айабай жүрдү эми, Арага нече конду эле, Алыстагы шаарга, Абасы Бакай Семеңе, Айла берген насиби. Ар кайсы жерден болду эми, Алтымыш күндүк Таластан, Отуз беш күндө келди эми. Айылга келди жакындап, Айнектей түздө закымдап. Эртеден кечке Каныкей, Эрикпей күндү саначу, Кеч курундап калганда, Караңгы күүгүм болгуча, Кастарлап жолду карачу, Хан баласы Каныкей, Бакай менен Семеңдин, Келатканын көрдү эми. Эли журтун чакырып. Эшикке киши дайардап, Сумсайа басып Каныкей, Эшикке чыгып турду эми. Кабылан Бакай Семетей, Жоргонун чаңын бургутуп, Атынын башын жулкунтуп, Артынан чаңын бургутуп, Даңканын буттан чачтырып, Мингени жорго булардын, Калкылдата бастырып, Эшигине келди эми. Аттарын барып алдырып, Мамыга аса байлатып, Сары улагын таптырып, Садагасын чаптырып. Ак боз бээни алдырып, Кардына канжар салдырып, Айылдагы иттерге, Сүйрөтүп берди жардырып. Чоң куржунун ачтырып, Кыпкызыл сары алтындан, Садага кылды чачтырып. Карыптарга талатып, Кара хан элин жардатып. Бар кийимин Семеңдин, Кедейлерге карматып. Он экиде чунакты, Эли келип жардашып. Кандай жылкы сонун деп. Тайбуурулду карашып. Ак сарайга киргизип, Дасторконун жайдырып, Кант, мейизди койдуруп, Чайды берди буларга, Каныкей туруп кеп айтып: — Бакай сындуу баба элең, Пайгамбардай аба элең. Аман эсен келдиңби? Сак-саламат жүрдүңбү? Саргарды Каныш билдиңби? Эсен-аман жүрдүңбү? Эриккенде келдиңби? Эл-журтту сагынып, Эрикти каныш билдиңби? Элиңде аман барсыңбы? Эл башкарган хансыңбы? Же башкарганга элиңди, Карчылык тартып калдыңбы? Ит агытып куш салып, Эркинче ойноп Семетей, Токойдон келип аш ичпей, Үч күнү жатты короодо, Кокустан киши жиберип, Сен кордукту мага салдыңбы? Атайлап балаң барганда, Сен коркутуп кегиң алдыңбы? Айлыңдан киши жиберип, Астыртан кабар алдыңбы? Абакелеп барганда, Алардан кегиң алдыңбы? Же айарлык кылып алдаса, Ак көңүл болуп аксакал, Алдатып ийип калдыңбы? Арстандан калган белегим, Артыкча тийди керегиң, Канкордон калган белегим, Ар качан тийди керегиң. Кагылайын Семейим, Кайран жерди көрөйүн, Атаң Манас өлгөндө, Абаңдын көрдүм пайдасын, Артыңда жаман туугандын, Азабын тарттым дүйнө шум, Атаңды Жакып көрдүңбү? Алдап койсо келдиңби? Абыке, Көбөш көрдүңбү? Күлүп койсо келдиңби, Атаңдан калган жабдыкты, Эрдик менен алдыңбы? Азып жүрүп келдим деп, Аркаңдагы энеңди, Жаман атты кылдыңбы? Жоого керек жаракты, Тоодой кылып талапты. Токмоктотуп энеңди, Тартып алган агаңды, Кандай кылып сен алдың. Эмне кылдың аларды, Аман-эсен саламат, Асырап алып келдиңби? Ак сакал Бакай абаңды, Канкордун көрүп жарагын, Эми бастым санаамды” Анда Семең кеп айтат, Кеп айтканда муну айтат: — Жакып ханды жайладым, Жашымда жерди майладым, Аракка кошуп уу куйган, Сакалы ылдый куйултуп, Мен как баш чалды кардадым. Абыке, менен Көбөштү, Өлтүргөнү алдадым, Атамдан калган жабдыктын, Бирин койбой мен алдым, Ушак малын көрбөдүм, Бодолорун аралап, Жылкыларын айдадым. Он эки катар тай чабым, Ошондо тарткан желеси, Бузулбай азыр бар экен. Атамдан калган керээзи, Аралап жүрүп жылкыдан, Буурулдан бөлүп тандадым, Ушул эмей кайсы деп, Буурул атты кармадым. Атакемдин күмбөзгө, Андан кийин мен бардым, Сарайды жакшы салсын деп, Жашыл сырдан гүл тартып, Жайы менен болсун деп, Жаңырып чыксын үн тартып, Эки айда көчүп келем деп, Ошогочо бүтпөсө Башыңды кесип салам деп, Кызматка салып мен келдим, Абыке жаман карганды, Садага болуп айланды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.